Иличбек Кулназаров, МКУ коммуникация жана контент боюнча башкы адиси: «Камсыздандыруу – социалдык коргоонун ишенимдүү калканы»
19 апрель

Иличбек Кулназаров, МКУ коммуникация жана контент боюнча башкы адиси: «Камсыздандыруу – социалдык коргоонун ишенимдүү калканы»

Камсыздандыруу адамды жана анын мүлкүн күтүлбөгөн кырсыктардан коргой турган маанилүү система. Ал жоготууларды азайтып, финансылык туруктуулукту камсыздайт. Ошондуктан камсыздандыруу ар бир жарандын келечеги үчүн маанилүү инструмент болуп эсептелет.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму калкты толук камтууга жетишүү үчүн кандай пландарды ишке ашырууда?

– Бүгүнкү күндө уюм калкты кеңири камтуу багытында системалуу иштерди жүргүзүп жатат. Өзгөчө маалыматтык-түшүндүрүү иштерине басым жасалууда. Аймактарда жеринде жолугушуулар уюштурулуп, жарандар менен түз баарлашуу жолго коюлган.

Анткени камсыздандыруу маданияты мыйзам менен гана эмес, жарандардын аң-сезиминде калыптанганда гана натыйжалуу болот. Биздин негизги максат — камсыздандыруу социалдык жактан ишенимдүү коргоо механизми экенин элге жеткирүү. Бул жөн гана сөз эмес, иш жүзүндө далилденип жаткан мамлекеттик колдоо экенин түшүндүрүү.

– Камсыздандыруу маданиятын жайылтуу үчүн жүргүзүлүп жаткан иштер жетиштүүбү?

– Түшүндүрүү иштери – бул башаты гана. Эң негизгиси, камсыздандыруу ар бир жарандын турмуштук маданиятына айланышы керек. Өнүккөн өлкөлөр бул системаны ондогон, ал тургай жүздөгөн жылдар мурда калыптандырып алышкан.

Мисал катары 2025-жылдын башында АКШнын Лос-Анжелес шаарында болгон ири өрт кырсыгын айтсак болот. Өрттүн кесепетинен 16 миңден ашуун имарат жабыркап, экономикалык чыгым 50–53 миллиард АКШ долларына жеткени маалымдалган. Бирок мамлекеттик жана жеке камсыздандыруу компаниялары жарандардын чыгымдарын компенсациялап беришти. Бул – камсыздандыруу маданияты жогорку деңгээлде калыптангандыгынын айкын мисалы.

Ал жакта турак жай, мүлк, ден соолук — дээрлик бардык нерсе камсыздандырылат. Натыйжада жаран кырсык болгон учурда жалгыз калбайт. Биз дагы ушундай деңгээлге жетишибиз керек.

– Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн кандай жеңилдиктер каралган?

– Камсыздандыруу механизмдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Төлөмдөр жарандардын мүмкүнчүлүгүнө жараша аныкталган.

Мисалы, айыл жеринде турак жайды бир жылга 600 сомго, ал эми шаарларда 1200 сомго камсыздандырууга болот. Табигый кырсыктар — сел, шамал, жер көчкү же өрт сыяктуу учурларда мамлекет 500 миңден 1 миллион сомго чейин компенсация төлөп берет. Бул — социалдык жактан олуттуу мамлекеттик кепилдик.

– Тобокелдиги жогору аймактарда камсыздандыруу милдеттүү болушу керекпи?

– Мындай аймактар боюнча тиешелүү корутундуларды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берет. Эгер аймак өзгөчө кооптуу деп табылса, анда ал жерде камсыздандыруу жүргүзүлбөйт. Анткени биринчи кезекте жарандардын коопсуздугу маанилүү.

– Табигый кырсыктар көбөйгөн шартта мамлекеттик камсыздандыруу системасы туруктуубу?

– Албетте, туруктуу. Акыркы жылдары мамлекет тарабынан бул тармакка өзгөчө көңүл бурулуп, жарандарга реалдуу материалдык колдоо көрсөтүү механизмдери бекемделди.

Мисалы, 2016–2025-жылдар аралыгында турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча 1 236 төлөм жүргүзүлүп, жалпысынан 145 605 879 сом компенсация төлөнгөн.

Ал эми ОСАГО боюнча 953 төлөм жүргүзүлүп, 90 877 894,98 сом берилген. Бул – жарандар алган реалдуу жардамдын далили.

– Камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу процесси канчалык ачык жана ыкчам?

– Мамлекеттик мекеме катары биз ачык-айкындуулукту негизги принцип катары карманабыз. Маалымат жарандар үчүн да, ЖМКлар үчүн да жеткиликтүү.

Ал эми ыкчамдык жагынан алганда, жаран 10–15 мүнөт ичинде керектүү маалыматты алып, камсыздандыруу полисин расмийлештире алат.

– Келечекте турак жайды камсыздандыруу социалдык коргоо системасынын бир бөлүгүнө айланышы мүмкүнбү?

– Бүгүнкү күндө республика боюнча 1 млн 251 миңден ашуун турак жай бар.

2024-жылы 249 миңден ашуун, ал эми 2025-жылы 361 миңден ашуун камсыздандыруу келишими түзүлгөн. Камтуу көрсөткүчү жыл сайын өсүүдө.
Бул – чек эмес. Биздин максат – камсыздандырууну социалдык коргоо системасынын ажырагыс бөлүгүнө айландыруу. Бул багытта маалыматтык иштер мындан ары да улантылат.

Жыйынтыктап айтканда, мамлекеттик камсыздандыруу – бул формалдуу талап эмес, жарандардын коопсуз келечегине жасалган жоопкерчиликтүү кадам. Реалдуу көрсөткүчтөр жана жүргүзүлгөн төлөмдөр мунун ачык далили болуп саналат.