Калкан безинин оорулары тууралуу билишиңиз керек болгон нерселер
Хирург-эндокринолог Тилло Тиллоев “Караван-Инфо” редакциясына калкан безинин оорулары жана аларды аныктоо ыкмалары тууралуу айтып берди.
- Калкан безинин бир топ кеңири тараган кандай оорулары бар?
- Гипотиреоз (гормондордун жетишсиздиги), гипертиреоз (гормондордун ашыкча болуусу), калкан безинин түйүндөрү жана калкан безинин рагы бир топ кеңири тараган ооруларга кирет.
- Гипотиреоз менен гипертиреоздун белгилери кандай?
- Алгач калкан бези бардык зат алмашуу процесстерине жооп берээрин, гормондордун жетишсиздиги же ашыкча болуусу өзүнчө белгилерди жаратаарын түшүнүшүбүз керек. Гипотиреоздун белгилерине чарчоо, салмак кошуу, дайыма чыйрыгып жүрүү жана депрессия кирет. Гипертиреоздо адам арыктайт, жүрөгү лакылдап тез согот, тердейт жана ачуулуу боло баштайт.
- Калкан безинин ооруларын аныктоого кандай ыкмалар колдонулат?
- Дарт аныктоодогу биринчи негизги ыкма: ТТГ, Т3, Т4 нормондоруна кан анализин тапшыруу, УЗИ жана кээде калкан безинин биопсиясы керектелет.
- ТТГ деңгээли калкан безинин ооруларын аныктоодо канчалык маанилүү?
- ТТГ (тиреотроп гормону) калкан безинин функциясын аныктоого жардам берет: деңгээли жогору болсо гипотиреоз, ылдый болсо гипертиреоз. Бирок дайым эле бир жактуу боло бербейт, ошондуктан анализдин жыйынтыгын врач гана чечмелейт, өз алдынча диагноз коюу менен алектенүүгө болбойт.
- Калкан безинин ультрадобуштуу иликтөөсү кандай жүргүзүлөт, ал эмнени көрсөтөт жана зыянын тийгизбейби?
- Бул эң жөнөкөй, жеткиликтүү жана коопсуз ыкма. УЗИ калкан безин сканерлеп, көлөмүн, түзүмүн көрсөтүп, анда түйүндөр, шишик бары-жогун аныктайт.
- Калкан безинин ичке ийнелүү аспирациялык биопсиясы кандай учурларда белгиленет?
- УЗИден түйүндөр же шектүү түзүлүштөр табылган учурда алардын табиятын билүү жана ракты жокко чыгаруу үчүн биопсия дайындалат. Бирок баарына эле биопсия жасала бербейт, мында кээ бир эл аралык көрсөткүчтөр жана бейтаптын психоэмоционалдык акыбалы эске алынат. Андай учурда эксперттик борборлорго кайрылууну сунуштайм.
- Калкан безин радиоизотоптук сканерлөө (сцинтиграфия) үчүн кандай көрсөткүчтөр керек?
- Сцинтиграфия калкан безинин же анын айрым бөлүктөрүнүн гиперфункциясын баалоо, гипертиреозду аныктоо же гормондордун гиперпродукциясы үчүн түйүндөрдү баалоодо жүргүзүлөт. Ошондой эле калкан безинин метастаздарын диагностикалоо жана аныктоо үчүн кызмат кыла алат.
- Экинчи медициналык корутунду алуу канчалык маанилүү?
- Мен байкап жүрөм, көпчүлүк кесиптештерим алардын бейтаптары дагы башка дарыгерлерге кайрылганын жактыра беришпейт. Бул туура эмес позиция. Мен эгерде сизге коюлган диагнозго ишенбей жатсаңыз же көбүрөөк кеңеш алууну кааласаңыз башка жогорку билимдүү адиске дагы кайрылып көрүңүз дейт элем.
Экинчи медициналык корутунду алуу кайсы бир деңгээлде маанилүү: бул биринчи диагноз так коюлганына жана бейтаптын акыбалына ылайык келээрине ынандырат. Ар кайсы врачтын ар башка көз карашы же тажрыйбасы болгондуктан кырдаалды бир топ так баалоого алып келет.
Андан тышкары экинчи корутунду дарылоонун биринчи текшерүүдө эске алынбаган альтернативдүү ыкмаларын сунушташы ыктымал. Бейтапка бир топ натыйжалуу дарылоону тандап алуу мүмкүнчүлүгү жаралат.
Мен ар кайсы курактагы бейтаптар менен иштешем, ага адистигим жана дипломум жол берет. Көйгөй медициналык мекемелерде гана пайда болушу мүмкүн, анткени алар тиешелүү лицензияга ээ болушу керек. Бүгүнкү күндө 18 жашка чейинки бейтаптарды Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, а 18 жаштан ашкандарды Доктор Громова жана Amanat Hospital медициналык борборлорунда кабыл алам.
Дарыгердин кабыл алуусуна кантип жазылуу керектигин шилтемелер аркылуу билүүгө болот:
1. Instagram - https://www.instagram.com/dr.tilloev_official/
2. Telegram канал - t.me/tilloevmd
3. Онлайн консультация - https://endoinfo.ru/catalog/khirurg-endokrinolog/tilloev-tillo-abdulloevich/