Медербек Алиев: ЖК кабыл алган мыйзамдардын эң маанилүүсү – армияны бекемдөө 
15 декабрь

Медербек Алиев: ЖК кабыл алган мыйзамдардын эң маанилүүсү – армияны бекемдөө 

Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев жакында Россиянын Мамдумасынын депутаттарына кайрылуу жасап, аларга ЕАЭБдин негизги принциптерин эскерткен. Орус жергесинде мигранттарга карата талапты күчөткөн мыйзамдын кабыл алынышы жатканы кыргыз эл өкүлүнүн тынчсыздануусун жараткан. Бул боюнча  эл өкүлү “Караван-Инфого” айтып берди. 

– Россияда мигранттарга карата алардын жашоосун кыйындата турган мыйзам кабыл алынганын билдирдиңиз, бул боюнча Мамдумага да кайрылуу жасадыңыз. Бул канчалык негиздүү? 

– Россия Федерациясында ар кайсы өлкөлөрдөн барган өтө көп сандагы мигранттар убактылуу иштеп, жашашат. Ал жагынан караганда, мындай мыйзамдын кабыл алыныгы кайсы бир деңгээлде мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ар бир мамлекет улуттук коопсуздугун коргошу керек. Ошондуктан алар кабыл алган мыйзамга биздин комментарий беришибиз моралдык жактан туура эмес болуп калат. Ар бир мамлекет өз аймагында иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандарды мыйзам чегинде тартипке чакырат. Учурда Россияда Армения, Азербейжан, Индия, Пакистан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан ж.б. өлкөлөрдөн барган мигранттардын саны басымдуулук кылат. Башка өлкөлөрдөн айырмаланып Белорусия, Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Россия ЕАЭБде мүчө-мамлекеттердин катарына киргендиктен, анда бири бирибиздин жарандарыбызга, товарлардын, тейлөөлөрдүн өтүшүнө жакшы шарттарды түзүү боюнча нормалар бардыгын белгилей кетишибиз керек. Менин кайрылуумдун максаты да ушул болгон – бул нормаларды Мамдумадагы кесиптештер сөзсүз түрдө эске алат деп ойлойм. 

– Депутаттык ишмердүүлүгүңүздө бир катар мыйзам долбоорлорун демилгеледиңиз, ар кандай сунуштарды көтөрүп жатасыз. Арасынан эң орчундуусу, эң олуттуусу деп кайсыны белгилей аласыз? 

– Акыркы эки жылда эле Жогорку Кеңеште абдан көп мыйзамдар кабыл алынып жатат. Парламенттин вазийпасы ушул – адам укугун, эркиндигин, мамлекеттин коопсуздугун, жарандардын жашоо-шартын жакшыртууну, аларга ыңгайлуулук түзүүнү ишмердүүлүгүнүн негизи кылып алат. 

Өлкөнүн куралдуу күчтөрүн бекемдөөгө багытталган укуктук ченемдик актылардын Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы – мыйзам долбоорлордун арасындагы эң маанилүүсү деп ойлойм. Өзүңүздөр билесиздер, 1990-жылдарда мамлекеттин жетекчилигинде академик Аскар Акаев турду. Ал Кыргызстанды “тынчтыкты сүйгөн мамлекет” катары жарыялап, Кыргызстан эч убакта согуштарга катышпайт, демек, куралдуу күчтөрдүн кереги жок деп чечти. Бирок римдик тарыхчы Корнелий Непот айткандай, “тынчтыкты кааласаң, согушка даярдан”. Тынчтыкта жашагың келсе, аскериң күчтүү болушу керек. Өткөн окуялар бул учкул сөздүн туура экенин, өлкөгө күчтүү армия керектигин көрсөттү. Албетте, биз экспанциялык, агрессиялык максаттарды көздөбөйбүз, бирок армиябызды күчтөндүрүү эч убакта ашыкча болбойт.