Нурадил Баясов: Батир алууга ишеним чүчү кулактан кийин жаралат
Кыргызстанда быйыл биринчи жолу мамлекеттик негизде курулган ипотекалык турак жайлар ээлерине берилди. Буга чейин Бишкектеги Скрябин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү 549 батир кезекте турган жарандарга берилсе, 24-декабрда Маликов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үй дагы кожоюндарын тапты.
Белгилей кетсек, өлкө аймагында учурда 12 миңден ашуун ипотека жаатындагы курулуш жүрүп, анда 32 миңден ашуун үйлөр курулууда. Мамлекет 2030-жылга чейин 40 миңден ашуун үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылууну пландап жатат. Бул боюнча “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКтын төрагасынын орун басары Нурадил Баясов айтып берди.
– Мамлекеттик ипотеканын эң биринчи турак жайлары Бишкектеги Скрябина жана Маликов көчөлөрүндө салына баштаган. Булар учурда бүтүп кезекте турган жарандарга таршырылды. Скрябинада 7 үй курулуп, жалпы 549 батир берилди. Мунун баары президентибиз Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан саясаттын жыйынтыгы. Биз төрт багытта иш алып баруудабыз: арзан ипотека, жеңилдетилген ипотека, социалдык ипотека жана үлүштүк курулуш боюнча. Жеңилдетилген ипотека ар бир жаранга жеткиликтүү турак жай деген принциптин артынан келген жумуш. Батирлерди жарандар абдан чоң кубаныч менен алышты. Эмне себептен жыл соңуна чейин берүүгө жетишип калууга аракеттенгенибиздин да себеби бар: жарандарыбыз жаңы жылды жаңы үйүндө жакшы көңүлдө тоссун дедик. Алгандардын баары бардык социалдык категориядагы адамдар: мугалимдер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер. Ошондой эле үлүштүк курулуш боюнча алгандар да бар. Бул биринчи эле этап, буга чейин ипотекалык турак жай программасы иштейби же иштебейби деп күмөн санаган суроолорго берилген жооп.
Ал белгилегендей, ипотекалык курулуш бир гана борбор калаада эмес, өлкөнүн жети облусунда тең жигердүү жүрүүдө. Анын негизинде, жакынкы жылдары эл турак жай менен толук камсыз болот.
– Өлкө боюнча 430 көп кабаттуу үй, анда жалпы 40 миңден ашуун батир курулуп жатат. 38ден ашуун жерде курулуш иштери жүрүүдө. Демек, жылдан жылга Кыргызстандагы ипотекалык саясаттын негизинде элибизге 3-4 миңден ашуун батирлерди берип баштайбыз. 24-декабрда Бишкектеги Маликов көчөсү – 91 дарегиндеги “Мурас” турак жай комплексинде 976 батир тапшырылды.
Белгилей кетсек, аялуу катмардагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жана тоолуу аймактарда иштеген адистердин, өзгөчө чек арачылардын турак жай маселесин дагы мамлекеттик ипотекалык негизде чечип берели деп жатабыз. Бул чоң жетишкендик, тарыхта биринчи жолу болуп жатат.
Нурадил Баясов 24-декабрда “Мурас” турак жай комплексиндеги батирлерди ушул күнү алчу жана 2025-жылдын башталышында алчу тургундары чогулуп, чүчү кулак негизинде кимиси кайсы батирге ээлик кылаары толук аныкталганын белгиледи:
– 24-декабрда Маликов көчөсүндөгү турак жайдан батир алчуларды топ-тобу менен чакырып, чүчү кулак карматтык. Алар үйлүү болооруна ишенип, абдан кубанып, майрамдык маанай жаралды. Ошентип, чүчү кулак менен батирлердин ээлерин толук аныктап алдык.
Бул жерде айта кетчү нерсе бар, кардарлар тизме боюнча маселени көп көтөрүшөт, жогоруда айтылгандай, төрт багытта иш алып баруудабыз. Жеңилдетилген менен социалдык ипотека 4 пайыз менен 25 жылга берилет, арзан ипотека 8 пайыз менен 25 жылга. Бул үчөөндө тең баштапкы төлөм жок. Ал эми тизмени пропорция менен бөлүп жатабыз. 3 багыттын пайызын чыгарып анан беребиз. Мисалы, Бишкекте эле жеңилдетилген ипотека боюнча тизмеде 5800дөн ашуун жаран турат. Арзан ипотекада 16 150. Социалдык ипотекада 2600дөн ашуун жаран бар. Бирок жеңилдетилген ипотека 2020-жылы программага киргизилген, а социалдык ипотека 2022-жылы каралып баштап, 2023-жылдын февраль айында киргизилген. Демек, социалдык ипотеканын тизмеси 2023-жылдын апрель айынан башталат. Бирок ага чейин 5 миңге жакын жарандар жеткиликтүү ипотека менен кезекте турушкан. Андан сырткары биринчи алууга укуктуу болгон 550 кишинин тизмеси турат. Алар Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык бекитилген. Мисалы, 2023-жылдын май айында тизмеге турган жарандын 2020-жылдын май айында турган жаран менен укугу биодей болбойт да. Ал эми чүчү кулак кармоого чакырылбаган жарандардын демек, кезеги келе элек. Кезеги келген жаранга өзүбүз телефон аркылуу байланышып, чакырабыз.
Айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилген үйлөр жашоого даяр. Анын оңдоо иштери толук жасалган.
– Биз даяр батирдин ачкычын беребиз. Курулуш иштери толук бүткөн, жада калса тазалоо иштери да жасалган. Газ плитка, санузел коюлган. Алган адам жеке буюм-тайымдарын алып эле жашай берет. Калганынын баары камсыздалган. Албетте, айрым адамдар үйүн башкача кылгысы келет, көңүлүнө жаккандай өзгөрткүсү келет, андайларга бут тоспойбуз.
