Окуу китептеринин таңкыстыгын Билим берүү жана илим министрлиги кантип чечет 
29 октябрь

Окуу китептеринин таңкыстыгын Билим берүү жана илим министрлиги кантип чечет 

Кыргызстанда мектептерде окуу китептери жетишсиз экени маалым. Билим берүү жана илим министрлиги бул көйгөйдү чечүүнүн үстүндө иштөөдө. Ал кандай болоорун жана канча убакытта чечилээрин аталган министрликтин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башкы адиси Самат Тоялиев билдирди. 

Айтымында, Кыргызстанда жалпы орто билим берүү мекемелерин эсептегенде, аларды окуу китептери менен толук кандуу камсыз кылууга 17 миллион китеп керектелет. Бирок ошол эле убакта жыл сайын мектептердин жана анда билим алган окуучулардын саны да өсүүдө.

– Мектептерди окуу китептери менен камсыз кылууда Билим берүү жана илим министрлиги өзүнүн компентенциясынын негизинде иш алып барып жатат. Учурда Сингапурдун белгилүү басмаканасы менен келишим түзүлдү. Ал жактан математика, физика, химия, биология жана башталгыч класстар үчүн англис тили боюнча китептер басылып чыгат. Калган предметтер боюнча атамекендик басмаканалар иш алып барат. Азыр бардык предметтеги китептерди программага шайкеш келтирүү иштери жүрүүдө, – деди ал. 

Ал белгилегендей, 2022-жылы Министрлер Кабинетинин токтому менен мамлекеттеги билим берүү стандарты өзгөргөн. Негизи, стандарт ар бир беш жылда жаңыланып турат. Мындан улам окуу китептери жаңы стандартка ылайыкталып өзгөртүлүүгө тийиш. 

– Жаңыланган предметтик стандарттын негизинде 1 миллион 300 миңден ашуун китеп басып чыгардык. Бирок жогоруда айтылгандай, толук камсыздоо үчүн 17 миллион китеп керектелет. Дагы 16 миллиондой китеп басып чыгаруу милдети министрликтин алдында турат. Буга орто эсеп менен 6 миллиард сомдун тегерегинде акча талап кылынат. Министрлер Кабинети баш болуп, Финансы министрлиги окуу китептерине каражат бөлүүнү көбөйтүү аракетин жасоодо, биз өз кезегибизде эсеп-кысабын жүргүзүп, тийиштүү кызматтарга маалымат бердик. Келерки жылдын бюджетине киргизилет деген кабар бар. Ошондой эле окуу китептерин басып чыгарууда эл аралык уюмдар дагы жардам берип жатышат. Евразия автономиялуу коммерциялык эмес уююу 1 миллиард рубль гранттык каражат берүүнү убадалоодо, – деди Тоялиев. 

Башкы адистин айтымында, мектептерди окуу китептери менен камсыздоо буга чейин өтө начар жүргүзүлүп келген. Акыркы 2-3 жылда гана бул маселеге колго алынып, жетиштүү көңүл бурулууда. Аны менен катар сапаты да башкы орунга чыкты, авторлорго талап күчөтүлдү, окуу китептери кабыл алынган билим берүү стандартына ылайык болушу керек. 

– Дагы бир эки-үч жылдын ичинде бул маселени толук жолго коебуз деген ишенимдебиз. Былтыр билим берүү мыйзамы кабыл алынган, анын 44-беренесине ылайык, педагогикалык кызматкер окуу китептерин, программасын, окуу методикасын эркин тандоого укуктуу. Ушул эле мыйзамдын аталган беренеси боюнча быйыл апрель айында Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды. Анда ар бир предмет боюнча окуучу үчтөн кем эмес окуу китеби менен камсыздалышы керек деп айтылат. Бирок бул мүмкүн эмес. Биз жаңы программага ылайык келген окуу китептери менен камсыздоого умтулуп жатабыз, – деп белгиледи Самат Тоялиев.
Ошондой эле, башкы адис окуу китептеринин электрондук версиясына да басым жасалып жатканын, анын негизинде Электрондук китепкана порталында эки жарым миңден ашуун китеп топтолгонун билдирди. Айтымында, анын 500дөн ашууну окуу китептери. 

– Электрондук версия менен ноутбук ажырагыс байланышта. Ал китептерди колдонуу үчүн мугалим, окуучуларды ноутбук менен камсыздоого туура келет. Окуучуларды камсыз кылуу келечекте ишке ашса керек, а учурда биз мугалимдерге ноутбук берүүнү жолго коюп жатабыз. Буйруса, жакын арада мугалимдердин 80 пайызы ноутбук менен камсыздалат, – деди. 

Тоялиев белгилегендей, акыркы 10 жылдын статистикасын алганда, ошол аралыкта билим берүүгө бөлүнгөн каражаттын 70 пайызга жакыны өздөштүрүлгөн. Акыркы жылдары гана окуу китептерин чыгарууга каражат мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп бөлүнө баштаган. Мурда каражат жетишсиздигинен ар бир беш жылда өзгөртүлгөн билим берүү стандартына ылайык окуу китептери менен камсыздоо толук кандуу болбой, китеп жетишсиздиги апогейине жеткен.