
Аликбек Жекшенкулов: Климаттын өзгөрүшү бир гана Кыргызстандын эмес, дүйнө өлкөлөрүнүн баш оорусуна айланды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өтүп жаткан Келечек саммитине катышты.
Анда өлкө башчы климаттын өзгөрүшүндөгү тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнө көңүл буруп, дүйнө коомчулугун чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды.
Өлкө башчысы көтөргөн маселе боюнча пикирин дипломат, саясат таануу илимдеринин доктору, экономика илимдеринин кандидаты Аликбек Жекшенкулов Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.
- Президент тоолуу мамлекеттерге байланышкан абдан маанилүү маселени көтөрдү. Эми КР ТИМ аны ишке ашыруу үчүн көп кадамдарды жасашы керек. Элчиликтер, өкүлчүлүктөр тийиштүү чараларды көрүүгө тийиш. Бул бир гана Кыргызстанга тиешелүү маселе эмес, тоо, экология, суу, мөңгүлөрдүн абалы климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу дүйнөдөгү бардык тоолуу өлкөлөрдүн баш оорусуна айланды. Менин билишимче, 50 чакты тоолуу өлкө бар. Деги эле бүт дүйнө кыйынчылыкка дуушар болууда. Анткени климаттын өзгөрүшүнөн улам муздар ээрип, жылуу жерлерде суук, суук жерлерде ысык аба ырайы орун алып жатат. Мына, жакында эле Түштүк Африкада кар жаап, эли да, табияты да кыйналды. Ошондуктан климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча жасалчу иштер көп.
Кыргызстан эгемендүүлүгүн колго алгандан кийин дүйнө коомчулугуна 3-4 жолу революциясы менен таанылды. Эми эгемендүүлүгүн сактаган, өз жолун чапкан мамлекет катары ордун табууда. БУУ мамлекеттердин жетекчилери алмашкан сайын карап турушат, ал эли, мамлекети үчүн күйүп жатабы же өз кызыкчылыгына иштөөдөбү деп. Бүгүнкү күндө биздин өлкө жетекчилигине элдин маанайы жакшы, үмүт бар. Ошол себептен биз тараптан көтөрүлгөн маселе көңүл сыртында калып кетпейт деп ишенем. Учурда элибиз дагы өзү аракет кылып, иштермандык, билим жагынан алдыга кетүүгө аракет жасоодо. Айрыкча, жаңы муун. Бул жагын да карап көрүп, Кыргыз мамлекети жакшы жолго түштү, прогресске, демократияга умтулууда деп баалап, жардам берүүнү колго алышаарына ишеним чоң.