Манас ОСМОН: Сөз эркиндигине көлөкө түшүргөн окуялар бар
11 июль

Манас ОСМОН: Сөз эркиндигине көлөкө түшүргөн окуялар бар

Жакында президент Садыр Жапаров маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде «жалган маалыматтарды таратып элдин башын айландырууну сөз эркиндиги деп түшүнбөш керектигин» белгиледи. Негизи эле сөз эркиндиги деген эмне? Бул боюнча эркин журналист Манас Осмон айтып берди.

– Кыргызстанда сөз эркиндиги барбы?

– Бир топ өлкөгө караганда абалыбыз жакшы эле. Сөз эркиндиги бар деп айтсак болот. Бирок, ошол эркиндикке көлөкө түшүргөн окуялар да жок эмес. Маселен, жеке ич күптүсүнөн улам кимдир бирөөгө асылган, жамандаган, жалган маалыматты тараткандар толтура. Биз, журналисттер же, блоггерлер кээде мыйзамды да көзгө илбей калабыз. Өлкөдөгү жакшы иштерди айтса, аны «пахтачы», жетишпестиктерди такай айтса, «кыйын журналист» болуп калды. Бул жагынан бийликтин койгон дооматында жан бар.

– Сөз эркиндигине кысым болбойт дегенге ынансак болобу?

– Мынтип айтуу азыр эрте. Журналисттер маалымат таратууда кээде олдоксон, орой мамиле жасап аткан болсо, чиновниктердин деле ошондой мамилеси болуп жатат. Менимче, бийлик менен журналисттердин укуктук алакасы өз жолуна коюлган учурда гана сөз эркиндиги бар деп айтууга болот.