Галина Реутова: Массаж жана машыгуу – толтура көйгөйдөн арылтып, жашоомду өзгөрттү
Аялзатынын көйгөйү жана умтулуусу окшош. Биз маектешкен массажист жана ЛФК машыктыруучусу Галина Реутова бул кесипке өзүндөгү көйгөйлөрдөн улам келген. Ден соолугун массаж жана көнүгүүлөр менен оңдогондон кийин, өзүндөй болуп жабыркап жүргөн башка адамдарга кол сунган. Ал массаждын пайдасы, аял үчүн билимдин мааниси тууралуу айтып берди.
– Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз – массажист кесибине кантип келип калдыңыз эле?
– 39 жаштамын, эки сүйкүмдүү кыздын энесимин.
Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун дене тарбия мугалими жана массажист кесиби боюнча аяктагам жана Ж.Баласагын атындагы КУУда педагог катары кайра даярдоодон өткөм.
Мен өз билимимди өркүндөтүү максатында, ден соолукту чыңдоочу дене тарбия багыты боюнча көптөгөн курстарга, семинарларга катышып жүрөм.
– Эмнеге массажист? Бул тармак сизди өзүнө эмнеси менен тартты?
– Менде бир убактарда анатомиялык жана физиологиялык мүнөздө көп көйгөйлөр бар болчу: жалпак таман, сколиоз жана өнөкөт цистит.
Ушул жерден бир нерсени белгилеп кетким келет, кыз баланы, дегеле баланы кичине чагынан ар бир ата-эне жакшы карашы керек. Эгерде физиологиялык түзүлүшүндө кемчиликтер болсо, убагында адиске көрсөтүп, ошону оңдотуп койбосо, бул келечекте балага көп түйшүк алып келет. Денесиндеги кемчиликтер балага эс тарта баштаганда комплекс да жаратат.
Жогоруда айткан мендеги көйгөйлөр жашоомду аябай кыйындаткан. Мен жашаган жокмун, эптеп күн өткөрдүм. Жаш кезимде өзүмдү улуу курактагы аялдай сезгенимди да жашырбайм, анткени ден соолугуң жакшы болбосо, паспорттогу цифранын мааниси жок. Анан өзүмө өзүм гана жардам бере алаарымды түшүндүм, машыктыруучулук жана массажист жаатында билим алдым. Илимдин жардамы менен машыктыруу жана массаж боюнча автордук программамды иштеп чыктым. Бул биринчи кезекте өзүмдүн жашоомду өзгөрттү. Андан соң башкаларга да ырахаттануу менен жардам бере баштадым.
Экинчиден, абдан активдүү адаммын, ошондуктан отуруп алып тынч иштей берчү кесиптер мага ылайык келмек эмес.
– Ошондо бул тармакта иштегениңизге канча жыл болду?
– 15 жылдан ашуун убакыттан бери ЛФК боюнча машыктыруучу болуп иштеп келатам, а массаж жасап жатканыма 6 жыл толду.
– Сизге көбүнчө кандай көйгөйлөр менен кайрылышат?
– Мен дарылоо массажын колдоном. Көбүнчө мага таяныч-кыймыл аппаратынын көйгөйлөрү боюнча кайрылышат - грыжа, сколиоз, жамбаштын кыйшаюусу, остеохондроз, жалпак таман, мигрень жана уйкусуздук.
– Бул көйгөйлөрдөн массаждын жардамы менен арылууга мүмкүнбү же башка да комплекстүү дарылоо керекпи?
- Дарылоо массажы жана көнүгүүлөр аркылуу физикалык ден соолукту реалдуу оңдоого болот. Аны менен катар нерв системасынын ишин жакшырта да алабыз. Эгерде көнүгүүлөр жана массаж аркылуу ден соолукту оңдоого мүмкүнчүлүк болсо, дары-дармекке эрте күндө чуркоонун кереги жок деп айтат элем. Албетте, дары-дармексиз айыгууга мүмкүн болбогон чек болот. Ага жеткирбей, организмге зыяны тийбегендей ыкмаларды колдонуу туура деп ойлойм.
– Биринчи кардарыңыз эсиңиздеби?
- Ал кичинекей кыз болчу, азыр чоңойуп калды, бирок ушул убакка чейин мага машыгууга жана массажга келип турат.
– Ар кандай көйгөйлөрдүн алдын алуу жана натыйжага жетиш үчүн массажды канча убакта бир алып туруу керек?
– Мен адамдарга жылына жок дегенде бир жолу массаж алууну сунуштайм, кээде эки жолу, ал эми таяныч-кыймыл аппаратынын абалы начарлап кеткен болсо, анда көбүрөөк жолу.
– Компьютерде дайыма отурган адамдарга кандай кеңеш берет элеңиз?
– Биринчи кезекте, денени туура кармап отурганды билүү керек. Анан бир абалда көп убакыт тура бербей, маал-маалы менен ордунан туруп, дарылоо көнүгүүлөрүн жасап турса, денеде чыңалуу топтолбойт.
– Адамдар менен иштешүүдө кандай кыйынчылыктарга кез келесиз? Мүнөзү татаал кардарлар да болсо керек, алар менен кантип иштешесиз?
– Кесибимди өтө сүйгөндүктөн, адамдар менен иштешүү мага эч кандай кыйынчылык жаратпайт. Ар бир адам физиологиялык да, ички дүйнөсү жагынан да өзгөчө. Так ошол өзгөчөлүк мага көп нерсени үйрөтөт. Ар бир адамга жеке мамиле жасай алам жана алардын ар бири, ал турмак мүнөзү эң татаалы дагы мага өтө чоң ырахат тартуулайт.
– Туруктуу кардарларыңыз барбы?
– Албетте, көп жылдан бери мага машыгууга жана массажка келип турган кардарларым бар.
– Массаж жасоо көп күчтү талап кылат эмеспи, жумуш күнүнөн кийин кантип күчүңүздү калыбына келтиресиз?
– 8 сааттан кем эмес уктайм. Уйку – күчтү, энергияны калыбына келтирүүнүн эң сонун ыкмасы.
– Массаж бир гана адамдын денесине эмес, эмоционалдык абалына да таасир берет десек болобу?
– Албетте, адам үзгүлтүксүз ЛФКга катышып, массаждын курсун алып турса, ал физикалык жактан гана эмес, психологиялык жактан да өзгөрөт. Анткени булар саламаттыкты жакшыртат, денедеги кайсы бир кемчиликти түздөйт, өзүндөгү көйгөйдүн азайып баратканын байкаган адам сөзсүз түрдө өзүн бактылуу сезет.
– Жумушта жеке философия дейбизби же ураанбы, барбы?
– Менин жумуштагы урааным – эгер сен тренировкага келсең, анда күнүң куру бекер өткөн жок, анткени машыгуу – бул бир гана физикалык форманы жакшыртуу эмес, ал узак жана активдүү жашоонун дагы ачкычы.
– Массажист кесибине жаңы келип жаткандарга кандай кеңеш бере аласыз?
– Жалкоолукту таштап, өзүңдү кесиптик жактан өнүктүрүү үчүн изденүүнү токтотпоо керек. Максатка майда кадамдар жеткирээрин унутпа.
– Сиз сөз арасында жогорку окуу жайда турмушка чыгып, балалуу болгонуңуздан кийин окуганыңызды айтып калдыңыз. Билим алуу аял үчүн кайсы убакта кеч болушу мүмкүн?
– Ооба, аял кишилерди убагында билим алып калбаса, кийин бутунан тушап турган көп нерселер жаралат, анткени ал бала тарбиялайт, күйөөсүнө камкордук көрөт, үй тиричилигин жөндөйт. Бирок мен билим алуу эч убакта кеч эмес деп айтат элем. Эгерде каалооң абдан күчтүү болсо, бир убакта баланы чоңойтууга да, үйүңдү кароого да, билим алып, адис катары калыптанууга да мүмкүнчүлүк табасың. Анан албетте, ошол аялдын максатын, умтулуусун колдогон жакындарынын жардамы сөзсүз керек. Мен күйөөдөн жолдуу болдум. Эркек жубайын колдоп, коштоп турса эле, аял тоону да томкоро алат. Бул жагынан жолдошума ыраазымын.
Галина Реутовага кайрылууну каалагандарга: 0 702 602 101
