Арина Исакова, актриса: "Менин тагдырым "Чоочун кишидеги" Зыйнаттын тагдырына окшош"
Кыргыз сериалы өнүгүп учурда өз көрөрмандарын таап жатканы чындык. Түрк сериалдарынан кем калышпаган "Чоочун киши" сериалынын экинчи сезону башталып, көпчүлүк ар бир сериясын чыдамсыздык менен күтүп көрүүдө. Дал ушул сериалда Зыйнаттын ролун аткарган Арина Исакова бизде мейманда болду.
– Саламатсыңбы Арина. "Чоочун киши" сериалынын көркүн ачкан актрисалардын бири өзүңсүң. Дал ушул Зыйнаттын ролу сага кандайча буюруп калды?
– Ал кезде мен Т. Абдымомунов атындагы улуттук театрда иштечүмүн. Ошол кездерде "Ашуу" спектаклинде Кадичанын образын жараткам. "Чоочун киши" сериалынын режиссёру Сүйүн Откеев спектаклди көрүп, Зыйнаттын ролуна жарачудай деп студиясына чакырган экен. Сериалда байкем Эмилди ойногон актёр Динмухаммед экөөбүз барган элек. Режиссёрдун сынынан өткөн соң тасмага тартыла баштадык.
– Буга чейин деле тасмаларга тартылып жүрсөң да сени көпчүлүк ушул сериал аркылуу тааныды окшойт?
– Мен биринчи жолу мектепте окуп жүргөн кезде "Одноклассники.kg" деген тасмага тартылгам. Ошондон баштап кызыгуум болдубу же чыгармачыл үй-бүлөнүн кызы болгон үчүнбү, актриса болууну кыялдана баштадым. Ошол кыялымды ишке ашыруу максатында мектепти аяктаган соң азыр өзүм иштеп жаткан театрдын алдындагы студияга келип окуп калдым. Ондон ашык клиптерге, Өзбекстанда тартылган тарыхый “Баходыр Ялангтош” тасмасында монгол ханышасы Герельдин образын жаратып келдим. Кыргыз тасмаларына да тартылып жүрөм. Бирок бул сериалдан кийин коомчулук мени Зейнеп катары кабыл алып калышты. Көчөгө чыкканда "Зыйнат менен сүрөткө түшүп алсак болобу?" дегендер да болду.
– Аккан арыктан суу агат демекчи, демек чыгармачыл үй-бүлөдөн чыккан турбайсыңбы?
– Ооба, менин чыгармачылыкка жолум 1 жаш 8 айымда эле башталган. Ушул курагымда эле "Акшоола" балдар хорунда ырдачумун. 3 жашыман баштап апам жетектеген "Актилек" балдар хорунда ырдап калдым. Таятам Буланбек Исаков композитор, хор жетекчиси, апам Исакова Чолпон музыкант, ал да атасынын жолун жолдоп хорду жетектеп келди. Таятам да, апам да "Маданияттын мыкты кызматкерлери", “Билим берүүнүн отличниктери” эле. Мен да алардын жолун жолдойм деп музыкалык колледжди, хореографияны аяктадым, орто жана жогорку актёрлук билимдерди алдым. Апам эки уулун жана жалгыз кызы мени өзү жалгыз тарбиялаган. Бирок биздин чоңойгонубузду көрбөй мен 14 жашка келгенимде каза болуп калды. Ошентип таятам да, апам да, өзүмдүн атам да жок калдым. Эмнегедир "Чоочун киши" сериалында окшоштуктар кездешет. Зейнеп атасын эч качан көргөн эмес, апасы да каза болуп калат эмеспи. Байкеси менен жалгыз калат го. Менин тагдырым да ошол сыяктуу.
– Өткөөл курагыңда агаларың менен жалгыз калуу оор болгондур?
– Ооба, анда эң улуу агам 24 жашта болчу. Үй-бүлөсү менен Бишкекте жашачу. Апамдын көзү өткөн соң мени өз камкордугуна ошол улуу агам алган. Бирок экинчи байкем экөөбүз Токмокто турчубуз, мектепти ошол жактан аяктадым. Экинчи байкем тубаса сүрөтчү эле. Талантына суктанчумун. Сериалда сүрөтчү кыздын образын кыйналбай эле жарата алдым десем болот. Себеби агамды көрүп мен да сүрөт тартып калчумун. Тилекке каршы, байкем 25 жашка келгенде авто кырсыктан каза болуп калды. Ошондон кийин мен да сүрөт тартууну токтотком. Мен үчүн апамды, бир тууган жакындарымды жоготуу оор болгон. Бирок Кудайдын башка салган сыноосун көтөрдүм. Байкемдин артында калган бир уул, бир кызы менен бат-баттан кабарлашып турам. Жакшы көрөм аларды. Сыноонун артында жакшы күндөр бар деген чын. Кудайым мага камкор, чечкиндүү, түшүнө да, колдой да билген жакшы жолдош берди.
– Жолдошуң кесибиңе колдоо көрсөтөт турбайбы?
– Ооба, менин жолдошум Аскар Качкынбаев театр жана кино актёру. Он жылдан ашуун театрда иштеп келет. Бири-бирибизди абдан жакшы түшүнөбүз. Ортобузда эки балабыз бар. Көпчүлүк мени жаш кыздай кабыл алышат. Кээ бирлер "Толкунбектей балага туш болсоң эмне кыласың?" деген суроолорду берет. Бирок мен чечкиндүү, түшүнүктүү, ар тараптан колдогон жолдошко эчак жолуккам. Кудайга шүгүр, бактылуумун. Эки балама татыктуу тарбия берген эне болом деген тилегим бар. Улуу агам да ата ордуна ата болуп ар дайым колдоп келет.
– Атаң жөнүндө чындап эле эч нерсе билбейсиңби?
– Ким экенин, кандай адамдын кызымын чын эле ал адамды билбейм. Маалыматым да жок. Билсем ушундай адамдын кызымын деп айтмакмын.
– "Чоочун киши" сериалынын экинчи сезону уланууда. Бул образ өзүңө жагабы?
– Сериалдын биринчи сезонунда коомчулук Зейнепти көрө алышты. Ал эми экинчи сезондо Зейнептин артында Арина бар экенин билет деген ойдомун. Мен ар дайым Зейнеп тараптамын. Өз каарманыма боорум ооруйт, ага болушам, боор тартам. Ар бир каармандын өзүнүн чындыгы, арманы бар. Китепти окугандар каармандарды өз көз караштары менен кабыл алышы мүмкүн. Бирок мен билген Зыйнаттын өз кызыкчылыгы бар. Ал да өз бактысы, жакшы жашоосу үчүн күрөштү. Бул сезондо дагы бир топ кызыктар бар…
