Рано Акматова, педагог балдар психологу: Бакырган эмес, бата тилеген эне болуу күчтүүлүктүн, акылдуулуктун белгиси
Баланы туура тарбиялоого багыт берген педагог жана жаш балдар психологу Рано Акматова менен баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.
– Рано, энелер бакырган эмес, бата тилеген эне болуш үчүн эмне кылышы керек?
– Бала тарбиясында эненин үнү добуш гана эмес, балага жеткен сезим, мамиле жана туюм. Апа балдарга кыйкыргандан мурун өзүн тарбиялашы керек. Бакырган жерде тарбия болбойт. Үн көтөрүлгөн учурда тарбия эмес, көбүнчө коркунуч иштейт. Бала апасынын үнүнөн тарбия албастан, андан качууну үйрөнөт. Ал эмне үчүн урушту дебейт. Кантип качам деп ойлонот. Кыскасы, бакыруу – убактылуу жеңиш жана узак мөөнөттүү жоготуу десек да болот.
– Апа да жөн эле бакыра бербесе керек?
– Туура. Бакырууга да себептер болот. Маселен, апа чарчаганда, корккондо, стресс болгондо биринчи үнү жабыркайт. Ошон үчүн үнү катуулап баратканда бала менен сүйлөшүүнү жылдырып турушу керек. Себеби ачуулануу денеде орто эсеп менен 14 мүнөт активдүү жашайт; дал ушул кыска аралыкта апалар көп учурда маселенин өзүн эмес, баланын өзүн сынга алып алышат. Ошондуктан ошол толкунда балага жакындабоо үнүн басаңдатып терең дем алуу — жоопкерчиликтүү чечим болуп эсептелет.
– Андай учурда эне эмне кылышы керек?
– Эне алгач өзү менен диалог куруп, мен чарчадымбы? Азыр реакция менен сүйлөймбү же жоопкерчилик мененби деп алгач өзүн иретке келтирип алышы керек. Мындай учурда онго чейин санап, бети колду жууп же көзгө көрүнгөн буюмдарды үнүбүздү чыгарып аттарын атап жиберүү да кыйла тынчтандырат.
Эне өз эмоциясын башкарганда гана баласына да эмоцияны башкарууну үйрөтөт. Ар күнү туура дем алуу көнүгүүлөрдү жасап, чарчаганда эс алып же мен азыр эмоция менен сүйлөймбү же акыл-эс мененби деп өзүнөн сурап турушу керек.
– Эне эмоциясын башкара албаган учурда эмне болот?
– Эне эмоциясын башкарбаган учурда балдарга жооп ордуна жаза берет. Күйүмдүүлүк ордуна кыйкырат. Сабырдын ордуна коркутат. Эне өзү үлгү болгондо бала да өзүн башкарганды үйрөнөт. Ошон үчүн маселени чечиш үчүн эне өзүн колго алышы керек. Тагыраагы, эне баланын аракетин анын инсандыгынан ажыратып баалашы керек. Сен акылдуу баласын, бирок кылган ишиң туура эмес. Ушундай өңүттөгү сөздөр баланын ички өзөгүн бекемдейт, ал эми бакырган сөздөр өзөктү чайпалтат. Бакырып жаткан эне учурдагы кыйынчылыкты гана көрөт. Бата тилеген эне — баланын кемчилигинен мүмкүнчүлүк издеп, тарбиядан бакыт түптөйт. Мисалы, бала окуудан артта калса, сен жөндөмсүз эмессиң, жөн гана азыр жардам керек болуп жатат деп колдоо көрсөтүшү керек.
Бала энесинин үнүнөн дүйнөнү сезет. Эгер дүйнө бакырган болсо бала чочулап чоңоёт. Эгер эненин үнүндө үмүт, ишеним, сүйүү болсо бала дүйнөгө канат байлайт. Бакырган эмес, бата тилеген эне болуу бул күчтүүлүктүн, акылдуулуктун белгиси!
– Баланын кыялын байытуу үчүн энелер эмне кылышы шарт?
– Баланын кыялы – бул жөн эле ой жүгүртүү эмес. Бул – жашоонун сценарийи. Бала жашоону кандайча элестетсе, ошондой жашайт. Ал кыял канчалык бай болсо, баланын келечекке болгон ишеними ошончолук күчтүү болот. Демек, эненин ролу – баланын ички дүйнөсүнө боёк кошуу, чектелбеген ойлорго эшик ачуу. Элестетүүгө уруксат берүү керек.
Көп эне реалдуулукка салып, жок, андай болбойт, башкача ойлобо деп токтотуп коёт. Бул баланын кыялын сындырууга кирет. Эгер бала мен асмандагы үйдө жашайм десе кандай сонун идея! Ал үйдө эмне бар экен деп суроону улантып кыялдандырыш керек.
Кыял – бул жөн эле фантазия эмес, баланын руханий кеңейүүсү десек да болот. Жомок кыялдын мектеби. Күн сайын жомок угузуп, андагы каармандар тууралуу бала менен сүйлөшүү – баланын ой дүйнөсүн тереңдетет. Жомок – бала үчүн чоңдор дүйнөсүн түшүнүүнүн коопсуз жолу. Маселен, бала менен бул жомоктогу баатыр эмнеси менен сага окшош? Эгер сен ошол каарман болсоң, эмне кылмаксың деген суроолор аркылуу анын өзүн таанып, өз кыялы менен байланыш түзүшүнө шарт түзүү зарыл. Кээде бала эмне үчүн булут ак? Эмне үчүн суу агат деп тынбай сурайт. Эне болдучу, тынчтанчы дебестен суроо берип, андан ары ой чабытынын өсүшүнө шарт түзүшү керек.
– Кыялданганды билбеген адам өзүнө кол салышы мүмкүн дешет. Ошол чынбы?
-Ошондой десек дагы болот. Мага бир 16 жашар кызды консультацияга алып келишкен,3 жолу суицидге барган экен. Ал кыз менен иштешип жатып, чоңойгондогу жашоосун элестете албастыгын, кыялдануусу жоктугун билдим. “Чоңойгон жашоомдо сатылган , кордолгон кыздар, согуш, зомбулуктарды гана элестете алам” дейт. “Аларды тиктоктон көргөм, ошондуктан жашабай эле коеюн дедим”- дейт. Жыйынтыгында кыз менен эч ким сүйлөшпөгөнү, өмүрү бир дагы жомок укпаганы, анысы аз келгенсип зомбулукка кабылганы билинди.
– Балага кыялданууну үйрөтүш үчүн эмне кылыш керек?
– Эненин көз карашы – баланын ички дүйнөсүнүн күзгүсү. Эгер эне ишенсе, бала кыялданат. Эгер эне угуп, кубаттаса — бала канат байлайт. Бала апам “мени угат” деп ишенгенде гана “мен ойлойм” деп кыялы байыйт.
– Азыр ар бир ата-эне баласын телефондон коргой албай убара. Телефондон алаксытыш үчүн эмне кылышы керек?
– Телефон бүгүнкү күндө баланын тынчытуучу дарысына айланып баратат. Энелер балам ыйлаганда берем, тынч отурсун деп берем, тамак жеш үчүн, укташ үчүн, көчөгө чыкпай коюшу үчүн берем дешет. Мындай кыла берсек баланын тынчтыгы эле эмес, акылы, тил байлыгы, сезимдери, көз карашы ушул экрандын ичинде камалып калат. Телефонду азыр ата- энелер душманындай көрүп жатышат. Телефон бизге душман эмес, бирок дос дагы эмес, жөн гана колдонуучу буюм катары карашыбыз керек.
Ата-эне көбүнчө алып койдук дейт. Бирок телефонду тартып алуу менен боштук пайда болот. Ал боштукка эч нерсе сунушталбаса – бала кайра экранды талап кыла берет. Баланы алаксытуу эмес, телефонду алмаштыруу керек:
- Телефон ордуна жомок – бирок бир эле окуу эмес, ролго бөлүнүп ойноо
- Телефон ордуна оюн – бирок бир эле оюнчук эмес, кошо ойноо
- Телефон ордуна диалог – бирок бир эле сурап коюу эмес, чогуу кыялдануу
Экран менен күрөшбөш керек. Анткени, күрөш каршы чыгууга түртөт. Эне баланы өнүктүрүү үчүн күн тартибинде убакыт бөлсө, бала автоматтык түрдө экрандан башка дүйнөнүн бар экенин түшүнө баштайт. А биз альтернатива бербей эле тыюу сала берсек жыйынтык болбойт. Маселен, көп ата-эне жакшы иш кылсаң , жакшы окусаң телефон берем дейт. Бул балада телефон – өтө баалуу нерсе деген түшүнүктү бекемдеп коёт. Бала сизди телефон менен көп көрсө сизден да ошол нерсени үйрөнөт. Эгер апасы көңүл буруп отурса, бала эч качан телефонду биринчи тандабайт. Балага жандуу байланыш, эмоция, көңүл, элес керек. Ал сезими тоюп жатса бала телефонду зарылдык катары эмес, курал катары гана кабыл алат. Эгер балага күнүгө күлкү, диалог, оюн, кучак, жомок жетсе – ал экранга көз каранды болбойт. Баланы телефондон коргоо – бул тыюу эмес, бала менен болгон мамилени кайра түзүү. Бул жок деп айтпоо эмес, бул андан да жакшы деп көрсөтүү зарыл. Ошон үчүн энелер телефонду эмес, бала менен болгон байланышты күчөтсө, 20 мүнөт бала менен жандуу өткөрүлгөн убакыт – 3 сааттык экрандан кымбат болот.
– Баланы тыйыш керекпи же эркиндик бериш керекпи?
– Бала тарбиясы «тыюу» менен «эркиндиктин» ортосундагы жипке окшош. Эгер жип өтө тартылса үзүлөт. Эгер бош болсо башаламан болуп калат. Баланы тең салмакта өстүрүү бул “баарын уруксат кыл” же «баарына тыюу сал» дегендик эмес, баалуу эркиндик менен коопсуз чекти айкалыштыра билүү.
Тыюу – бул коркутуу эмес, коопсуздукту түшүндүрүү. Балага «болбойт» деген сөз керек. Бирок ал сөз коркутуп коюу үчүн эмес, коопсуздукту, жоопкерчиликти, чекти көрсөтүү үчүн айтылышы керек. Мисалы:
- Печкага тийбе! -деп кыйкырбай, печка ыссык, ал сени күйгүзөт– деп себебин түшүндүрүү керек.
Эгер коркутуу менен айтылса – мен туура эмес деген жыйынтыкка алып келет. Эгер тыюунун себеби туура түшүндүрүлсө, менин коопсуздугумду ойлоп жатышат деп түшүнөт.
Ал эми эркиндик тууралуу айтсам, эркиндик – бул каалаганын кылууга уруксат дегендик эмес. Эркиндик – балага тандоо берүү, чечим кабыл алууга үйрөтүү. Бирок тандоо ар дайым чектүү болушу керек:
- Кайсы көйнөктү кийесиң? – деген тандоо эркиндик,
- Кийгиси келбей жатат, ошондуктан кийбей эле койсун деген чексиздик.
Чексиз эркиндик балада баш аламандык жаратып, мага эч ким багыт бербейт деген коркунучту жаратат. Ошондуктан, баланын жаш курагына жараша тыюу да, эркиндик да өзгөрөт. Ошон үчүн эне чек коюучу эмес, багыт берүүчү болушу керек. Ошондо гана баары өз нугунда болот. Ашыкча маселе, түшүнбөстүк жаралбайт.
