Каныбек Осмоналиев: Кыргызстандын билим берүү системасы толугу менен кыйрады...
12 апрель

Каныбек Осмоналиев: Кыргызстандын билим берүү системасы толугу менен кыйрады...

Кыргызстан 2025-2026-окуу жылында 12 жылдык билим берүүгө өтүү алдында турат. Буга байланыштуу коомчулукта түрдүү пикирлер жаралып, айрымдары 12 жылдык билим берүү бизге эртелик кылаарын айтса, кээ бир дүйнөлүк стандартка шайкеш келүү үчүн ушул кадамга баруу зарылдыгын белгилешүүдө. Мурдагы билим берүү министри, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Осмоналиев дагы билим берүү системасындагы реформа тууралуу пикирин Караван-Инфого айтып берди.

Каныбек агай, быйыл 12 жылдык билим берүүгө өткөнү турабыз. Быйыл беш жарым, алты жаштагы балдар 1-класска барат экен. Арасында окумак турсун, анча сүйлөй албаган балдар да бар. Алар окуу программасын кабыл алалбай кыйналып калышпайбы?

– Мен, негизинен 12 жылдык билим берүү системасын колдойм! Ал боюнча ММК аркылуу акыркы 15 жылда бир топ эле жазып, айтып жана талап кылып келем! Бирок, ар бир мамлекет үчүн билим берүү системасы приоритеттүү гана болбостон, ал улуттук стратегиялык маселе болгону оң!  Мында башка өлкөлөрдү бакшыга окшоп туурагандын пайдасынан зыяны көп! 12 жылдык окууну акырын гана экономикалык жагдайыбызга карата баштайлы! Чабал өрдөк мурда учат болбойлу! Бул ишке сырттан кредит же грант алуунун кереги жок. Анткени ошол кредиторлор өздөрүнүн саясатын таңуулай башташат! Бизге эксперимент жүргүзүшөт! Баланы жаштайынан мектепфобиясына дуушар кылып албайлы!

Чоң шаарларда мектепте үч смен менен окушат. Балдар эмес, анча баланы кабыл алууга мектептер да даяр эмес деген маселелер айтылууда. Ошондо бул жагы кандай болуп калат?

– Бишкек менен Ошто гана окуучулар 3 сменде окушат. Бул саясий-социалдык проблема. Убагындагы башкаруучулардын келесоо саясатынын жыйынтыгы. «Аалам айылдан башталат» – деген сөздү жөн эле пиар катары айтып коюшуп, иш-жүзүндө элет жерине эч кандай көңүл бурушкан эмес. Көроокаттын айынан элдер шаарларга байырлашып, күн көрүшкөн. Азыр деле ошондой. Натыйжада айыл мектептеринде окуучулар аз. Кээ жерлерде бир окуучуга 2 парта туура келет! Анан 12-жылдыкка элет жери даяр болгону менен шаарларда андай мүмкүнчүлүк жок! Мугалимдердин жетишсиздиги да бар. Ошондуктан, 12 жылдыкка акырындык менен шарт түзүп гана өтө алабыз. Бирок, кээ бир «чыгаан реформаторлор» андай жагдайларга карабай эле жулунуп жатышпайбы?

Билимдүү муунду өстүрүш үчүн билим берүү системасын кандай нукка бурушубуз керек?

– Кыргызстандын билим берүү системасы толугу менен кыйрап бүттү. Бирок, чет-элдик псевдодемократиялык күчтөрдүн биздеги жасоолдору андай жагдайды уруп ойношбойт. Аларга утурумдук жеке кызыкчылыктар гана керек! Бул өз элинин келечегине болгон чыккынчылык. Бүгүнкү мектептин түбөлүктүү келечегин советтик система эң жогорку деңгээлге жеткирип койгон болчу. Аны кайрадан азыркы талаптардын негизинде эле кайрадан куруп чыкса болот. Предметтердин окутулуу программалары даяр эле турат! Ар кимге жүгүнө берип, сонун системаны кыйратышты! Чет элдиктер биздин билим системабызга эч качан күйүшпөйт!

Мектеп жашындагы балдар ортосунда рекетчиликти, өзүнө өзү кол салууну жок кылыш үчүн мугалим менен ата-эне эмне кылышы керек? Ата-эне мектепке, мугалим ата-энеге жоопкерчиликти оодара салган күндө жашап жатабыз го?

– Бир министр дөөрүп, «Мектеп окутат, тарбия ата-эненин иши!», – деди го? Ушундай дөөпөрөстүк саясаттын акыбетин көрүп отурабыз. Тарбия –бул перманенттик процесс. Ал маанилүү ишке мектеп менен ата-эне биргелешип аракет кылышат. Ар бир мугалим өзүнүн предметин окутуп жатып, тарбиялык маселелерди кошо камтып туруусу парз. Ата-эне менен класс жетекчинин мамилелешкен аракеттери балага бере турган тарбиянын башаты болот!

Мектеп билим-тарбия бербей эле жаш кылмышкерлердин очогуна айланып калды! Президент жанталашып мектептин инфраструктурасын жакшыртып жатат. Бирок, мектептин башында, паракор, трайбалист жана тууганчыл директор отурат. Ал мектепти өзүнүн жеке бастионуна айлантып алган. Калганын өзүңүздөр түшүнүп алыңыздар!