Руслан Айдар: Максатым – кыргыз музыкасына жаңычылдык алып келүү
24 сентябрь

Руслан Айдар: Максатым – кыргыз музыкасына жаңычылдык алып келүү

Соцтармактарда “Rouslnn” nickname менен таанымал болуп келаткан Руслан Айдар “Караван-Инфо” редакциясына чыгармачылыгы тууралуу маек берди. 

- Соцтармактагы баракчаңызды карап көрсөк, чыгармачылыкка жуурулушуп калганыңыз байкалат. Соцтармак үчүн чыгармачылыкка аралаштыңызбы же чыгармачылыкка аралашуу үчүн соцтармакты тандадыңызбы? 

- Негизи мен өзүмдү биринчи кезекте музыкант жана артист катары көрөм. Ал эми соцтармактарга чыгып жаткан контент - бул ушул жылы башталган чыгармачылыгымдын  кошумча натыйжасы.

Музыка мектебинде окугамын, бирок турмуштук себептерге байланыштуу аяктай алган эмесмин.  Келечекте альбом үстүндө иштейин деп жатам.

- Соцтармакта кызыктуу контент жаратып жатасыз, көпчүлүктү кайсы бир темага тартуу кыйынбы?

- Ар кандай болот. Негизи контент чыгарыш - бул кадимкидей эле жумуш - жаңы идеяларды табуу, пландаштыруу, тартуу, монтаж.

- Көбүнчө кандай темалар азыркы жаштарды кызыктырат?

- Бул суроого жооп бере албайм. Анткени мен кимдир бирөөнү кызыктыруу үчүн эмес, өзүмө кызык болгон нерселерди гана чыгарам. 

- Эмнеге чыгармачылык чөйрөнү тандадыңыз, ал сизди эмнеси менен тартты? Же үй-бүлөдө чыгармачыл адамдар барбы? 

- Үй-бүлөмдө жана туугандар арасында чыгармачыл адамдар жок. Бирок бала кезимден музыкага жакын болдум, ырдаганды жакшы көрчүмүн. Бала бакчага барып жүргөн кезимде музыка мугалимим үнүмдү байкап, мени өзүнчө окутуп баштады. Ал аркылуу жергиликтүү таланттар сынагына катышкам. Ошол жактан музыкалык мектептин өкүлү мени көрүп калып, ата-энем менен байланышып, окуумду музыкалык мектептен улантууну сунуштады. Бул окуя Россия жергесинде болгон, анткени мен ошол жакта төрөлгөнмүн. 

5-класста окуп жатканымда Кыргызстанга көчүп келе бергенибизге байланыштуу музыкалык мектепти аягына чыгара албадым. Бирок бул жакта дагы мектептеги ар кандай иш чараларга катышып, ырдоону уланттым. 

- Гитарада ойноп, ырдаган видеолоруңузду жарыялап каласыз, гитарада ойноо ошол музыкалык мектептен алган өнөрбү? 

- 10-класста окуп жүргөнүмдө гитараны интернет аркылуу өзүм үйрөнгөм. Андан соң университетте дагы ырдап, гитара ойноп жүрдүм. Студенттик кез аяктагандан кийин Бишкектеги бир нече кафе, барларда ырдап иштедим. 

 - Музыка сиз үчүн эмне? 

- Жакынкы учурга чейин музыканы хобби катары гана кабыл алчумун. Жогорку окуу жайын аяктаганымдан кийин кесибим боюнча эл аралык уюмдарда иштедим. Бирок чыгармачылык жандүйнөңө бир сиңип алса, аны жокко чыгаруу болбойт экен. Бир жыл мурда “же азыр же эч качан” деген принцип менен жумушумдан кеттим. Анан дароо “Миллионеры из общаги” сериалынын съемкасына катышып калдым жана биринчи ырымды жаздырдым. 

 - Көздөгөн максатыңыз эмне, келечекте кандай ийгиликтерди багындыруу кыялыңыз?

- Менин башкы максатым - Кыргызстандын маданиятын өнүктүрүү, музыка жана чыгармачылык жаатына жаңы нерселерди алып келүү. Мен жазып жаткан стилдеги музыка дүйнө боюнча жаңы нерсе эмес, бирок Кыргызстанда жана кыргыз тилинде бул албетте, жаңылык.