Кубанычбек Осмонбеков: Кыргызстандык ишкерлер Кыргызстандын жана Россиянын экономикасына чоң салым кошууда
Көптөгөн кыргызстандык ишкерлер Россияда туруктуу бизнес түптөөгө жетишип, анысы менен эки өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошууда, дейт КР Соода-өнөр жай палатасынын Москва шаарындагы өкүлү, «Кыргыз диаспора кеңешинин» төрагасы Кубанычбек Осмонбеков Караван-Инфого. Ал ошондой эле Россияда кыргыз бизнесине кандай тоскоолдуктар болоорун жана Кыргызстандын Москвадагы Соода-өнөр жай палатасы аларга жана Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө жардам берүү максатында кандай чараларды көрүп жатканын айтып берди.
– Кубанычбек Бекболотович, бүгүнкү күндө кыргыз-орус бизнес мамилелери кандай өнүгүп жатат?
– Бизнес өз жолун табууда. Өткөн жылы Россия менен Кыргызстандын президенттери белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 3 миллиард 200 миллион АКШ долларын түзгөн. Быйыл, 2025-жылы товар жүгүртүүнү 5 миллиард АКШ долларына жеткирүү ниети бар. Ошентип, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө карт-бланш берилди.
– Россиянын кайсы аймактары менен Кыргызстан артыкчылыктуу кызматташат?
– Кыргызстан Россиянын бардык аймактары менен кызматташат. Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына биринчи кезекте жеңил өнөр жай продукциясы көп ташылат. Биз баарыбыз Москвада жеңил өнөр жайынын эки ири базары бардыгын билебиз – бул “Садовод” жана “Москва” соода-жарманке комплекси. Алардын негизинде биздин көптөгөн кыргызстандыктар бүгүнкү күнгө чейин өз продукциясын сатып, ушул өңүттөн Кыргызстандын тигүү тармагы Россиянын аркасы менен өнүгүп жатат. Ушул өз-өзүнчө өзгөчөлөнүн турган эки базардын пункттарынан товарлар бүткүл Россияга таркатылат: башкача айтканда, дүңүнөн сатуучулар ал жакка келип, продукцияларды сатып алып, Россия Федерациясынын бардык аймактарына алып кетишет.
– Сиздин көз карашыңызда, кызматташтыкты активдештирүүгө кандай тоскоолдуктар бар?
– Учурда глобалдык саясий процесс тоскоолдук жаратышы мүмкүн – санкциялар, рублдин курсунун алсызданышы. Сомдун курсу орус рублине салыштырмалуу жогору болгондуктан, көптөгөн кыргызстандык ишкерлер үчүн товарларын рубль менен сатуу бир аз кыйындады. Ошого жараша тигүү тармагына бардык керектүү нерселер доллардын курсу менен сатып алынат. Буга байланыштуу ишкерлерибиз бир аз багытын өзгөртүшүүдө. Бирок АКШга жаңы бийликтин келиши менен рублдин курсу бекемделет, бул тенденция ишкерлерибизге мындан ары да Россиянын рыногун ээлөөгө оптимизм берет.
– Ысык-Көлдө кыргыз-орус бизнес-форумун өткөрүү пландалып жатат. Ага экономиканын кайсы тармактарынын өкүлдөрү чакырылат? Форумдун күн тартиби кандай?
– Бул форумду биз өткөрбөйбүз. Бирок кандай болгон күндө да, өткөн жылы даражалуу коноктор чакырылып, алар келип беришкен, Кыргызстан боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Оверчук мырза да катышкан. Биз тараптан Министрлер Кабинетинин деңгээлинде өкүл барган, мунун баары Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу астында өттү.
Форумга токтолсок, үстүбүздөгү жылдын 6-мартында Москва шаарында Россиянын Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу менен Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү тарабынан «Кыргыз Республикасынын региондорунун соода-экономикалык жана инвестициялык потенциалынын презентациясы жана финансы жана курулуш тармагындагы кызматташтык» аттуу ири экономикалык бизнес-форум өткөнү жатат. Биз Кыргызстандан бир нече банктарды чакырабыз, анткени акыркы жылдары Россия Федерациясына санкциялар салынганда Кыргызстан орус акчасын башка өлкөлөргө багыттоо боюнча кандайдыр бир борборго айланды.
Ошентип, биздин каржы рыногу россиялык ири бизнес үчүн абдан кызыктуу болуп калды. Кошумчалай кетсек, бул форумга Россия тараптан да, кыргыз тараптан да девелоперлерди чакырганбыз, анткени Кыргызстанда курулуш бум болуп жатат. 2024-жылы рекорддук сандагы чарчы метр курулган. Ал эми биз өз кезегинде россиялык куруучуларды Кыргызстандын курулуш тармагына потенциалдуу инвестиция тартууга чакырабыз. Аны менен өкүлдөр катары Кыргызстандын бул тармактагы экономикасынын өнүгүшүнө өз салымыбызды кошкубуз келет.
Ошондой эле бул форумга Россия-Кыргызстан ишкерлер кеңеши катышып, чакан, орто жана ири бизнестин абдан көп салабаттуу ишкерлери келишет.
– Сиздер Россиянын Соода-өнөр жай палатасы менен иштешесиздерби? Өткөн жылдагы жыйынтык кандай болду жана 2025-жылга кандай пландар бар?
– Бул жылды жогоруда айтылган ири иш чара менен баштайбыз. Москвада жана Россиянын башка аймактарында татыктуу бизнес түптөгөн мекендеш ишкерлерибиз абдан көп экенин белгилегим келет. Миңдеген, ал турмак он миңдеген ишкерлер бар. Алар экономикалык импульсту, жумуш орундарын түзүп жатышат, анысы менен акча которуулар аркылуу бир гана Кыргызстанга пайда келтирбестен, Россияга салык төлөшөт, ошентип, эки өлкөнүн тең экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошууда.
