Елена Мельникова: Россиялык клиниканын Бишкектеги уникалдуу филиалында майыптуулугу бар балдарга кандай дүйнөлүк жаңы ыкмалар жеткиликтүү болот
30 январь

Елена Мельникова: Россиялык клиниканын Бишкектеги уникалдуу филиалында майыптуулугу бар балдарга кандай дүйнөлүк жаңы ыкмалар жеткиликтүү болот

Бишкекте Е.А.Мельникованын Клиникасынын филиалы ачылат бул нейропсихофизиологиялык багыттагы адистештирилген медициналык мекеме, анын ишмердүүлүгү өзгөчө балдарды жана чоңдорду комплекстүү дарылоого, ошондой эле инсульттун жана баш мээ жаракаттарынын кесепеттерин дарылоого багытталган. Клиникада эң жаңы дүйнөлүк жана автордук ыкмалар колдонулат.

Белгилей кетсек, мындай клиника Борбордук Азия аймагында биринчи жолу ачылып жатат. Аталган медициналык мекеменин өзгөчөлүгү эмнеде, кыргызстандыктарга кандай процедуралар жеткиликтүү болот, бул тууралуу клиниканын жетекчиси Елена Мельникова “Караван-Инфо” менен болгон маегинде айтып берди.

– Елена Анатольевна, клиникаңыз жөнүндө айтып бериңиз, канча убакыттан бери иштейсиз? Кандай диагноздору бар балдарды кабыл аласыз?

– Клиника 20 жылдан бери иштеп келет жана нейропсихофизиологиялык багытта адистешкен. Биз балдар церебралдык параличи (ДЦП), ар кандай этиологиялык психо-кеп өнүгүүсүнүн кечигүүсү (ЗПРР), аутизм, Даун синдрому, кеп өнүгүүсүнүн жалпы кечигүүсү (ОНР), гиперактивдүүлүк синдрому менен көңүл буруунун дефицити (СДВГ) сыяктуу диагноздары бар бейтаптарды кабыл алабыз. Ошондой эле инсульттун жана баш мээ жаракаттарынын кесепеттерин реабилитациялоо менен алектенебиз.

– Сиздин клиника өзүнүн уникалдуу ыкмалары менен таанымал. Ушу боюнча кененирээк айтып берсеңиз? 

– Клиникада адам нерв системасынын, анын ичинде баш мээ жана жүлүн, угуу жана көрүү анализаторлорунун, перифериялык нервдердин жана таяныч-кыймыл аппаратынын ооруларын аныктоо жана дарылоо үчүн эң жаңы дүйнөлүк, атамекендик жана автордук ыкмалар колдонулат. Квалификациялуу невролог дарыгерлер алдыңкы россиялык жана эл аралык технологияларды колдонуу менен, атайын жабдууларда кылдат диагностика жана дарылоо жүргүзүшөт. ДЦП жана психикалык-кеп өнүгүүсүнүн кечигүүсүн патогенетикалык дарылоонун аутонейритотерапия деп аталган медициналык технологиясы бар. Ал диагностиканы, негизги патогенетикалык дарылоону жана жардамчы дарылоону камтыйт.

Бул технологияны ийгиликтүү колдонуу үчүн биз дүйнөлүк жана улуттук медицинанын эң жаңы жетишкендиктерин медициналык практикага активдүү киргизүүдөбүз. Мен биринчи жолу ДЦП, аутизм, ЗПРР сыяктуу оорулардын ар бир конкреттүү бейтапта пайда болуу себептерин жана өнүгүү механизмдерин аныктоонун методикасын иштеп чыктым жана практикада колдондум.

Баш мээнин жана жүлүндүн нейрофизиологиялык изилдөөсү, ошондой эле патопсихологиялык изилдөө Nicolet (АКШ) изилдөө комплексинде жана Санкт-Петербург шаарындагы мээ институту менен биргеликте Neurosoft (Россия) акыркы үлгүдөгү жабдыкта жүргүзүлөт.

Бул изилдөөлөрдүн максаты диагнозду тактоо жана өтүшүүлөрдү аныктоо болуп саналат. Андан кийин ар бир бейтап үчүн жекече дарылоо картасы түзүлөт, бул медициналык жана дары-дармек терапиясын эффективдүү колдонууга гана эмес, ошондой эле бейтаптын өзүнүн резервдерин активдештирүүгө мүмкүндүк берет, бул мурда бузулган баш мээнин жана жүлүн бөлүктөрүнүн оң жооп активдүүлүгүн жаратат.

Атайын медициналык текшерүүнүн жыйынтыктарына ылайык, бейтапка негизги патогенетикалык дарылоо – аутонейритотерапия дайындалат, ал эки ар кандай дарылоо ыкмасын камтыйт. Биринчи ыкма ДЦПны дарылоо үчүн колдонулса, экинчиси ЗПРР үчүн.

Балдардагы ДЦП жана ЗПРРны дарылоонун натыйжалуулугу РПК "Атлант" уникалдуу нейро-ортопедикалык реабилитациялык пневмокостюмдарын, таман жүгүн имитациялоочу "Корвитти" – аны клиникада “Буттар” деп эркелетип коебуз, ошондой эле Гросс тренажерин колдонуу менен жогорулайт. Сабактар педагог-когнитологдун жетекчилигинде өткөрүлөт.

– Клиниканын филиалын Бишкекте ачып жатасыздар. Идея эмнеден улам пайда болду? 

– Бул идея Кыргызстандагы өнөктөштөр менен кызматташуу жана бул өлкөнүн жашоочуларына жогорку сапаттагы медициналык жардам көрсөтүү ниетинин натыйжасында пайда болду. Биз тажрыйбабыз жана билимибиз менен филиалды ийгиликтүү жана суроо-талапка ээ кылаарыбызга ишенебиз. Ошондой эле Россиядагы негизги клиникабыздын иш тажрыйбасын эске алып, аны жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырдык. Бул биздин бейтаптарга натыйжалуулугу убакыт менен далилденген, эл аралык стандарттарга ылайык келген сапаттуу медициналык кызматтарды сунуштоого мүмкүндүк берди.

– Кыргызстандыктарга кандай процедуралар жеткиликтүү болот? 

– Төмөнкү процедуралар жеткиликтүү: транскраниалдык магниттик стимуляция (ТКМС); аутонейритотерапия; гематоэнцефалдык тосмону четтетип, ноотроптарды киргизүү; транскраниалдык микрополяризация, биоакустикалык коррекция (БАК); когнитивдик логопедия; лимфотроптук терапия; лазердик рефлексотерапия.

Булардын ар бири тууралуу биздин сайттан кененирээк маалымат алууга болот: https://sprauting.kg. 

Алдыда биз сунушталчу процедуралардын тизмесин кеңейтүүнү пландап жатабыз. 

– ТКМС тууралуу кененирээк билсек болобу. Ал кантип иштейт? Эмнеге ал аутисттик спектрдин бузулушуна (РАС) сунушталат? 

– Азыркы учурда Америка жана Европадагы клиникаларда транскраниалдык магниттик стимуляция деген дарылоо технологиясы активдүү колдонулууда, ал бир нече жолу изилденип, ЗПРР, ЗПР, ДЦП, РАС жана башка неврологиялык бузулуулардын дарылоосунда жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн.

ТКМС – бул заманбап инвазивдик эмес ыкма, ал жабыркаган мээ участкаларындагы нерв клеткаларын стимулдоого мүмкүндүк берет, бул алардын активдүүлүгүнө жана бейтапты сүйлөө, кыймыл-аракет жана жогорку психикалык функцияларын камсыздоо процессине катышуусуна алып келет.

Е.А.Мельникованын клиникасында балдарды дарылоо Данияда чыгарылган MAGPRO R30 деген уникалдуу аппараты менен жүргүзүлөт. Транскраниалдык магниттик стимуляция ыкмасынын өзгөчөлүгү – бул физиологиялык ыкма жана кыймыл жана сүйлөө үчүн биринчи кортикалдык нейрондорду, ошондой эле алардын синапстарын жана аксондорун (нервдерин) инвазивдик эмес (операциясыз) активдештирүүнүн жалгыз ыкмасы. Бул ыкма жөнүндө кошумча маалыматты жогоруда айтып кеткен биздин сайттан таба аласыздар. 

– Бул процедурадан кайра-кайра өтүүгө болобу жана аралыгы канча болушу керек? 

– Ооба, ТКМС процедурасынан кайталап өтүү айрым бейтаптарга пайдалуу болот. Процедуралар канча убакытта белгиленери жеке көрсөтмөлөргө жана дарыгердин сунушуна жараша аныкталат. Адатта 8-15 процедурадан турган курс белгиленет, зарыл учурда 3-6 айдан кийин кайра кайталанат. 

– Клиникаңызда ошондой эле гидромассаж да бар эмеспи, эмнеге гидромассаж? 

– Гидромассаж бейтаптын организмине оң таасир тийгизет, ошону үчүн клиникада колдонулат. Ал кан айлануусун жакшыртат, булчуңдардын чыңалуусун жоюп, жалпы тонусту жогорулатат. Ошондой эле гидромассаж ТКМС менен бирге колдонулат, бул ыкмалар натыйжаларды күчөтүп, дарылоодо мыкты жыйынтыктарга жетишүүгө мүмкүндүк берет. Гидромассаж булчуңдарды жумшартат, ал эми ТКМС мээ жана нерв системасынын иштешин жандандырат. Бирге алар бейтаптарга туруктуу оң динамикага тезирээк жетишүүгө жардам берет.

– ДЦП менен ооруган балдарга кандай дарылоо комплексин сунуштайсыз? 

– Клиникада ДЦП менен ооруган балдарды дарылоо жана реабилитациялоо үчүн ар кандай ыкмалар колдонулат, анын ичинде автордук иштеп чыгуулар – аутонейритотерапия, гематоэнцефалдык тосмону четтетип нейропротекторлорду киргизүү, ТКМС, транскраниалдык микрополяризация, биоакустикалык коррекция, лимфотроптук терапия, лазердик рефлексотерапия, гидромассаж, ЛФК, Гросс тренажерунда жана "Атлант" пневмокостюмун колдонуу менен машыгуулар. Клиниканын адистери ар бир бейтаптын оорусунун өзгөчөлүктөрүн жана саламаттыгын эске алып, дарылоонун жекече пландарын түзүшөт.