Ирэн Артемова: Орус тили Африка балдарына келечекке болгон үмүттү тартуулайт
8 май

Ирэн Артемова: Орус тили Африка балдарына келечекке болгон үмүттү тартуулайт

Малиде биринчи жолу орус тили боюнча олимпиада болуп өттү, бул долбоор Россия менен Африка өлкөлөрүнүн ортосундагы билим жана маданий жаатындагы байланышты өнүктүрүү боюнча масштабдуу демилгенин бир бөлүгү болуп саналат. Африкалык жаштардын орус тилине болгон кызыгуусу эмнеге өсүүдө, балдар үчүн кандай перспективалар ачылары жана Россия жана Африка тууралуу мифтер кантип жок болуп жатканы жөнүндө “Экинчи дем” кайрымдуулук фондунун президенти, Россиянын ыктыярчысы жана коомдук дипломат Ирэн Артемова айтып берди.

– Африкада орус тилин окутууну өнүктүрүү идеясы эмнеден улам пайда болду?

– Бул мага байланышкан окуя. Кичинекей кезимде “орустар жаман, башка элдерди жактырышпайт” деген сөздөрдү угуп калчумун. Мындай стереотипке ишенгендиктен, Россияга келгенде коркунуч пайда болгон. Бирок кийин орус улутундагылар менен таанышып, алардын боорукердигин көрүп, бизге Россия жөнүндө айтылгандардын көбү чындык эмес экенин түшүндүм.

Ошондо Россия жөнүндө да, Африка жөнүндө да чындыкты айткым келди. Анткени эки тарапта тең уламыштар абдан көп. Россияда көбүнчө Африка – бул жакырчылык жана цивилизациянын жоктугу деп ойлошот, бирок андай болбой калганына көп болду.

Россия мен үчүн өз үйүмө айланды. Ушул жерде чоңойдум, чоң турмушум ушул жерде башталды. Анан эки маданияттын ортосуна көпүрө кургум келди.

- Жумушуңуз эмнеден башталды?

- Алгач Орус-африкалык борбор түзүп, Россиядагы африка маданиятынын фестивалын уюштурууну баштадым. Биз заманбап Африканы – шаарларды, билим берүүнү, маданиятты, музыканы, ашкананы көрсөтүп жаттык. Адамдар таң калышты, анткени көбү Африканын башка тарабын эч убакта көрүшкөн эмес эле.

Кийинчерээк “Экинчи дем” кайрымдуулук фондун түптөдүм. Фонд Россияда оор турмуштук кырдаалга кабылгандарга: балдарга, майыптыгы бар балдарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, үй-жайсыз адамдарга жардам берет. Биз аларга коляскаларды, азык-түлүк жеткиребиз, реабилитациясын төлөп беребиз.

Ошол эле учурда Африка менен гуманитардык байланыштарды, орус тилине боюнча долбоорлорду өнүктүрүү жөнүндө ойлонууну токтоткон жокмун.

- Эмнеге орус тили?

- Анткени, тил – бул мүмкүнчүлүк. Эгер бала тилди үйрөнүп жатса, ал бул ага эмне үчүн керектигин билиши зарыл. Малидеги балдар перспективаны көрө билишет: Россияга келүү, билим алуу, кесипке ээ болуу, жашоосун өзгөртүү мүмкүнчүлүгү.

Биз негизинен бай эмес үй-бүлөлөрдүн балдары менен иштешебиз. Алар таанышы жок жана чоң мүмкүнчүлүккө ээ эмес балдар. Көбү билим алып, өз жерине адис болуп кайтып барып, үй-бүлөсүнө жардам берүүнү каалашат.

Алар үчүн орус тили – бул жөн гана предмет эмес. Бул үмүт.

– Малиде орус тили боюнча биринчи олимпиада кандай өттү?

– Бул биз үчүн тарыхый учур. Көп нерсе биринчи жолу болуп жатты. Мектепте Россиянын желеги көтөрүлүп, Мали үчүн абдан символикалуу болду. Олимпиадага чейин балдар эки жылга жакын орус тилин үйрөнүштү.

Алар өздөрүн тааныштырууну, сүйлөшүүнү улантууну, грамматиканы, базалык лексиканы өздөштүрүштү, диктант жазышты.

Эң кыйыны сүйлөшүү болду, анткени аларда тилдик чөйрө жок. Француз жана жергиликтүү тилдерде сүйлөшөт, ошондуктан орусча сөздөрдү айтуу оңой болбоду. Бирок балдар азамат, аябай аракет кылып жатышат.

- Бүгүнкү күндө Малидеги жаштар арасында орус тили канчалык суроо-талапка ээ?

- Кызыгуу абдан күч. Бул жаштар реалдуу перспективаны көрүп жатышканынан болсо керек деп ойлойм. Алар эгерде орус тилин үйрөнүшө, Россияга келип билим алаарын, саякаттап, кесипке ээ болоорун жакшы түшүнүшөт.

Көп үй-бүлөлөр үчүн бул келечегин өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк. Беш-алты баланы өстүрүп жаткан, бирок баарына билим берүүгө дарамети жетпеген көп балалуу үй-бүлөнү элестетип көрүңүз. Эгерде балдардын бирөөсүнө гана билим алууга мүмкүнчүлүк табылса, бул толук үй-бүлөнүн келечегин өзгөртөт.

– Россия менен Африка өлкөлөрүнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгына кандай баа бересиз?

– Өлкөлөр арасындагы келишимдер эбактан бери бар, бирок көп жылдар бою алар кагаз жүзүндө гана калып келген. Азыр аларды реалдуулукка айлантуунун убагы келди.

Россия африкалык студенттерге стипендия берип, университеттерге кабыл алат, бирок билим берүү гана эмес, толук кандуу маданий жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маанилүү.

Россияга да, Африкага да пайдалуу болгон долбоорлор керек. Мына ушундай демилгелер чыныгы өнөктөштүктү курууга жардам берет.

– Орус тили Россия менен Африканын ортосундагы байланыштарды бекемдөөнүн куралы болуп баратат деп айтууга болобу?

– Албетте. Мен өзүм маданияттардын ушундай биригүүсүнүн мисалымын. Африкадан болом, бирок Россияда чоңойдум жана аны өз үйүм деп эсептейм.

Ар кайсы элдер достошушу үчүн, алар бири-бирин стереотиптерсиз жана терс пикирлерсиз таанып билиши керек. Орус маданиятын да, африкалык маданиятты да урматтоо зарыл.

Мен ар дайым достук бири-бирине болгон кызыгуудан башталат деп айтам. Дал ошондуктан бүгүнкү күндө орус тили Россия менен Африканын ортосундагы маанилүү көпүрө болуп баратат.