МИК өкүлү: жумушу бар, бирок кирешеси расмий көрсөтүлбөгөн жаранга ипотека берилеби?
Кыргызстанда ипотекалык саясат жылдан жылга кулачын келип, жалпы өлкө боюнча ипотекалык турак жайлар курулууда. Бишкектен тышкары аймактарда да мындай турак жайлардын ачкычтары тапшырыла баштады. Мисалы, Жалал-Абад шаарында май айында ипотекалык батирлер ээлерин тапса, жакында Каракол шаарында 400дөн ашуун үй-бүлө үйлүү болду. Мамлекеттик ипотекалык компаниясы ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүп баштаганына 2 жылдан ашуун убакыт болсо да, ипотекалык шарттарды терең түшүнө элек жарандар арбын. Ошондуктан, берүү шарттары, багыттары тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) Чүй облустук регионалдык өкүлчүлүгүнүн башчысы Мырзагүл Сардарбекова маалымат берди.
– МИКтин башкы максаты – президентибиз Садыр Жапаровдун демилгеси менен, “Менин үйүм” жарлыгынын негизинде, турак жайга муктаж болгон жарандарды камсыздоо. Учурда бир гана Бишкекте эмес, өлкөнүн бардык аймактарында курулуш иштери активдүү жүрүп жатат.
– “Арзан ипотекада” 2 жылдан бери кезекте туруп, бирок кезеги жылбай жатканын айткандар болууда. Ошол эле маалда турак жайлар тынымсыз курулууда. Кезектин кеч жылышынын себебин кандай түшүндүрүүгө болот? Үлүштүк негизде алгандар көп болгону үчүнбү?
– МИКтин Директорлор кеңешинин чечими менен жалпы курулуп жаткан объектилердин 50 пайызы үлүштүк негизде, калганы кезек боюнча берилет. Анын ичинде кезекте турган жарандардын категориясына жараша да пайыздык үлүштөрү каралат. Мисалы, бюджеттик мекемелерде иштеген, турак жайга муктаж болгон жарандар өтө көп. Бишкекте эле бюджеттик тармак боюнча 16 миң жаран кезекте турат. Үлүшүнө карап келгенде, биринчи кезекте бюджеттик негиздеги жарандарга – “Жеңилдетилген ипотекага” - берилет. “Арзан ипотека” – жеке сектордо иштеген жарандар үчүн. Андан кийинки багыт – “Социалдык ипотека” – ал 2023-жылы кирген жаңы багыт болуп эсептелинет жана мындагы кезек эң акырында жылат. Анткени, көптөгөн жарандар “биз көп жылдан бери кезекте турсак, анан булар жаңы туруп алып, биз менен чогуу алабы” дегендей нааразычылыктарын билдиришкен. Башында “Социалдык ипотека” берилбейт, кандай кезекке турушса, ошондой алышат деген чечим болгон, бирок бул багытта көбүнчөсү майыптуулугу бар жарандар, алардын расмий түрдөгү камкорчулары, жалгыз бой энелер, көп балалуу энелер тургандыктан жана алар дагы турак жайга абдан муктаж болгондуктан, алардын шартына карап, кайрадан берүү чечими кабыл алынган. Ошондо, биринчи кезекте “Жеңилдетилген ипотека”, андан соң “Арзан ипотеканын”, кийин гана “Социалдык ипотеканын” кезеги жылат.
– Деги эле тизме кандай жаңыланат? Батирлер берилгенден кийин канча убакыттан кийин?
– 2024-жылдын башынан тартып удаа-удаа турак жайлар берилүүдө. Жакында дагы Жалал-Абад жана Сузак районунда миңге жакын батир тапшырылат. Батирлер берилгенден кийин ар бирин тиешелүү адистер, бөлүмдөр карап чыгып, канча киши батир алганы белгиленет. Бул биз ойлогондой бат эле боло калчу оңой иш эмес. Бул автоматташтырылган система, баары тегизделгенден кийин өзү жаңыланат. Негизинен, 2-3 айдын ичинде.
– Жарандар кезегин билип турушу үчүн эмне кылуулары керек?
– Кезекке турган ар бир жарандын жеке кабинетинин макамында жеке номер жазылган. Ошол номерди биздин расмий сайтыбыздан карашы керек. Биринчи кайсы багыт боюнча толтурулган, андан соң кайсы аймакта кезекке турган – ушулар боюнча кирип, жеке номери аркылуу өзүнүн кезегин таба алат. Мурда канчанчы кезекте эле, азыр канчанчы кезекте болуп калганын да билүүгө болот.
– Ипотекага кезекке туруунун алдында батирлердин баалары менен таанышууга болобу?
– Батирлер үлүштүк пайыз жана кезек боюнча эки башка баада берилет. Кезекке тургандар арзаныраак алышат. Баалар тууралуу маалымат алууну каалагандар www. gik.kg сайтына кирип, курулуш объектилери деген бөлүмчөдөн кайсы объектилерде батирлер бардыгын, баасы канча экенин, кайсы объектиде ремонтсуз, ал эми кайсынысында ремонту менен берилээрин билип алышса болот.
– Эмнеге “Арзан ипотека” жеке сектор болуп калды деген да суроолор бар.
– Өзүңүздөр билгендей, МИК эки механизм менен иш алып барат: биринчи, жалаң расмий иштеген жарандар үчүн. Аларга кийин сатып алуу шарты менен ижарага берилет. Мында үч багыт бар: “Жеңилдетилген”, “Арзан” жана “Социалдык”.
“Жеңилдетилген” – бюджеттик мекемелерде иштеген, мисалы, мугалим, дарыгер, милиция кызматкерлери ж.б. 4 пайыз менен баштапкы төлөмү жок 25 жылга берилет.
“Арзан ипотека” – жеке сектордо иштеген жарандар үчүн, мейли, алар патент же ИП менен иштесин, 8 пайыз менен баштапкы төлөмү жок 25 жылга. Булар кандай иш менен алектенсе дагы, ошону расмий түрдө далилдеген документтери болушу зарыл.
– Коомчулукта МИК бизнеске айланып кеткенин, үлүшчүлөргө көбүрөөк берилип жатканын айткан сын-пикирлер көп болууда.
– Ооба, аны биз да окуп жатабыз. Айта кетчү нерсе, эл ойлойт окшойт, 50 пайызын азыр берсең эле, азыр батир аласың деп. Үлүшчү болууну каалагандар дагы текшерилет, өзүндө, жубайында, балдарында катталган мүлк жокпу, акыркы 3 жылда сатып алуу-сатуу боюнча юридикалык келишим түзгөн эмеспи. Биздин талаптарга туура келсе гана 50 пайызын төлөйт, кайсы объектиден алууну тандайт. Анан ошол объект качан бүтөт – бир же эки жылдан кийинби – күтөт. Болгону биз 50 пайыз төлөнгөндөн кийин ал батир брондолгон болот дагы, сатыктан алып коебуз.
Негизи, мигрант болобу же расмий кирешесин далилдей албаган жаран болобу – ал Кыргызстандын жараны. Алардын да турак жайга болгон муктаждыгы чечилиши керек.
