Айтматов ааламындагы айымдар 
1 январь

Айтматов ааламындагы айымдар 

Залкар инсан Чыңгыз Айтматовду кыргыздын атын чыгарган жазуучу дегенибиз аздык кылат. Ал – ѳзүнчѳ бүтүн аалам. Себеби анын чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар, театрларда коюлган спектаклдер канчалаган актёр, атрисалардын бактысын ачып, жылдызын жандырган. Мындай бакытка ээ болуп элдин кызына, кыргыз аялынын жүзүнѳ айланып калган айымдарды иргеп, алардын Айтматов ааламына кандайча аралашып калгандыгына бирге окуйлу.  

Айтматовдун тандоосу менен Толгонайга айланган Бакен Кыдыкеева

Геннадий Базаров тарткан «Саманчынын жолу» тасмасы 1967-жылы элге кѳрсѳтүлгѳн. Жаш режиссёр чыгарманы тасмага айлантарын укканда эле Чыңгыз Айтматов: «Мен Толгонайдын образын Бакен Кыдыкеевадан кѳрүп жатам», – деген. Режиссёр да ушул пикирде болгондуктан бул роль ошол кездеги Кыргыз ССРнин Эл артисти Бакен Кыдыкеевага сынаксыз ыйгарылган. Улуу актриса тууралуу: «Бакен эже кесибин мыкты билгендиктен аны менен иштешүү оңой болду. Ал турсун, менин ишимди кыйла жеңилдетти. Эжеге эч кандай нускоонун кереги жок эле. Эсимде, Майсалбектин «баратам» деген катын алган соң аны тосууга барган жерде эжени поезд тебелеп кете жаздаган. Тасманын мыкты деңгээлде чыгышына Бакен эженин салымы зор», – деп эскерет режиссёр. Бакен Кыдыкеева Толгонайдын образы үчүн СССРдин Эл артисти наамына ээ болгон.  

Алтынай Натальяны балет дүйнѳсүнѳн кино дүйнѳсүнѳ алып кеткен

Кыргыз жана Орусия Эл артисти Наталья Аринбасарова Чыңгыз Айтматовдун эки каарманын тасмага жашаткан. Биринчиси «Биринчи мугалим» тасмасындагы Алтынайдын образы болсо, экинчиси – айтылуу Жамиля. Актриса тасмага режиссёр Андрей Кончаловскийдин тандоосу менен тартылган. Бул учурда ал тасма дүйнѳсүнѳн эч кабары жок балерина болуу кыялына жетүү үчүн билим алып жаткан эле. 

Ошентип, 17 жаштагы Наталья Кыргызстан деген жерге биринчи ирет келип, биринчи образын жаратып, тасма ааламынын босогосун алгач ирет аттайт. Актриса интервьюларында:

«Дүйшѳн экѳѳбүздүн атка учкашып жаанда калган жерибиз мен үчүн эң оор болгон. Жаанды ѳрт ѳчүргүчтѳрдүн машинеси менен шар аккан суудан алып жасашкан. Суу денебизге чыныгы жамгырдай жумшак тийбей, муздак суу бир жонубузга, бир кѳкүрѳгүбүзгѳ күч менен урунат. Тартуу иши бир күнгѳ созулуп, тартуу соңунда мен эсимди жоготуп кулагам. Ал эми Дүйшѳн менин мойнумдагы күмүш зер буюмду жулуп алып бетке чапкан жерин 15тей дубль менен тартканбыз. Болот ар бир жолу образга кирип чаба бергендиктен бетим кѳгѳрүп, шишип кеткен», – деп эскерет. 

Жаштыгына карабай ушундай түйшүктѳрдү кѳтѳргѳн актриса Алтынайдын образы менен тез арада эл аралык атакка жеткен. Ал тасмада бийиктиктерге жеткени менен балерина болбой калганына азыркыга чейин ѳкүнѳт. Наталья Аринбасарова 2016-жылы Кыргызстанга келип «Ак илбирс» улуттук сыйлыгын тапшыруу аземинде кыргыз тасмасына кошкон салымы үчүн сыйланган.  

Назира Мамбетова – бузуку Кадича, бактысыз Бекей 

Учурдун улуу таланты Назира Мамбетова да Айтматов ааламында татыктуу из калтырган. «Мен Тянь-Шань» тасмасындагы Кадичанын образы тасма тартуучулардын, тасма таануучулардын кѳз карашында мыкты чыкканы менен аны эл абдан жектѳѳ менен кабыл алган. Бир бүлѳнү бузган аялдын ролун ойногону үчүн актриса энеси баштаган элдин жемесинде калып, ооруканага барса ийне сайдыра албай, конокко барса тынчыраак отуруп чай иче албай калган экен. «Ак кеме» тасмасындагы күйѳѳсүнѳн токмок жей берген Бекейдин образы болсо актрисага карата калың элдин аёо сезимин ойготкон. Бул образдары тууралуу актриса:

«Кадичаны ойногондо турмушка чыга элек 23 жаштагы кыз элем. Тасмадагы ѳнѳктѳшүм Дүйшѳн менен бир тѳшѳккѳ жатып тартылуу мага азап болгон. Уялып, ал үчүн тил уккам. Ал эми Бекейдин образын ойногондо бир кыздын энеси болуп калгам. Бири-бирине карама-каршы келген бул эки образ тең ѳзүмѳ абдан жагат», – дейт.   

Шайыр Касмалиеванын тушоосун Сейде кескен 

«Келгин куштардын ыйы» тасмасы Айтматовдун «Бетме-бет» повестинин негизинде 1990-жылы тартылган. Башкы каарман Ысмайылдын жубайы Сейденин образы үчүн сынакка жаш актриса Шайыр Касмалиева атайын чакыруу менен катышкан. Актриса:

«Сейденин образы менин тушоомду кескен. Киного болгон берилүүм тынчтык бербей, кесибиме сүйүүм артып турган 21 жашымда тартылгам. Сынактан эч кыйынчылыксыз эле ѳтүп кеткем. Бирок тартуу учурунда баары эле оңой боло берген жок. Ысыкка какталып, суукка тоңуп кыйынчылыкты жакшы эле тарттым», – дейт.

Белгилүү актриса ошол жылдан бери чыгармачылыктын күнгѳй-тескейин кѳрүп, тасма жана театр тармагына ѳз салымын кошуп келет. 

Базарбайдын азабын тарткан Жамал Сейдакматова 

Баарыбызга белгилүү «Акбаранын кѳз жашы» тасмасы «Кыямат» романынын негизинде тартылган. Андагы ичкич Базарбайдын аялынын ыйы, ызалуу сѳздѳрү кѳргѳн жандын зээнин кейитет. Бул образды ачып берген актриса Жамал Сейдакматова тасманын тартылышы тууралуу: «Тасма Бостон Базарбайды атып кетип, аялы Базарбайдын башын кучактап сыздап ыйлаган жеринен тартыла баштаган. Бул бир эле дубль менен тартылып мен режиссёрдун ыраазычылыгына татыгам. Ал эми Базарбайдын мени сабаган жери эки күндѳ тартылган. Себеби Дүйшѳн ыймандуу бала болгондуктан мени аялы катары кабыл ала албай уялып, тартына берди. 

Ошондо ишин мыкты билген режиссёр Дооронбек Садырбаев аны ѳзүнчѳ чакырып алып намысына тийген кептерди айтып:

«Азыр жакшы ойнобосоң, сени алмаштырууга туура келет», – дегенге чейин барыптыр. Анан намыстанып калган Дүйшѳн келип мени кѳңдүн арасына киргизе чаап атпайбы. Сценарий боюнча анчалык «чапканда кѳңгѳ кирип кетсин» делген деле эмес эле. Бирок ошентип ийгиликтүү болуп кеткен. Дүйшѳн байкуш мени чабарын чаап алып, камера токтору менен жүгүрүп келип кечирим сураган. А мен ага капа болбой эле, ишин жакшы аткаргандыгы үчүн ыраазы болгом», – дейт. 

Бир мүнөз, намыскөй айымдар Асел жана Динара 

«Мен Тянь-Шань» тасмасы «Делбирим» повестинин негизинде 1972-жылы «Мосфильм» киностудиясы тарабынан тартылган. Тартуучу топ Аселдин образы үчүн казак-кыргыз элинен жыйылган үч миңдей кыздын арасынан 14 жаштагы Динара Чочунбаеваны тандап алышкан. Актриса тасмадагы образына өзүнүн тоңдугун, бир мүнөздүүлүгүн, намыскөйлүгү менен көктүгүн окшоштурат. Таланттуу кыз тасма үчүн 1,5 жылын короткон. Бирок бул аралык ага анча деле жагымдуу болбогонун ал мындайча баяндайт: «Мага тасма тартуу процесси такыр жаккан жок. Бирде күндүн чыгышын, бирде караңгы киришин күтүп, анан камерага карап образга киресиң. Ал эми жашоодо таптакыр башка адамсың. Мен болсо энелик эмес, сүйүү сезими да ойгоно элек секелек кызмын». 

Секелек күнүндө ушундай керемет тасмада өлбөс образ жараткан актриса кийин бир да тасмага тартылган эмес. Ал эми аталган тасманы бир гана жолу баштан аяк көргөн. Актриса кийин Москвада өзү каалаган окууга өтүп сүрөтчүлүк өнөрүн уланткан. Учурда Орто Азия боюнча чеберлердин башын бириктирип, кыргыз чеберлеринин башын кошкон иш-чараларды уюштуруп, арт-менеджерлик менен алектенет. Өнѳр жолунда табышкан жолдошу менен бир кыз, эки уулду тарбиялап, чоңойткон. 

Асел Эшимбекова беш образынын ичинен Бегимайды гана жактырат

«Махабат дастаны» тасмасы Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» тасмасынын негизинде тартылган. Башкы каарман Бегимайдын образына кыз издеп жаткан маалда актриса Гүлнара Чокубаева аялдамада отурган Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы Аселди кѳрүп калат. Аны апасына окшоштуруп дароо таанып, аталган образга ылайык кѳрүп режиссёр Дооронбек Садырбаевге айтып келет. Тартуучу топ Аселди тандашканы менен 16 жаштагы секелек кызынын тасмага тартылышын атасы каалаган эмес. 

Режиссёрдун кайталап суранып: «Жоопкерчилигин ѳз мойнума алам», – деген убадасы менен гана макул болуп, актриса болушун каалабаган атасына Асел: «Мындан башка тасмага тартылбайм», – деп кол бергенден кийин гана тартуу иши башталган. Ийгиликтүү чыккан Бегимайдын образы актрисаны тасма ааламына арбап, атасына айткан убадасын унуттурган. Асел Эшимбекова жалпысынан беш тасмада образ жараткан. Бирок алардын арасында ѳзү Бегимайдын гана образын жактырып кѳрѳрүн айтып келет. 

Мырзагүл болом деп чачын эки жыл бою беш ѳрүм кылып жүргѳн Нургүл

Бала күнүнѳн тасма ааламына кызыкдар Нургүл Кендирбаева 7-класста окуган тестиер курагында радиодон «Чыңгыз Айтматовдун «Эрте жаздагы турналар» чыгармасынын негизинде тасма тартылат. Тасмага тартылууну каалаган кыздар, балдарга сынак жарыялайбыз» деген жарнаманы угуп сынакка катышкан. Тасма 1977-жылы тартыла баштап, 1979-жылы аяктаган. Бул аралыкта тасмага тартылууга дайыма даяр турушу керек болгондуктан жаш актрисанын чачы ар качан беш ѳрүм болуп жүрчү экен. Бирок али жаш, актрисалык тажрыйбасы таптакыр жок кыз үчүн кыйынчылыктар болбой койгон эмес. Бул тууралуу ал: «Тартуу учурунда Мырзагүл ыйлай турган күнү ыйлай албай калган күндөрүм болду. Тасмада мектептен чыккан кыздарды чоң ата чана менен алып кетейин деп отургузганда Анатай чуркап келип кыздарды чанадан кулатып жиберет.

Ошондо Мырзагүл ыйлашы керек болчу. Бирок мен такыр ыйлай албай койгом. Менин ыйлашымды күтүү менен күн өтүп кетмек болду. Анын айынан түшкү тамакка да барбай калдык. Кыштын суук күнү эле, бир убакытта курсагым ачып, үшүп, чыдабай калганда ыйлап кирдим. Алар менин ыйымды тасмага тартып калышты», – деп эскерет. Нургүл Кендирбаеванын актриса болсом деген кыялы атасынын каза болушу менен кошо жок болуп, чет тилдер факультетинде окуп калган. Учурда бир уул, бир кыздын энеси.

Ошондо Мырзагүл ыйлашы керек болчу. Бирок мен такыр ыйлай албай койгом. Менин ыйлашымды күтүү менен күн өтүп кетмек болду. Анын айынан түшкү тамакка да барбай калдык. Кыштын суук күнү эле, бир убакытта курсагым ачып, үшүп, чыдабай калганда ыйлап кирдим. Алар менин ыйымды тасмага тартып калышты», – деп эскерет. Нургүл Кендирбаеванын актриса болсом деген кыялы атасынын каза болушу менен кошо жок болуп, чет тилдер факультетинде окуп калган. Учурда бир уул, бир кыздын энеси.