Голос Enigma Эндрю Дональдс: «Кыргызстан үй-бүлөлүк тарыхымдын бир бөлүгүнө айланды»
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ч.Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун вице-президенти Ассол Молдокматованын "Дүйнө лидерлери" рубрикасы.
Эндрю Дональдс дүйнө жүзүндөгү миллиондогон угармандарга белгилүү. Легендарлуу Enigma долбоорунун ажырагыс бөлүгү болгон уникалдуу үндүн ээси, дүйнөлүк хиттердин автору, музыкант, философ жана дүйнөлүк адам. Эндрю Кыргызстанга артист катары гана келген эмес. Тагдыр аны биздин өлкөбүз менен үй-бүлөлүк катыштагы жана ага жакын адамдар аркылуу тыгыз байланыштырган. Биз музыка, элдик дипломатия, үй-бүлө, руханият жана адамзатты бириктирип турган нерселер жөнүндө сүйлөштүк.
– Эндрю, миллиондогон адамдар сиздин үнүңүздү тааныйт, бирок алардын баары эле анын артындагы адамды биле бербейт. Жашооңузду бир сүйлөм менен сүрөттөшүңүз керек болсо, ал кандай болот эле?
– Бул жан дүйнөнүн музыка, сүйүү, сыноолор, жоготуулар жана жолугушуулар аркылуу саякаты, алар өзүмдү жакшыраак түшүнүүгө жардам берди. Жашым өткөн сайын, жашоодо эң маанилүү нерсе – бул ийгилик да, атак да эмес, адам бойдон калуу жөндөмү экенин көбүрөөк түшүнүп жатам.
– Сиз Ямайкада – күндүн, эркиндиктин жана музыканын мекенинде төрөлгөнсүз. Балалыктын кайсы сабактарын өмүр бою алып жүрдүңүз?
– Ямайка мага жашоону сезе билүүнү үйрөттү. Биз музыканын, жаратылыштын жана жайдары адамдардын арасында чоңойдук. Жаш кезимден эле бакыт акчадан же коомдогу ордуңдан көз каранды эмес экенин түшүндүм. Ал биздин ичибизде жаралат. Эгер бүгүнкү күнгө шүгүр кыла алсаң, демек, сен байсың.
– Кыялыңыздан баш тарткыңыз келген учурлар болду беле?
– Албетте. Ар бир чыгармачыл жол жеңиштерден гана эмес, көңүл калуулардан да турат. Күмөн саноо жана ачылышы кыйын болгон эшиктер туш келет. Бирок дал ушундай учурларда жашоо сенин тагдырга канчалык бекем экениң текшерилет. Эгер кыяыл чын эле сеники болсо, эч ким түшүнбөй, колдобосо да алдыга умтула бересиң.
– Enigmaга катышканга чейин эле белгилүү аткаруучу болчусуз. Михаэль Крету менен кантип тааныштыңыз?
– Кээде тагдыр күтпөгөн учурда эшикти ачат. Биздин кызматташтык күтүүсүз башталды. Михаэль – өзгөчө тереңдиктеги адам. Ал ноталардын ортосундагы мейкиндикти гана эмес, музыканы да угат. Ал чыныгы сүрөтчү.
– Enigma азыркы замандын эң сырдуу музыкалык долбоорлорунун бири деп аталат. Анын ийгилигинин сыры эмнеде?
– Биз эч качан мода тенденцияларын ээрчүүгө умтулган эмеспиз. Enigma музыкасы ар дайым адамдын жан дүйнөсү жөнүндөгү сүйлөшүү болуп келген. Ал сүйүү, ишеним, жалгыздык жана маани издөө сыяктуу мезгилге жана улутка карабай адамдарды тынчсыздандырган темаларды козгойт. Ошондуктан ал ондогон жылдардан кийин да резонанс таап келе жатат.
– Сиздин үнүңүз Modern Crusaders жана The Screen Behind the Mirror сыяктуу легендарлуу композициялардын бир бөлүгү болуп калды. Enigmaнын кайсы чыгармалары сизге өзгөчө жакын?
– Modern Crusaders менин жүрөгүмдө өзгөчө орунду ээлейт. Бул композиция адамдын ички жолун жана ичиндеги жарыкты сактап калуу үчүн күрөштү баяндайт. Менимче, бүгүнкү күндө анын билдирүүсү чыккан учурундагыдан да актуалдуу угулат.
– Enigma музыкасы философия жана руханият менен толтурулган. Бул идеялар сиздин дүйнө таанымыңызга канчалык дал келет?
– Абдан дал келет. Мен эч ким бул дүйнөгө кокусунан келбейт деп ишенем. Ар бир адам бул жерде өз сабактарын алуу үчүн жашап жатышат. Музыка тиричиликтин кайнаган жеринде тыныгуу алып, чындап маанилүү болгон нерселер жөнүндө ойлонууга жардам берет.
– Сиз музыка дүйнөнү өзгөртө алат деп ишенесизби?
– Музыка, дүйнөнүн саясий картасын өзгөртпөсө да, адамдын жүрөгүн өзгөртө алат. Ал эми бардык чоң өзгөрүүлөр дал ушундан башталат.
– Бүгүнкү күндө артист үчүн эмне маанилүүрөөк: популярдуулук, атактуулукпу же адамдардын жүрөгүндө калган изби?
– Адамдардын жүрөгүндө калган из. Популярдуулук өтүп кетет. Сыйлыктарды чаң басат. Бирок сенин музыкаң адамга оор учурду көтөрүүгө жардам берсе же үмүт тартууласа, демек, сен өзүңдүн максатыңды аткардың.
– Сиз музыканы универсалдуу тил деп көп айтасыз. Маданият эл аралык дипломатиянын куралы боло алабы?
– Албетте. Мен маданиятты эл аралык дипломатиянын эң күчтүү формаларынын бири деп эсептейм. Саясатчылар талашып, мамлекеттер кагылышып кетиши мүмкүн, бирок музыка, адабият, театр жана искусство адамдарды бириктирип турат. Маданият бизге баарынан мурда адам экенибизди эске салат.
– Улутуна, динине жана чек арасына карабай адамзатты эмне бириктирет?
– Сүйүү. Бактылуу болгусу келүү. Балдарын бактылуу көргүсү келүү. Мен дүйнө жүзүн канчалык көп кыдырган сайын адамдардын айырмачылыктарына караганда окшоштуктары көбүрөөк экенин ошончолук көп ынанам.
– Эндрю, үй-бүлөңүз ар кандай маданияттардан куралганын айттыңыз эле. Бул дүйнө таанымыңызга кандай таасир этти?
– Абдан чоң. Ичиңде ар кандай маданияттар жашаганда, дүйнөгө башкача карай баштайсың. Бөлүү категориялары менен ой жүгүртүүнү токтотуп, ар түрдүүлүктү сулуулуктун жана күчтүн булагы катары кабыл ала баштайсың.
Балким, ошондуктан адамдардын биримдигинин идеясы мен үчүн ар дайым ушунчалык маанилүү болгондур.
Кыргызстан бүгүнкү күндө менин жашоомдо өзгөчө орунду ээлейт. Жакын үй-бүлөлүк катыштардын аркасында бул өлкө биздин үй-бүлөбүздүн тарыхынын бир бөлүгү болуп калды. Мен анын маданиятына, каада-салттарына жана элине чын дилимден суктанам. Мындай байланыштар бири-бириңди жакшыраак түшүнүүгө жардам берет жана адамдык мамилелер ар кандай чек аралардан алда канча маанилүү экендигине дагы бир жолу ынандырат.
– Кыргызстан сизге кандай таасир калтырды?
– Адамдар мени абдан таасирлентти. Чыдамкай, боорукер жана абдан меймандос. Аскалуу тоолор, Ысык-Көлдүн кооздугу, бай маданияты жана салттарга урмат өзгөчө атмосфераны жаратат. Бирок Кыргызстандын негизги байлыгы – бул анын эли.
– Сиздин инсан катары калыптанууңузга ким көбүрөөк таасир этти?
– Менин үй-бүлөм. Ата-энем мени адамдарды алардын тегине, динине же социалдык абалына карабай сыйлоого үйрөтүштү. Бул сабак өмүр бою жанымда калды.
– Эгер бүгүн өзүңүздүн жыйырма жаштагы кезиңизди жолуктурсаңыз, кандай кеңеш бермексиз?
– Мен айтмакмын: дүйнөнүн жактыруусун издөөгө шашылба жана өзүңдүн баалуулугуңду башкалардын баалоосу менен өлчөбө. Эң маанилүү чечимдер көбүнчө өз жолуң менен баратканың үчүн тобокелдүү көрүнөт. Ички үнүңө ишен, багытыңды өзгөртүүдөн коркпо жана ал тургай оор мезгилдер да бир күнү баалуу сабактардан болорун унутпа. Убакыттын өтүшү менен ийгилик баарына жагууну аракет кылгандарга эмес, өзүнө бекем тургандарга келерин түшүнөсүң.
– Ички гармонияны сактоого эмне жардам берет?
– Ыраазычылык. Тынчтык. Табият. Азыркы дүйнөдө ызы-чуу өтө көп. Кээде баарыбыз токтоп, жүрөгүбүздү угуубуз керек.
– Бүгүн сиз үчүн бакыт деген эмне?
– Эртең менен туруп, жаңы күн үчүн ыраазычылык билдирүү. Жакындарыңдын жанында болуу. Чыныгы кубаныч тартуулаган иштерди кылуу. Мен үчүн бакыт ийгилик же атак-даңк менен өлчөнбөй калды.
– Сиз өзүңүздүн негизги жетишкендигиңиз деп эмнени эсептейсиз?
– Карьера да, популярдуулук да эмес. Менин негизги жетишкендигим – бул сүйүү, боорукердик сезимдерин жана өзүмө бекем бойдон калуумду сактап калганым.
– Эндрю, сиз Кыргызстан жөнүндө көп жылуу сөздөрдү айтасыз. Бул байланыш кайдан пайда болгон?
– Кыргызстан менин жашоомо үй-бүлөм аркылуу келген. Уулумдун таятасы экинчи жолу кыргызстандык кереметтүү аялга үйлөнгөн, ошондон бери биздин үй-бүлөлөр абдан жакындашты. Уулум Диего жана анын апасы бир нече жолу бул жакка келип, туугандарын көрүп кетишкен. Ушул үй-бүлөлүк мамилелер аркылуу Кыргызстан биздин жашообуздун бир бөлүгү болуп калды.
Жалпы эле биздин үй-бүлө ар кандай маданияттарды бириктирет – Ямайка, армян, орус, немис жана кыргыз. Балким, ошондуктан ар дайым дүйнөгө ачык болуп, ар кайсы элдердин салттарын сыйлап келебиз. Кыргызстан мага көптөгөн сонун тааныштарды жана чыныгы адамдык мамилелерди тартуулады. Бүгүн мен бул өлкө жана бул жерде жашаган адамдар менен өзгөчө жакындыкты сезип турам.
– Эгер келечек муундарга бир гана кабар калтыра алсаңыз, ал кандай болмок?
– Дүйнө силерди кайдыгер кылбасын. Сүйүү, кам көрүү жана жашоонун сулуулугун көрүү жөндөмүңөрдү сактап калгыла. Ушул сапаттар бизди адам кылат.
– «Дүйнө лидерлери» рубрикамдын салтына айланган акыркы суроосу: өзүңүздөн кийин кандай мурас калтырууну каалайсыз?
– Көз жумганымдан кийин да музыкам адамдарды шыктандырып турса дейт элем. Эгер бир жле ырым кимдир бирөөгө үмүт берсе, жашоону сүйүүгө шыктандырса же бир аз боорукер болууга жардам берсе, анда өмүрүм текке кеткен жок деп эсептейм.
– Эндрю, чын дилден маектешкениңиз үчүн рахмат.
– Ассоль, сизге рахмат. Кыргызстанга мага тартуулаган жылуулугу үчүн ыраазымын. Бул өлкө үй-бүлөлүк тарыхымдын бир бөлүгүнө айланды, мен аны дайыма жүрөгүмдө сактайм.
