Кылычбек Рысалиев: «40 уникалдуу туристтик объект» долбоору Кыргызстанды Борбордук Азиянын алдыңкы туристтик дестинациясына айландырат
Туризм Кыргызстандын экономикалык өсүшүндө жана жаңы жумуш орундарын түзүүдө маанилүү ролду ойнойт. Туристтик потенциалды өнүктүрүүнүн негизги пункттарынын бири 2025-жылы республика боюнча 40 туристтик базаны ишке киргизүү долбоору болуп саналат. Туристтик базаларды жайгаштыруу үчүн 156 локация сунушталды. Жергиликтүү бийлик органдарына жергиликтүү эл жана потенциалдуу инвесторлор менен сервисти жакшыртуу, уникалдуу маршруттарды өнүктүрүү жана саякаттын бардык этаптарында коопсуздукту камсыз кылуу боюнча консультацияларды өткөрүү тапшырылды.
Бул долбоор жана жалпы туризмдин өнүгүшү тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризмди өнүктүрүү фондунун президенти Кылычбек Рысалиев айтып берди.
– Эмне үчүн мамлекет Кыргыз Республикасындагы аймактарды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары туризмди тандады?
– Мамлекет туризмди аймактарды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты катары бир нече себептерден улам тандап алды: Кыргыз Республикасы туруктуу экономикалык өсүштүн негизи боло ала турган уникалдуу жаратылыш, маданий жана тарыхый ресурстарга ээ. Туризм – бул калк үчүн, айрыкча айыл жерлеринде жумуш орундарын түзүүгө ылайыктуу, эң көп жумуш күчүн талап кылган тармактардын бири. Туристтик инфраструктураны өнүктүрүү мейманкана бизнесинде, кафелерде, транспортто, кол өнөрчүлүктө жана башка тиешелүү тармактарда элди иш менен камсыз кылууга өбөлгө болот.
Котуризмге, этномаданий маршруттарга жана тоо курортторун өнүктүрүүгө басым жасоо туристтерди тартуу менен гана чектелбестен, уникалдуу жаратылышыбызды, салтыбызды жана тарыхый эстеликтерди сактоого да жардам берет.
– Кыргыз Республикасынын 40 районунда 40 уникалдуу туристтик объектилерди ишке ашыруунун узак мөөнөттүү экономикалык таасирлери кандай болот деп күтүлүүдө?
– «40 райондо 40 уникалдуу туристтик объекти» долбоорун ишке ашыруу бир катар узак мөөнөттүү экономикалык таасирлерди алып келет:
Туристтик объектилерди өнүктүрүү ички жана чет элдик туристтердин агымын көбөйтөт, бул чакан жана орто бизнестин кирешесинин өсүшүн, бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшүн жана региондордун экономикасынын чыңдалышын шарттайт. Долбоор миңдеген жаңы жумуш орундарын түзөт. Аймактардын инфраструктурасы өнүгөт.
Жаңы туристтик объектилер жеке инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу менен аймактардагы чакан жана орто бизнестин өсүү чекиттерин түзөт.
Аймактарда жумуш орундарын түзүү калктын жумуш издеп миграция агымына кошулуусун азайтат. Инфраструктураны өнүктүрүү алыскы аймактардагы жашоонун сапатын жогорулатат, жашоо жана иштөө үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.
“40 уникалдуу туристтик объект” долбоорунун мультипликативдик таасири күчтүү: ал экономикалык өсүшкө түрткү берет, инфраструктураны өнүктүрөт, жумуш орундарын түзөт, инвестицияларды тартат жана Кыргыз Республикасынын эл аралык оң имиджин түзөт. Бул аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө жана өлкөнү Борбор Азиядагы алдыңкы туристтик дестинацияга айландырууга карай стратегиялык кадам.
– Эмне үчүн дал ушул 40 туристтик база? Бул тандоо изилдөөлөргө негизделгенби же символдук санбы?
– Символдук сан, кырктан ашыруу да керек, ошондой болушу да мүмкүн. Бул өзүнчө кайталангыс акция деп айтсак болот.
– 40 районду тандоо процесси кандай өтөт? Кандай критерийлер эске алынды?
– Эс алуу зоналары үчүн жер тандоодо төмөнкү критерийлер эске алынат:
- Туристтик жагымдуулугу (жаратылыштын кооздугу, активдүү эс алууга мүмкүнчүлүктөр, экологиялык жактан тазалыгы);
- Транспорттук жеткиликтүүлүгү (ыңгайлуу жолдор, коомдук транспортко жакындыгы);
- Негизги инфраструктуранын болушу (электр энергиясы, суу, канализация);
- Жердин укуктук статусу (аны туризм үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү);
- Экономикалык максатка ылайыктуулугу (ижарага чыгымдын аз кетиши жана инвесторлорду тартуу потенциалы).
Долбоордун катышуучуларын тандоо үчүн төмөнкү критерийлер колдонулат:
Туризм тармагында тажрыйбасы жана квалификациялуу команданын болушу;
Финансылык мүмкүнчүлүктөрү (инвестициялар жана бизнес-план);
Экологиялык жоопкерчилик (жаратылышка зыян келтирбөө боюнча план жана нормаларды сактоо);
Долбоорду ишке ашыруунун реалдуу мөөнөтү;
Туристтерди тарта турган инновациялык жана уникалдуу идеялар.
– Туристтик базалардын форматтары аймакка жараша өзгөрөбү (экобазалар, тоо курорттору, этно-лагерлер ж.б.)?
– Өзгөчөлөнүп турса жакшы болмок, анткени бизде баары көчүрмө болуп жасалат. Ошондуктан "Уникалдуу 40 тур объектиси" деп атадык. Өзүнүн айылынын, районунун, тоолорунун өзгөчөлүктөрүн жергиликтүү адам гана жакшы билет жана балким ал көптөн бери кичи мекенине салымын кошуп, долбоорун ишке ашыруу менен дал ошол өзгөчөлүктү баса белгилегиси келип жүргөндүр.
– Туристтик базалар курулуп бүткөндөн кийин аларды ким башкарат – мамлекетпи, жеке инвесторлорбу же жергиликтүү ишкерлерби?
– Объекттерди ишкерлер өздөрү башкарат.
– Курулуштун сапаты жана бул объекттердин андан аркы иштетилиши кандай көзөмөлдөнөт?
– Объекттердин курулушун жана андан аркы иштетилишин Туризмди өнүктүрүү фондунун долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү көзөмөлдөйт.
– Долбоор кантип каржыланат – толугу менен мамлекеттин эсебиненби же жеке инвестициялар тартылабы?
– Долбоорду ишкер өзү инвестициялайт, ал эми объектти куруп, акчасы жетпей калгандарга же такыр акчасы жок, бирок бул тармакта тажрыйбасы жана каалоосу барларга "Айыл банк" же "Элдик банк" аркылуу жылына 16% менен кредит берүү варианты каралат, ошондой эле жергиликтүү Өнүктүрүү фондунан каржылоо да болот.
– Жаңы туристтик объекттер чет элдик туристтер үчүн гана эмес, кыргызстандык туристтер үчүн да жеткиликтүү болушу үчүн баа саясатына көзөмөл болобу?
– Рынок ачык, бааларды ишкерлер өздөрү жөнгө салат.
– Туризмди өнүктүрүү инфраструктураны талап кылат: жолдор, коммуникациялар, байланыш. Алыскы райондордо бул маселелер кантип чечилет?
– Бул маселелер райондук акимдердин, айыл өкмөттөрүнүн деңгээлинде чечилет, ошондой эле жергиликтүү Өнүктүрүү фонддорунун каражаттары да колдонулат.
– Бул долбоор менен катар туризм тармагы үчүн кадрларды даярдоо программалары иштелип чыгабы?
– Кадрларды даярдоо программалары катарлаш жүргүзүлөт, бул үчүн Фонд тарабынан "Сапат стандарттары", Чек-лист иштелип чыккан, Фонддун платформасында онлайн окутуулар болот, ошондой эле адистер райондорго барып окутууларды өткөрүшөт.
– Туристтик базалардын курулушу жергиликтүү жамааттарга кандай таасир этет? Тиешелүү тармактарда (соода, кол өнөрчүлүк, транспорт ж.б.) чакан бизнестин өсүшү күтүлөбү?
– Региондордо туристтик базалардын курулушу жергиликтүү жамааттарга жана экономикага олуттуу оң таасирин тийгизип, чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө түрткү берет. Туристтик базалар бизнестин өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн өсүү чекиттерине айланат - жумуш орундарын түзүү, тиешелүү тармактарда чакан бизнестин өсүшү (соода, жергиликтүү кол өнөрчүлүк, транспорттук кызматтар, агро-фермерчилик), мунун баары жергиликтүү тургундардын жыргалчылыгына, аймактарда жашоо сапатынын жакшырышына таасир этет.
– Мамлекет чет элдик туристтерди тартуу үчүн жаңы туристтик базаларды эл аралык рынокто жылдырууну кандай пландаштырууда?
– Жаңы туристтик объектилерди жылдыруу боюнча мамлекеттик стратегия комплекстүү маркетингге жана эл аралык кызматташтыкка багытталган. Социалдык тармактар аркылуу жылдыруу, эл аралык туристтик көргөзмөлөргө жана форумдарга катышуу, эл аралык туроператорлор менен кызматташуу.
– Бул долбоорду өнүктүрүүдө аймактар кандай роль ойнойт? Жергиликтүү бийлик жана тургундар туристтик инфраструктураны пландаштырууга жана өнүктүрүүгө катышабы?
– Аймактар долбоорду ишке ашырууда негизги ролду ойнойт, анткени алар туризмдин акыркы бенефициарлары болуп саналат: жергиликтүү бийлик пландоого катышат, жергиликтүү бизнести колдоо программаларын жылдырат, жергиликтүү тургундар менен ачык талкуулап, алардын пикирин жана сунуштарын эске алат, улуттук туризмди өнүктүрөт, жаратылыш ресурстарын жоопкерчилик менен пайдаланат. Аймактык бийликтин жана жергиликтүү калктын катышуусуз туризмди ийгиликтүү өнүктүрүү мүмкүн эмес. Биргелешкен пландоо, чакан бизнести колдоо жана жарандарды тартуу тармактын туруктуу өсүшү үчүн бекем негиз болуп берет.
