Нурлан Саякбаев: Мурун ырчы болууну кыялданчумун, азыр мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды үйлүү кылгым келет
7 сентябрь

Нурлан Саякбаев: Мурун ырчы болууну кыялданчумун, азыр мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды үйлүү кылгым келет

Алмаз Шадаевдин «Эми мага бары бир», «Жаным кой», Темир Дамирбековдун «Актилек» аттуу ырларынын клибине тартылган Нурлан Саякбаев бүгүн  биздин рекдакциянын коногу болду. Ал мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай изденүүдөн, өзүнүн тагдырлаш замандаштырына жардам берүүдөн тажабай турганын маегибизде билдик.

«Тери салган станокко бутумду алдырып алгам»

Мен 1990-жылы Ак-Талаа районунда жарык дүйнөгө келгем. Ата-энем эки жолго түшкөн үчүн мени бир жашымда таята, таенемдер багып алышкан экен. Ошентип  Жаңы-Талап (Куртка) айылында таятанын уулу болуп чоңойдум. Небере болгонум үчүнбү, же баккан бала ысык болот деген чынбы, айтор, аябай эрке чоңойтушту.  Мектепти эл катары аяктап борборго келдим. Окууну коё туруп бир жылча каражат топтоп алайын деген ой менен Туңгуч кичирайону жактагы кытайлар иштеткен тери заводго кирип иштеп калдым. Өзүм кичинемден ырдаганды абдан жакшы көрчүмүн. Акча тыйын кенен болсо ыр жаздырам деген максаттарым да бар болчу. Ошентип жүргөн кезимде заводдон кырсык басып тери салган станокко бир бутумду алдырып алдым. «Кырсык каш-кабактын ортосунда» деп коёт эмеспи, бул окуя тез арада болуп өттү. Ошентип ооруканага жатып бир бутумдан ажырап чыктым. Азыр протез менен басып жүрөм.

«Өз атамды бир да жолу көргөн эмесмин»

Жашоодо ар кандай сыноолор болот экен. Ак менен кара эриш-аркак жүрөт турбайбы. Мени чоңойткон таята-таенемден айрылдым. Ден соолугума күйүп-бышкан жалгыз апам болду. Өзүмдүн атамды бир да жолу көргөн эмесмин. Апам сүрөттөп айтып берген боюнча эле «ии, ушундай адам болгон турбайбы» деп элестетүү менен гана билем. Ал адам деле мен 10-класста окуп жүргөн кезимде кайтыш болуп кеткен экен. Өзүм чоңойгон тай тараптагы бир туугандарым, апамдын экинчи турмушунан Данияр, Керемет деген сонун бир боорлорум бар, шүгүр. Чоң адамдардын катарына кошулгандан кийин баарын салмактап, түшүнүү менен кабыл алганга аракет кылдым. Азыр бардыгы менен мамилем жакшы, сүйлөшүп турам.

«Ырларымды белгилүү ырчылар ырдап жүрүшөт»

Мен негизи жашоого позитив менен караган адаммын. Ошон үчүнбү, тагдырыма эч качан нааразы болгон эмесмин.  Мүмкүнчүлүгүм чектелүү деп мөгдүрөп отуруп калбай, бир кездеги кыялымды орундатып ырдап жүрдүм. Акынмын деп деле айта албайм, бирок ыр токуп коймой да адатым бар.  Өзүм жазган ырлардын бири менен конкурска катышып 1-орунду жеңип алгам. Андан сырткары менин калемимден жаралган ырларды Алмаз Шаадаев, Элдос Эгембердиев деген ырчылар ырдап жүрүшөт. Өзүм болсо убагында ырдайм деп бир нече ыр жаздыргам, бирок калың элге жайылта албадым. 

«Мен тартылган клип 49 млн көрүү алыптыр»

Кийин коомдук иштер, долбоорлор менен иштей баштадым. Бир ырчы, бир мүмкүнчүлүгү чектелген адам менен “Кош жылдыз» долбоорун уюштуруп жүрүп Индира деген айым менен таанышып калдым. Ал Индира эжебиз Алмаз Шаадаевдин продюсери экен. Эже-инилик мамилебиз жакшы болчу.  Ошентип бир күнү Алмаздын клиби тартылмак  болуп калды. Идеяларды берип, эже менен биргеликте сценарий жаздык. Эртеси эле «Нурлан, ушул клиптеги жигиттин образын өзүң жаратып, өзүң эле тартылбайсыңбы?» деген сунуш беришип, «Эми мага баары бир» ырынын клибине тартылып калгам. Ушул клип бүгүнкү күнгө чейин 49 млн көрүү алыптыр. 2023-жылы ошол көп көрүүчү топтогон клиптин арты менен «Жылдын мыкты актёру» наамын көрүүчүлөрдүн колдоосу менен беришти. 

«Кудайыма шүгүр, үч баланын атасымын»

Азыр атымды билбесе да өң-келбетимден  тааныгандар көп. Бүгүнкү күнгө чейин «Сен клиптеги баласыңбы?» деп сурай беришет. Интернеттин күчү укмуш эле экен. Таанымал да болосуң, ал турсун өз жарыңды таап алсаң болот. Менде ошондой болду, социалдык түйүндөрдүн арты менен Күмүшай аттуу Нарындын сулуусун жактырып, жеке баракчадан таанышып калдым. Жолугуп көрдүк, жылдызыбыз келишип Кудайдын буйругу менен баш кошуп калдык. Кудайыма шүгүр, учурда Азирет, Арнас, Али аттуу үч уулдун ата-энесибиз.

“Актилек” ырынын клибине тартылдым» 

Үй-бүлө мен үчүн биринчи орунда. Мен ата катары үй-бүлөмдү камсыздашым керек да. Учурда унаалардын сыртын сырдап иштейм. Негизи клипке тартылууга сунуштар көп эле түшөт. Балким сценарийи жакпаганданбы,  көбүнчөсүнөн баш тарткам. Бирок жакында эле Темир Дамирбековдун «Актилек» чыгармасына тартылып бердим. Ырдын мааниси, клиптин  мазмуну жакшы болгон үчүн макул болдум. Негизи эле жашоодо бири-бирибизге тирек боло жүргөнүбүз жакшы. Ар дайым жакшылык жасаганды, соопчулук кылганды унутпашыбыз керек. Чыгарманын мааниси да ушундай экен.

«Жашоого аракет» фондунун жетекчиси кылып шайлашкан»

2021-жылы ден соолугунан ажыраган, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга азыркы Президентибиз Садыр Жапаров жолуккан эле. Ошол акциянын жүрүшү менен «Жашоого аракет» деген кайрымдуулук фонд түзүлүп, мени төрага кылып шайлап коюшкан. Азыр бардык үй-жайы жоктордун муктаждыгын чечүү аракетин көрүп жатабыз. Ошондой эле кайрымдуу элибиздин арты менен көптөгөн замандаштарыбызга жардам берип, жакында эле басуу мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жыйырмадай араба алып келип бердик. Майыптыгы барлар коомдук транспорттордо бекер жүрөт деп ойлошот. Борбордо каттоосу барлар гана бекер жүрө алышат. Биз катардагы адамдардай эле жол кирени төлөйбүз. Бирок ишке орношоюн десең ишке жарамсыздыгың бар деп кабыл алышпайт. Ошондой  көрүнүштөрдү жөнгө салуу үчүн иш-аракеттерди көрүп жатабыз. Мындай иштер менен жүрүп ырдаганды, ыр жазганды  деле унутуп баратам.

«Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды үйлүү кылсам деген тилегим бар»

 Турмушта ар кандай түркүн тагдырлар болот. Коомчулук көп маани бербеген менен ден соолугунан ажырагандар кордук көрүп калган учур көп болот. Менин бирден бир максатым - ошондой кырдаалга дуушар болгондорго убактылуу баш калкалоочу жай куруп берүү. Бул маселени жогорку бийликтеги инсандарыбызга  жеткирели, бул долбоорду ишке ашыралы деген максатта чуркап жүрөм. Бир кезде чыгармачылык менен алек болуп, ырдап талантым менен таанымал болгум келип кыялдансам, азыр мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоо, алардын ар бирин турак жай менен камсыз кылуу деген аруу тилектер менен аракет кылып жүрөм. Мен ушундай чоң максаттарды ишке ашыргым келет. Кудайым ошол күнгө жеткирет деген ойдомун.