Бактияр Алиев, Соцфонддун төрагасы: Мигранттар пенсия ала алышабы?
11 сентябрь

Бактияр Алиев, Соцфонддун төрагасы: Мигранттар пенсия ала алышабы?

Бүгүнкү күндө Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, чет өлкөлөрдө 657 миң кыргызстандыктар эмгектенишүүдө. Дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөлөрүндө мекендештерибиздин 199 диаспорасы бар. Кыргызстанга Россиядан эле акча каражаттарынын которулушу январь-июнь айларында 1,3 миллиард доллардан ашты. 

“Караван-Инфо” редакциясы Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевден учурда өлкө экономикасын көтөрүп жаткандардын пенсиялык абалы кандай болоорун сурады.

- Эгер адам ЕАЭБ өлкөлөрүндө мыйзамдуу иштеп жана чегерүүлөрдү  жүргүзүп турса, анысы Кыргызстанда пенсияга чыккан мезгилинде эске алынабы? А эгерде дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө иштеп жатсачы?

- Кыргызстанда туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, эгерде эл аралык келишимдерде башкача каралбаса эле, Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей негизде камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө шартында пенсия алышат.

ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеп жаткан жарандардын пенсиялык укуктары ошол мамлекеттердин жарандары сыяктуу эле шарттарда түзүлөт. Пенсия ЕАЭБге мүчө башка мамлекетте жашаган учурда да төлөнөт.

Мындай келишим Түркия жана Түштүк Корея менен түзүлгөн, анын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандары пенсиялык топтолмолорун ала алышат.