Рух бирөө, континенттер башка. Кыргыздар менен индейлерди бириктирген нерсе – Пегги Майо-Стэндап менен маек
7 май

Рух бирөө, континенттер башка. Кыргыздар менен индейлерди бириктирген нерсе – Пегги Майо-Стэндап менен маек

Пегги Майо-Стэндап – күчтүү аял, Канавакедеги (Канада) өз жамаатынын лидери жана үнү. Ал эмгектин жана жоопкерчиликтин баасын эрте жашынан билген: Пегги 10 жашынан баштап үй-бүлөсүнө жардам берип иштей баштаган. 

Ал 1980–1986-жылдары Квебек провинциясындагы түпкүлүктүү элдердин сот кызматкери болуп иштеген биринчи аял өкүлү катары тарыхта калган. Пегги ар кайсы жылдары Golden Age Club карылар клубу жана K103 радиостанциясы сыяктуу маанилүү коомдук уюмдарды жетектеген. 

1990-жылдан 2012-жылга чейин ал Канаваке могавктарынын кеңешинин шайланган мүчөсү болуп, каржы жана администрациядан баштап, сот адилеттиги маселелерине чейинки эң маанилүү багыттарды көзөмөлдөгөн. 

Бүгүнкү күндө Пегги өз элине жигердүү кызмат кылууну улантып, Ionkwaká:raton / Sharing Our Stories долбооруна – түпкүлүктүү элдердин тарыхын сактоо жана өткөрүп берүү боюнча демилгеге катышууда.

Бүгүнкү сөзүбүз ар кайсы континентте жашаган элдерди бириктирип турган нерсе жөнүндө. Аралык менен өлчөнбөгөн баалуулуктар: жерге болгон урмат, ата-бабалардын эске тутуу, салттардын күчү жана коомдогу аялдын ролу жөнүндө.

– Урматтуу Пегги, кыргыз эли менен Американын түпкүлүктүү эли менен Канада эли руханий жана дүйнө таанымы жактан бири бирине жакын болушу мүмкүн дегенди уктуңуз беле? 

– Ооба, мен кыргыз эли жөнүндө уккам, Кыргызстандын бир нече өкүлдөрү менен таанышмын. Көп жылдар бою кыргыз маданиятын изилдеп, биздин элдердин ортосунда канчалык көп окшоштуктар бар экенин көрдүм. Бизди окшош руханий баалуулуктар, салттарга, жерге, ата-бабаларды эске тутууга жана улуу муунга болгон урмат бириктирет. Мындан тышкары, бизде жалпы кыйынчылыктар да бар – азыркы дүйнөдө тилди, маданиятты, салттарды жана элдерибиздин биримдигин сактоо.

– Кыргыз эли жана анын маданияты жөнүндө сизге эмне белгилүү? 

– Менин билишимче, кыргыз эли туруктуулукка, кыймыл эркиндигине жана жаратылышка болгон урмат-сыйга негизделген даанышмандыкка ээ. Бул биздин жергиликтүү элдин дүйнө таанымына абдан жакын. Биздин ата-бабаларыбыз да жер жана суу менен тыгыз байланышта жашап, дарыялар менен көлдөрдү көп кыдырып, жаратылыш жана өз каада-салттары менен руханий байланышын сактап келишкен. 

Мен биздин элдердин көптөгөн маданий баалуулуктары окшош экенин көрүп турам. Айрыкча, кыргыз маданиятындагы аксакалдарды урматтоо мага абдан жакын, анткени аксакалдар элдин эс тутумунун, тарыхынын жана өзгөчөлүгүнүн сакчылары болуп саналат. Алар билимди, салттарды жана турмуштук акылмандуулукту кийинки муундарга өткөрүп беришет.

– Сиз Канавакеде чоңойдуңуз. Балалыгыңыз кандай болду эле? 

– Менин балалыгым Канавакеде өттү. Билим алуу жана иштөө максатында башка жакка кеткен жылдарымды эске албаганда, дайыма ушул жерде жашадым. Үй-бүлөмө жардам берүү үчүн он жашымда иштей баштагам. Биз көп балалуу, абдан жакыр жашаган үй-бүлө болчубуз. Ар кандай жумушта иштеп, эрте жашымдан эле жоопкерчиликти, эмгекти жана жашоону түшүндүм. Көчөдө араба түртүп, банка жана бөтөлкө чогултуп, кайра аларды тапшыргандан уялган жокмун, анткени үй-бүлөмө жардамым тийип жатканын билчүмүн. 

Тапканым акчама кээде сиңдилеримди башка шаарга – Лашинге, кичинекей дүкөнгө алып барып, аны-муну сатып алчубуз. Хот-дог жана картошка фриге азыраак акча калчу, бир бөтөлкө газдалган сууну бешөөбүз бөлүп иччүбүз. Чынында, кыйналдык, бирок ошол учур мага үй-бүлөнү, эмгекти жана бири-бирибизди колдоону баалоого үйрөттү.

– Бала кезиңизден үй-бүлөңүзгө жардам бериптирсиз. Бул зарылчылыктан улам болдубу же жеке тандооңузбу? 

– Кичине кезимден иштөө мени эң негизги нерсеге – үй-бүлөгө болгон сүйүүгө, жоопкерчиликке жана чыныгы жашоо баалуулуктарына үйрөттү. Дайыма жакындарыма жана жанымдагыларга жардам берүүгө аракет кылдым. Иштеп тапкан акчамдын баарын апама берип, 1993-жылы каза болгонго чейин колдоп турдум. Кийинчерээк эжелериме, жээндериме жана башка туугандарыма жардам бердим. Апам көп айтчу, “сен эч качан байыбайсың, анткени башкаларга өтө көп бересиң жана баарына жардам берүүгө аракет кыласың” деп. Ал туура айткан. Мен материалдык жактан бай эмесмин. Бирок кең жүрөгүм менен, жанымдагы адамдар менен жана өмүрүмдө жасай алган жакшылыктарым менен баймын. Мени адам катары калыптандырган нерсе ушул.

– Сиз Квебек провинциясындагы түпкүлүктүү элдин сот системасында иштеген биринчи аял өкүлү болдуңуз. Ошол учурда эмнени сездиңиз? 

– Көп жылдар бою мен Канаваке, Аквесасне жана Канесатакеден келген адамдарга жардам бердим. Өмүрүмдүн көп бөлүгүн аялдарга, өзгөчө үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга колдоо көрсөтүүгө арнадым. Мен аларга баш калкалоочу жай, тамак-аш, моралдык колдоо табууга жардам бердим, соттордо коштоп жүрдүм, ошондой эле адвокаттык жана юридикалык жардам маселелеринде көмөктөштүм. Көп иштөөгө жана Аквесаснеден Сен-Жеромго чейин ар кандай сотторго барууга туура келди. 1990-жылдагы кризистен кийин өзгөчө роль ойноого туура келди. 1990-жылы 5-октябрда Квебек полициясынан 33 эркек бошотулгандан кийин, алар сот процесси башталганга чейин менин көзөмөлүмө өткөрүлдү. Бул жоопкерчилик эки жылдан ашык убакытка созулду. Бул абдан оор мезгил болду, бирок адилеттүү, адамгерчиликтүү болууга жана баарына урматтоо жана түшүнүү менен мамиле кылууга аракет кылдым.

– Сиз ошондой эле Канаваке Могавктар кеңешинин мүчөсү болгонсуз. Ошол мезгилде сиз үчүн кайсы маселелер жана милдеттер эң маанилүү болду? 

– Мени 1990-жылы 7-июлда Канаваке Могавктар кеңешине шайлашкан. Анда бир нече күндөн кийин, 11-июлда 1990-жылкы кризис башталарын билген эмесмин. Бул биздин жамаат үчүн абдан оор мезгил болду. Ошол окуялардан кийин адамдардын калыбына келип, кайра бутуна турушу үчүн дагы бир нече жыл талап кылынды. Көптөгөн тармактардагы кризис бизди дээрлик он жылга артка таштады, бирок бардык кыйынчылыктарга карабастан, мен адамдар мени эмне үчүн шайлаганын эч качан унуткан жокмун. Башкы милдетим – өз элиме жардам берүү экенин түшүндүм. 

Мен турак жай, адилеттүүлүк маселелери жана жардам сурап кайрылган адамдарды колдоо менен алектендим. Ишимдин эң маанилүү бөлүктөрүнүн бири – тышкы бийликтер менен сүйлөшүүлөрдө биздин жамааттын кызыкчылыктарын коргоо болду. Маркум Джо Нортон, Эндрю ДеЛайл жана Билли Ту Риверс сыяктуу күчтүү лидерлер менен иштешүүгө туура келди. Биз биргеликте элибиз үчүн адилеттүү чечимдерге жетишүүгө аракет кылдык. Бул оңой иш болгон жок, бирок ар дайым чыныгы лидер бардык адамдарга чынчыл жана адилеттүү мамиле кылышы керек, ачык болушу керек жана ар бир адамды "өз" жана "жат" деп бөлбөстөн колдошу керек деп эсептечүмүн. Менин оюмча, чыныгы лидерлик дал ушунда.

– Резервациядагы аялдардын укуктарын кантип коргоого жетишесиздер? 

– Бүгүнкү күндө, 72 жашымда да аялдардын укуктарын коргоону улантып жатам. Бул тармакта көп жылдан бери иштеп келгендиктен аялдар үчүн чыныгы өзгөрүүлөргө жетишүү канчалык кыйын экенин жакшы билем. Салттарыбыз жөнүндө канчалык көп айтылбасын, бийлик дагы эле негизинен эркектердин колунда жана көпчүлүк чечимдерди эркектер кабыл алышат. Ошондуктан, эгерде аялдар жетекчиликке келсе, алар системаны өзгөртүүнү, ага матриархалдык баалуулуктарды кайтарууну, аялдарды колдоо жана аялдар коомго алып келген акылмандыкты, күчтү жана салттарды сактоону колго алышы керек. 

– Сиздердин жамааттарда аялдар бүгүнкү күндө кандай кыйынчылыктарга туш болушат? 

– Негизги көйгөйлөрдүн бири – азыркы система дагы деле эркектердин эрежелери боюнча курулган. Көптөгөн уюмдарда жетекчи кызматтарды аялдар ээлесе да, бийликтин түзүмү, анын мыйзамдары жана саясаты көбүнчө дүйнөгө эркектердин көз карашына негизделген. Менимче, көп нерсени кайрадан карап чыгып, аялдардын өздөрүн уга баштоого убакыт келди: аларга эмне керек, эмнени каалашат жана аларга өздөрүн ишке ашырууга кантип жардам берүүгө болот. Бул үчүн чынчыл диалог, колдоо программалары, билим алуу мүмкүнчүлүгү, каржылык жардам жана балдарды кароо (бала багуу кызматтары) керек, ошондо аялдар өз келечегин куруп, өнүгүп, ишенимдүү алдыга жыла алышат.

– Түпкүлүктүү элдин аялдары бүгүнкү күндө кандай көйгөйлөргө туш болушат? 

– Эң олуттуу көйгөйлөрдүн арасында жакырчылык, алкоголдук көз карандылык, билимдин жетишсиздиги жана колдоого жана медициналык жардамга жеткиликсиздик бар. Көптөгөн аялдар каржылык колдоонун, балдарды кароонун жана жеткиликтүү саламаттыкты сактоонун жоктугунан улам окуусун улантуудан кыйналышат. 

Биздин жамаатта көп жылдардан бери аялдарга үйдө төрөө мүмкүнчүлүгүн кайтаруу маселеси талкууланууда. Азыр аялдарга акушеркалар жана доулалар жардам беришет, бирок маанилүү суроо бойдон калууда: эмне үчүн биздин ооруканада толук кандуу төрөт бөлүмү жок? Эмне үчүн аялдар баланы жарык дүйнөгө алып келүү үчүн башка шаарларга кетүүгө аргасыз болушат? Бул төрөткө гана тиешелүү эмес. Адамдар диализ, онкологиялык ооруларды дарылоо жана башка медициналык жардам алуу үчүн жамаатты таштап кетүүгө аргасыз. Муктаждыктар абдан көп, айрыкча аялдарда. Бирок мен келечекте аялдар биригип, биргелешип чечимдерди издеп, медициналык мекемелер менен чыныгы өзгөрүүлөр үчүн иштей алышат деп ишенем.  

– Аялга чыныгы лидер болууга кайсы сапаттар жардам берет? 

– Чыныгы лидер туура баалуулуктарга, адамдарга болгон урмат-сыйга жана башкаларды бириктирүү жөндөмүнө ээ болушу керек. Лидер башка аялдарга өз идеяларын айтууга, чогулууга жана көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө жардам берет. Мен үчүн лидер – бул колунда камчысы бар, буйрук берген адам эмес. Чыныгы лидер адамдарды жалпы столго чакырып: «Келгиле, чогуу иштейли. Эгер көйгөй болсо, аны чогуу чечүүгө аракет кылалы», – дейт. Дайыма көйгөйлөрдү чогуу чечүү керек дегенге таяндым, адамдардын оозун жабууга же жоопкерчиликти башка бирөөгө жүктөө болбойт. Бүгүнкү күндө мындай ыкма иштебейт. 

– Заманбап аялдын жашоосунда салттар кандай роль ойнойт? 

– Абдан чоң. Салттар – бул биздин тамырыбыз. Алар бизге күч, өзгөчөлүк жана жашоодо багыт берет. Заманбап дүйнөдө да биз Канаваке аялдары катары өзүбүздүн өзгөчөлүгүбүздү сактап, балдарга тилди, маданиятты, баалуулуктарды жана элибиздин салттарын өткөрүп бере алабыз. Биз балдарды үй-бүлөгө, энелерге, аксакалдарга жана Жер-Энеге болгон урмат-сыйга үйрөтүшүбүз керек. Түпкүлүктүү эл катары салттарыбыздын күчү жана мааниси дал ушунда.

– Элиңиздин кайсы салттарын бүгүнкү күндө өзгөчө маанилүү деп эсептейсиз? 

– Салттарды аңгемелер, тил жана каада-салттарга катышуу аркылуу өткөрүп беребиз. Биз үчүн салттар жөн гана ырым-жырымдар же майрамдар эмес. Бул жашоо образы. Бул жер менен, ата-бабалар менен жана келечек муундар менен байланыш. 

– Сиздин жамаатыңызда аксакалдар кандай роль ойнойт? 

– Аксакалдардын бүгүнкү күндөгү ролу – билгенин бөлүшүү жана аны жаш муунга өткөрүп берүү. Аксакал катары мен жаштар менен улуу муундун ортосунда көпүрө болууга, алардын бири-бирин түшүнүүсүнө жана муундардын байланышын сактоого жардам берүүгө аракет кылам. Golden Age долбоорлорунун үстүндө иштегенде, ар дайым жаштарды жана карыларды биргелешкен чыгармачылык: бисер менен токуу, лента көйнөктөрүн жана юбкаларын тигүү, макасин, сумка жана зер буюмдарын жасоо аркылуу бириктирүүгө аракет кылам. Бирок эң негизгиси – кол өнөрчүлүк эмес, процессте адамдар сүйлөшүп, окуялар, тажрыйбалар менен бөлүшүп, бири-биринен үйрөнүшөт. Дал ушундай жол менен маданият, салттар жана муундардын жандуу байланышы өткөрүлүп берилет.

– Сиз үчүн маалымат жана медиа менен иштөө эмнени билдирет? 

– Маалыматты ЖМК жана социалдык тармактар аркылуу жайылтуу абдан маанилүү, анткени адамдарды агартуу жана маданиятыбыз менен элибиз жөнүндө айтып берүү зарыл. Бүгүнкү күндө, социалдык тармактардын доорунда да, көптөгөн адамдар мейли, Кыргызстанда болсун же башка өлкөлөрдө болсун, биздин кандай түпкүлүктүү эл экенибизди билишпейт. Мындай маалыматка адамдар ээ болушкан эмес, ошондуктан биздин тарыхыбызды, баалуулуктарыбызды жана каада-салттарыбызды түшүнүшпөйт. Бирок гезиттерден, социалдык тармактардан жана башка медиалардан окуп-көрүшсө, билип башташат. Так ошондуктан өзүң жөнүндө айтып, окуяларың менен бөлүшүү маанилүү. 

– Жашооңузда өзгөчө сыймыктанган учур болдубу? 

– Артка кылчайып, Канаваке элинин кызы катары түптөгөн жолума карасам, сыймыктануу пайда болот. Жолум башынан эле оңой болбоду жана азыр дагы оор бойдон калууда. Кризистерди, жеке сыноолорду жана көптөгөн кыйынчылыктарды башымдан өткөрдүм. Бирок кандай болгондо да эч качан багынган эмесмин жана умтулган нерселериме жетип келдим. Жаш кезимден жандүйнөмө бир өтө даанышман түшүнүктү сиңиришкен, анын маанисин көп жылдардан кийин гана чындап түшүндүм: дарыянын ортосунда аттарды алмаштырууга болбойт. Two Row Wampum принциби боюнча жашоо керек – ар ким өз кайыгында калганда гана чогуу иштей, бири-бирибизди сыйлай, билимибизди бөлүшө алабыз, тынчтыкта жана гармонияда жашайбыз – өз жамааттарыбыздын ичинде да, алардын чегинен тышкары да. Мени жашоо ушуга үйрөттү, муну башкаларга бөлүшкүм келет. 

– Дүйнө жүзүндөгү аялдарга эмне айткыңыз келет? 

– Дүйнө жүзүндөгү аялдарга айтарым: күчтүү болгула, өзүңөр менен сыймыктангыла, үн чыгаруудан жана өзүңөрдү билдирүүдөн коркпогула. Эч качан эч кимге силерди басмырлоого же үнүңөрдү өчүрүүгө жол бербегиле. Мен дагы эркектер тарабынан, өзгөчө саясатта теңсинбегендикке туш болдум. Саясий карьерамдын башында Гранд Вождь Джо Нортон менен жолугушууларга барчумун. Алгачкы жолугушуулардын биринде, менимче, Альбертада болсо керек эле, чоң столдун тегерегинде алтымыштай эркек отурат, а мага катчы катары четтен орун беришти, бирок Джо Нортон дароо ордунан туруп: «Жок. Ал мендей эле башчы. Анын орду – башкы столдо», – деди. Анда мен ошол столдогу жалгыз аял болчумун жана көп жылдар бою Кеңеште жалгыз аял болдум. Ошондуктан аялдарга канчалык кыйын болорун жакшы билем. Бирок ар бир аялдын үнү болушу керек, бул үндү колдоно билиши жана угулуудан коркпошу керек. 

Бири-бирибизди колдоого тийишпиз, алдыга жылып, эч качан эч кимге бизди сындырууга же басмырлоого жол бербешибиз керек.

– Кыргызстанды көргүңүз келеби? 

– Албетте. Сиздин өлкөңүздү өз көзүм менен көргүм келет. Менимче, бул жөн гана саякат эмес, терең ички тажрыйба болмок. 

– Урматтуу Пегги, чын дилден жооп бергениңиз үчүн ырахмат. Бизди тышкы окшоштуктар гана эмес, андан да тереңирээк нерсе – маданий код бириктирип турарына ишенем. 

– Жерге тирүү жан катары мамиле кылуу, ата-бабалардын культу, аксакалдардын өзгөчө ролу, билимди оозеки түрдө берүү – мунун баарын кыргыздардан да, Канаданын жана Түндүк Американын жергиликтүү элдеринен да кездештирүүгө болот. Ооба, бизди океан бөлүп турат. Бирок балким, тереңде жаратылышты, тарыхты жана келечектин бир бөлүгү болгон дүйнөнү бирдей кабыл алуу бириктирип турат. 

Маектешкен Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун вице-президенти Ассоль Молдокматова