Борислав Володин: "Биздин стратегиялык милдет - ишенимдүү социалдык лифт түзүү"
Президенттин маданий демилгелерди колдоо фондунун колдоосу менен түзүлгөн ARTISTS/ХУДОЖНИКИ улуттук платформа сүрөт искусствосунун ар кандай түрлөрүндө иштеген сүрөтчүлөрдү, искусство мекемелерин, коллекционерлерди, педагогдорду жана искусство таануучуларды бириктирет.
Долбоор чыгармачыл тармактардын алдыңкы өкүлдөрү менен активдүү кызматташат. Жакында платформа ArtMasters чыгармачылык компетенцияларынын улуттук ачык чемпионаты менен кызматташуу келишимин түздү, алар көркөм өнөр жаатында билим берүү жана аутрич долбоорлорун ишке ашырышат.
Биз ArtMasters чыгармачылык компетенциялардын улуттук ачык чемпионатынын жетекчиси Борислав Володин менен маектештик.
– ArtMasters чемпионатын мезгилдин айкын чакырыгына жооп катары кароого болобу – бэкстейдж-адистердин, башкача айтканда, кадр артында иштегендердин таңкыстыгы?
– Биз азыр жана ушул жерде жашап жатабыз жана бул чындыгында мезгилдин чакырыгына жооп. ArtMasters президенттин бэкстейдж тармагындагы жаш таланттар үчүн сынак өткөрүү боюнча көрсөтмөсүнүн негизинде түзүлдү, бул долбоорун башкы архитектору – Россия Федерациясынын Президенттик Администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Сергей Владиленович Кириенко. Он жыл мурда ал жаштар саясатын программалаган кезде, ал креативдүү экономиканын ролун жана жаш кадрларды тартуу зарылчылыгын түшүнгөн, анын ичинде бэкстейдж тармагын, ансыз креативдүү экономика иштей албайт. Долбоор ишке кирээрде Сергей Владиленович бул кадр артында калгандарга авасценага чыгууга мүмкүнчүлүк экенин айткан болчу. Чемпионат мындай адистердин чеберчилигин жана баалуулугун көрсөтүп, алардын ийгиликтери бул тармакка барсамбы же барбасамбы деген арсар ойдо жүргөндөргө аргумент болуп берет.
– Сиздин көз карашыңызда, арсар ойго кабылуунун себеби эмнеде?
– Көп адамдар, айрыкча аймактарда жашаганда өзүндөгү чыгармачыл потенциалды сезишет, бирок бул кесипте өзүн алып кетээрине көзү жетпейт. Алар бийиктикке кадам таштатуучу траекторияны көрүшпөйт, а ArtMasters так ушул траекторияны түзөт. Перспективага иштеп жатып, биз келечектеги мастерлерди издеш, өнүктүрүш жана колдоо керектигин түшүнөбүз. Бул кадрлар калыптана турган чөйрөнү түзүүгө тийишпиз. Так ушул нерсе менен алектенүүдөбүз.
– Чемпионат эки категорияда: 14-17 жана 18-35 жаш курактагылар үчүн өткөрүлөт экен. Бул улуу куракка барып калганда чыгармачылык карьераны баштоонун кереги жок дегенди билдиреби? Адам 35 жаштан кийин гана ушул убакка чейин өзүнүн иши менен алектенбей келгенин түшүнүп, креативдүү индустрияда өзүн сынап көргүсү келди дейли, анда кандай болот?
– Бул көйгөйдүн эки тарабы бар. Талант – бул көп жактан генетика. Мен биздин креативдүү экономикабыздын күчү улуу тарыхтан, көптөгөн улуттардын жана маданияттардын салымдарынан жаралган генофонддо деп эсептейм. Таланттуу адамдарды мүмкүн болушунча эрте издеп, табуу керек. Аларды бала бакчадан тарбиялап, келечектеги кесибине карай бараткан жолдо адашпашы үчүн колдоо керек. Ал эми таланттуу адам кайсы куракта болбосун жараткысы келет. Бүгүнкү күндө 35 жаштан кийин кесибин алмаштыруунун туруктуу тенденциясы байкалууда. Адамдар мурунку жумушунда бааланбаган жана баркталбаган жөндөмдүүлүктөрүн сезип, өзүн башка тармакта сынап көрүүнү каалайт. Биз ArtMastersте 35-55 жаштагы топ үчүн өзүнчө долбоор түзүүнү ойлонуп жатабыз. Бул категориядан да креативдүү индустрияга сиңип кете алчу таланттуу адамдар чыгат деп ишенем.
– Чыгармачыл адамдарды баалоо дайыма кыйын. Чемпионатта бул кандай болот?
– Фигурное катаниеде баалоонун эки шакаласы бар: техникалык аткаруу үчүн жана артистизм үчүн. Бизде андай бөлүү жок, бир эле принципти коюп жатабыз. Финалга чейин үч фильтр бар, андыктан ага жетүү оңой эмес. Катышуучулар ар дайым өз адистиги боюнча атайын билимге ээ боло бербейт, бирок муну интенсивдүү өз алдынча билим алуу менен толукташат. Көбүнчө аларга тажрыйба жетишпейт, бирок бул нерсе өз ишинин устаты болууга умтулган адам үчүн анчалык оорчулук туудура бербейт. Чынында, ArtMasters - бул фундаменталдык билимдин баалуулугун түшүнгөндөрдү аныктоого мүмкүндүк берген билим берүү долбоору.
– ArtMasters чемпионатына катышуу үчүн кайрылгандар кандай сапаттарга ээ? Сиздин көз карашыңызда, аларга кандай сапаттар жетишпейт?
– Чемпионаттын катышуучуларынын арасында сапаттуу продукция чыгарууга жөндөмдүү, бирок жамаат менен иштөөнү билбеген таланттуу жигиттер аз эмес. Ал эми бүгүнкү күндө дээрлик бардык чыгармаларды жамаат жаратат. Жалгыз сүрөт тарткан сүрөтчүгө да кийин анын шедеврин тааныта турган адам керек. Командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүү кыйын, анткени биз жүзмө-жүз эмес, гаджеттер аркылуу баарлашуу мүмкүн болгон, ыңгайлуу болгон жана ал тургай кабыл алынган технологиялык чөйрөдө жашайбыз. Мындан тышкары, өз ишине баш-оту менен берилип кеткен адамдар айлана-тегерегин карабайт, агымда кете беришет. Демек, чемпионатта түзүлгөн өндүрүштүк бригадалар катышуучуларга баа жеткис тажрыйба берет. Мен дагы бир маселени белгилегим келет: кичинекей пландаштыруу горизонту. Ар бир сүрөтчү каалаган натыйжага жетүү үчүн кандай куралдарды колдоно аларын түшүнүү маанилүү. Ал эми бүгүнкү күндө жаштарды мындан ары өнүктүрүү үчүн өлкөдө кандай мүмкүнчүлүктөр, анын ичинде технологиялык мүмкүнчүлүктөр бар экенин көрсөтүү маанилүү. Аларда бардык керектүү куралдары чет өлкөлөрдө калды деген сезим жаралбашы үчүн.
– Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктарды алышат эмеспи. Ал каражатты кантип иштетүүлөрү керек?
– Биринчи орунга 750 000 рублдик, экинчи орунга – 500 000, үчүн орунга – 250 000 рублдик акчалай сертификаттар берилет. Аны ишмердүүлүгүнүн багыты боюнча жабдыктарды сатып алууга жумшашат: арыз жазышат, ал кабыл алынгандан соң акча дүкөндүн эсебине которулат. Окутуу курстарын сатып алууга же жеке долбоорун баштоого да болот. Биз сертификаттарды колдонуу чөйрөсүн кеңейтели деп жатабыз. Көбү өлкөнү кыдырып, жаңы тажрыйба жана эргүү алууну каалашат. Жеңүүчү “Саякаттан да маанилүү” программасынан жолдомо тандап алса да болот.
– Башка көптөгөн сынактардан айырмаланып ArtMasters финалисттерге андан ары өз ордун табуусуна жардам берет. Бул башынан кандай ойлонуштурулган?
– Ооба, эң мыктыларды аныктап, аларды өндүрүшкө киргизүү идеясы болгон. Ишенимдүү социалдык лифтти түзүү - азыр биз чечип жаткан стратегиялык милдет. Кийинки жылы биз бардык адистерибиздин портфолиосу бар платформаны ишке киргизебиз. Долбоордун индустриалдык өнөктөштөрү ага мүмкүнчүлүк алышат. Алар бир катар критерийлердин негизинде өздөрүнүн чыгармачыл топторуна талапкерлерди тандап, алар менен түз байланышуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Ошондой эле, кийинки жылы бизде HR продюсери пайда болуп, ал биздин финалисттерибиздин профессионалдуу алдыга жылышына жоопкерчилик алат. Бул жаштардын ийгиликтери келечектеги жаратуучулар үчүн маанилүү үлгү жана мотивация болуп калат.
– ArtMaster беш жыл ичинде жеке чемпионатынан көп деңгээлдүү экосистемага айланды. Ал эмнени билдирет?
– Негизи ArtMasters бүгүнкү күндө балдар өздөрү тандаган багыт боюнча өнүгүп кете турган чөйрө. Биринчиден, бул Академия. Көптөгөн адамдар кошумча билимге жана өзүндө бар көндүмдөрдү өркүндөтүүгө муктаж. Бизде «Өз ишиңди өнүктүр» программасы бар, анда кыска убакыттын ичинде аларга ийгиликтүү бизнес үчүн зарыл болгон юридикалык, экономикалык жана башка компетенциялар үйрөтүлөт. Тажрыйбасын өткөрүп бере ала турган жана берүүнү каалаган устаттар жөнүндө да ойлондук: алар үчүн «Устаттан насаатчыга» профессионалдык программасы түзүлдү.
– Октуунун кандай форматы суроо-талапка көбүрөө ээ?
– Онлайн-интенсив. Аймактардан келген катышуучулар барып окууга убакыт таппай кыйналышат. Биз ар кандай компетенциялар боюнча көндүмдөрдү тез жогорулатуу үчүн 20дан ашык курстарды иштеп чыктык. «Устаттан насаатчыга» курсу сырттан окуу форматында өткөрүлөт, сабактар биздин кеңседе он жума бою өтөт.
Россиянын Мамлекеттик китепканасы менен биргеликте биз нейрондук тармактарды колдонуу менен жогорку технологиялык долбоор - "Ленинка Арт" жаңы чыгармачылык резиденциясын түзүп жатабыз. Долбоордун максаттарынын бири - жаш креативдүү классты китеп маданиятынын баалуулуктары менен тааныштыруу. Санариптик дүйнөнүн басымы жана азгырыгы астында адатыбызды, ал тургай, терең жана ойлонуу менен окуу жөндөмүн жоготуп алабыз. Ал эми адам өзүн китеп аркылуу гана аныктайт. Мен бул жерде орус философу Иван Ильиндин жаңы эмгегибиз үчүн абдан маанилүү деп эсептеген сөзүнөн үзүндү келтирейин: “Окуу менен сиз адамды таанып, аныктай аласыз, ар бирибиз эмнени окусак жана кандай окусак, дал ошондойбуз. Биз баарыбыз өзүбүз да байкабай, окугандарыбыздын туундусуна айланып калабыз”.
– Бирок билим берүү менен эле бүтүп калбайт да?
– ArtMasters экосистемасынын экинчи элементи өндүрүш борбору болуп саналат. Биз аны долбоордун куратору Александр Владимирович Журавский менен бирге ойлоп таап, аны «Биздин чарбабыз» деп атадык. Бул жерде адистерибиздин катышуусу менен долбоорлор «өстүрүлөт». Майрамдардын алдында «Россия 1» каналы биздин юниор Павел Гуланын сценарийи боюнча «Тынч атом» деген төрт бөлүктөн турган көркөм фильмдин бет ачарын өткөрдү. Москва театрларында көрсөтүлгөн спектаклдерди даярдайбыз, кийинки жылы балдар үчүн мюзиклди көрсөтөбүз. Белгилүү режиссёр Николай Хомерики тарткан “Тик-Ток” комедиясы да чыгат, биздин борбор бул тасмага продюсерлик кылууда. Социалдык лифт иштеши үчүн жаштар бир жерде гана интеграцияланбастан, ошондой эле жеке продуктусун түзө билиши да керек.
– Туруктуулук үчүн үчүнчү кит керек. Ал сиздерде барбы?
– Албетте. Бул биздин чемпионаттын эң активдүү финалисттерин бириктирген ArtMasters ассоциациясы. Бир жарым жүздөгөн бул адамдар дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүгө чындап умтулгандар. Алар үчүн бул ички миссия. Биздин бирикме “Чыгармачыл тармактар жөнүндө” мыйзамды иштеп чыгууга катышты –эффективдүү өнүгүү үчүн бэкстейдж-коомчулук эмнеге муктаж экенин анын мүчөлөрү билиши керек эмеспи.
– ArtMasters аймактарды көздөй бурулду. Бул стратегияңыздын жаңы деңгээлиби?
– Эгерде биз аймактарда инфраструктураны өнүктүрбөсөк, ал жактан таланттуу адамдарды таппасак, анда өлкөнүн креативдүү экономикасы өспөйт. Менимче, Москва жалпысынан креативдүү экономиканын борборуна ашыгы менен айланды. Эми башка аймактарды изилдөөгө убакыт келди. “ArtMasters Региондор” багытынын алкагында, кийинки жылы биз ар бир федералдык округда кино жана театр тармагындагы долбоорлорду ишке ашырабыз. Аймактык арыздарды кабыл алуу жакында эле аяктады. Ар бир райондо экиден команда түзөбүз: бири кино, экинчиси театр. Бардыгы болуп 16 команда бар, алардын ар бири сегиз компетенттүүлүктөн турат. Биринчиси кыска метраждуу тасма тартса, экинчиси театрлаштырылган эскизди тартуулайт. Калыстар тобу үч мыкты чыгарманы тандап, алар коммерциялык негизде улануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул коллективдердин катышуусу менен областтык театрларда спектаклдер коюлат. Платформалар менен макулдаштык – алар өз ресурстары боюнча оригиналын түзүү үчүн кыска метраждуу фильмдерди тандап алышат, а аларды толук метраждуу фильмге айландырууга биз жардам беребиз. Биздин максат — бул коллективдердин мындан ары да аймактык компаниялар менен иштешин камсыз кылуу.
– Сиздердин индустриалдык өнөктөштөрүңүздөрдүн кызыкчылыгы эмнеде?
– Аларга сейрек компетенттүү адистер абдан керек. Бир жолу ArtMasters уюштуруу комитетинин төрагасы Сергей Геннадьевич Новиков “сцена механикасынын оператору” адистиги боюнча сынак өткөрүүнү сунуштады. Биринчи жылы бизге 40 арыз түшүп, беш жеңүүчү тең Москванын белгилүү театрларына, мисалы, “Геликон-операга” кабыл алынды. Көптөгөн креативдүү индустрия уюмдарынын жетекчилери аймактардан келген балдарга Россияда заманбап чыгармачыл өндүрүш кандай экенин көрсөтүү канчалык маанилүү экенин түшүнүп, өз демилгеси менен долбоорго катышууда.
– ArtMastersтин академиялык билим берүү системасы менен мамилеси кандай болууда?
– Билим берүү системасы бардык жерде абдан инерттүү. Жаңы технологиялардан жаралган көптөгөн кесиптер азырынча жок. ArtMasters – бул кайсы адистиктер жогорку окуу жайга киргизилиши керектигин көрсөткөн лакмус барагы. Бул иштеп жатат! ГИТИСте “грим боюнча сүрөтчү” адистигин киргизилди жана жакында stage-менеджери пайда болот. Гнесинкада саунд-дизайнерлер даярдалып башталы, а МИРЭА виртуалдык дүйнөнүн дизайнерлери окуп жатат. Билим берүү системасы бир топ динамикалуу болушу керек. Мисалы, эң жакынкы келечекте маанилүү кесиптердин бирине промт-инженер – жасалма интеллектке туура тапшырма берүүгө жөндөмдүү адис айланат.
– ЖИни адамдын жардамчысы катары калтыра алабызбы? Анын көзөмөлдөн чыгып кетүү коркунучу канчалык чоң?
– Баары биздин колубузда деп ойлойм. Кээ бир футуролог-илимпоздордун айтымында, адамзат балким, ЖИ түзүү үчүн гана пайда болго, ал толук кандуу ишке киргенденден кийин адам жашоосун токтотушу мүмкүн. Адам – эч кандай механизмдер алмаштыруу мүмкүн болбогон уникалдуу жаратуу. Ал эми машиналык интеллект бизге цивилизациянын өнүгүүсүнүн факторлорунун бири катары, жаңы продукцияларды жаратуу куралы жана өзүбүздү өзүбүз өркүндөтүү үчүн стимул катары берилет. Адамзат ЖИ колдонууну жөнгө салуу жөнүндө азыртан ойлонушу керек. Кээ бир дарылар сыяктуу эле, чоң дозадагы ЖИ ден соолук үчүн коркунучтуу - бул биздин "мээ булчуңун" атрофиялайт. Эмне үчүн жаштардын билими тайыз болуп жатат? Анткени алар өз алдынча чечим чыгарбастан, татаал суроолорго жөнөкөй жооп алуу үчүн санариптик чөйрөгө кайрылышат. Эгер чыгармачыл адам ушул чөйрөгө көз каранды болуп калса, анда ал жаратууну токтотот. Адамзат ЖИ колдонуу эрежелерин иштеп чыгышы керек. Анын катышуусу менен жаратылган бардык продукцияларды маркировкалоо керек, анткени адам кимдин эмгеги менен жаралган буюмду тандаарын өзү чечет.
– Чемпионат технологиянын баштапкы аймагы болгон кино жана телевидение жана жандуу аткаруучу үчүн ыңгайлаштырылган театр искусствос менен да алектенет. Сахнадагы жандуу актерлорду технология алмаштыра алабы?
– Театрды чындап сүйгөн адамдар үчүн сахнадагы адам ар кандай техникалык трюктардан маанилүүрөөк болот. Илгери телевидение кинону өлтүрөт деп айтышкан, кийинчерээк аны интернет-платформалар жок кылат деп чыгышты. Азыр эмнени көрүп жатабыз? Адамдар дагы эле сахнада же экранда болуп жаткан окуяларга чогуу кайгыруу жана кубануу үчүн киного жана театрга барышат. Жандуу, чебер актёрлукту эч нерсе алмаштыра албайт деп ишенем.
– ArtMasters жакында ARTISTS/ ХУДОЖНИКИ платформасы менен кызматташуу келишимин түздү жана сиз анын эксперттик кеңешинин мүчөсү болдуңуз. Кызматташтыктын кайсы тармактарын эң келечектүү деп эсептейсиз?
– Ушундай долбоордун пайда болгонуна абдан кубанычтамын. Сүрөт искусствосунун ар кандай түрлөрүнөн өкүлдөрүн бир аянтчага чогултуу сонун. Байланышуунун жолу түптөлгөнү менен дагы деле чыгармачылык чөйрөнүн ичинде бекем алака түзүлө электей. Көркөм чөйрөнү консолидациялоо өтө татаал иш. Вероника Коржевская дал ушул иш менен алектенип жатат. Бул аракетти ARTISTS/ХУДОЖНИКИ долбоорун демилгечиси болгон маалда эле кабыл алган. Мыдай кыйынчылыкты бирге жеңебиз. Бизге ушундай платформа керек. Сүрөт искусствосу өзүнүн бардык көрүнүштөрү менен маданияттын жана инсандык өнүгүүнүн эң маанилүү элементи болуп саналат. Биздин өлкөдө бул багытта жасалып жаткан нерселер продюсер болобу, куратор болобу, коллекционер болобу же жөн гана заманбап искусствого кызыккан адам болобу, бардыгы үчүн ачык болушу мүмкүн. Мындан тышкары, долбоордун дагы бир абдан маанилүү миссиясы бар - автордук укукту коргоо. Биз көп учурда унутуп калган бул аспект креативдүү экономиканы өнүктүрүүнүн эң маанилүү көрсөткүчү болуп саналат.
– ArtMastersтин келечегин кандай көрөсүз?
– Бул бэкстейдж дүйнөсү менен байланышкан ар бир адам өмүрүндө жок дегенде бир жолу баргысы келген жер. Ири компаниялар чемпионаттын финалисттерин өз командаларына кабыл алган, алар менен бир-эки жылга келишим түзгөн, жаштарга өздөрүнүн профессионалдык траекториясын туура түшүндүргөн жана туура иштеген социалдык лифт кургум келет. ArtMasters техникалык адистиктерге басым жасоо менен өлкөдө чыгармачылык таланттарды түзүүнүн “кемчиликсиз” процессинин драйвери болушу керек. Мен ArtMasters башка өлкөнүн жарандары катыша турган эл аралык долбоорго айланса деп кыялданам. Менин жашоомдо Россияда эл аралык командалар тарабынан түзүлгөн ири долбоорлор болду: “Евровидение-2009”, Сочидеги Кышкы олимпиаданын ачылыш жана жабылыш аземдери. Бул биз үчүн да, чет элдик адистер үчүн да баа жеткис тажрыйбага айланды. Маданияттарды өз ара байытуу биздин өлкөбүздүн өнүгүшүнө түрткү гана болбостон, ал чыныгы Россия кандай экенин көптөгөн адамдарга көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул бүгүнкү күндө өзгөчө маанилүү болуп саналат.
Виктория Пешкова
