Камбар Шайымкул уулу, Муфиданын атасы: “Кызымды бутуна тургузуп алсам дейм”
Турмуш пендесин ар кандай сыноо менен сынайт тура. Өзгөчө баладан сынак бербесин деген каарманыбыз бүгүнкү рубрикабыздын төрүндө болду. Сөз учурда ооруп жаткан кызын өзү жалгыз багып жаткан жалгыз бой ата Камбар жөнүндө болмокчу. Кайрымдуу элибиз дагы да болсо кол сунат деген ойдобуз.
“Апасы таштап кеткенде кызым бирге чыга элек болчу”
Мен 30 жаштамын. Мага убагында ДЦП деген диагноз коюп беришкен экен. Кеч болсо да басып, азыр Кудайыма шүгүр, өз алдымча баса алам. 2022-жылы февраль айында келинчегим менен сүйлөшүп, ак никебиз менен баш кошуп калдык. Кудайым бизге Муфида аттуу перзент берди. Бирок бактылуу күндөрүбүз узакка созулган жок. Бирөөлөрдүн кийлигишүүсү, ушагы ортобузду аралап, пикир келишпестиктен улам келинчегим менен эки жолго түшкөнбүз. Жаштык кылдыкпы, айтор, жашообузду уланта алган жокпуз. Апасы таштап кеткенде кызым бирге чыга элек болчу. Бөтөлкө менен сүт эмүү эмне экенин билчү эмес. Эмчектеги кези болчу. Ошондон бери жашообуз уланып келет.
“Кызым басмак турсун отура албайт”
Башка салса баарын көтөрөт экенсиң. Мурда аялзатынын ишин кыла албайм дечүмүн. Кызым үчүн жашоого чөгүп кетпей, бел байлап тиричилигимди кыла баштадым. Кызым бөтөлкө менен сүт ичкенге көндү. Уктабаган түндөрүм болду. Мындан аркы жакшы жашоого болгон үмүтүмдү кызыма арнап жашап келем. Тилекке каршы, өнүгүүсү кечеңдеп жатты. Көрсө, денеси сары (желтуха) болуп төрөлгөн экен. Аны атайын лампага кактатып, ошол кезде алдын алып калбаса, кийин мээнин шал болуусуна алып кетет тура. Же төрөлүп жатканда врачтар бутунан катуу тартып койгонбу, айтор, кызым 2 жаш 8 ай болсо да баспай, өз алдынча отура албай келет.
“Мен өтүп кетсем кызым кор болуп калабы деп корком”
Кызымды жанымдан артык жакшы көрөм. Өзү баспаса да булдуруктап сүйлөп баарын түшүндүрөт. Эркелейт, абдан жароокер кыз. Экөөбүз сүйлөшөбүз, кадимкидей бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Менден башка эч кимиси жок. Кызым үчүн узак жашасам дейм. Баарыбыз Кудайдын колундабыз го. Эгер мен өтүп кете турган болсом кызымдын күнү эмне болот, кор болуп калабы деп корком. Эртерээк дарылатып, бутуна тургузуп алсам дейм. Ак көйнөк кийгизип турмушка узатсам, жакшы күндөрүнө күбө болсом бул жашоодо арманым жок эле.
“Келинчегим башка турмуш курган, кызым мага аманат”
Өзүбүз шаардын четиндеги айылдарда квартирада турабыз. Эртең менен туруп кызымдын курсагын тойгузуп, тазалыгын кароодон баштайм. Келинчегиме жакшылык каалагандан башка таарынычым жок. Ал азыр турмушка чыккан, андан баласы бар. Ушундай кыз төрөп бергенине ыраазымын. Мындан алты ай мурун келгенинде: “Үй-бүлөңө кызым экөөбүз кедергибизди тийгизип албайлы. Өз жашооң менен бактылуу бол. Эгер азыркы жолдошуң каршы болбосо гана келип тур”, – дегем. Кызыбызга жамандабайм. Качандыр бир кезде апасын сурап калганда жолугушаттыр. Ага чейин кызым мага аманат. Жалгыз карагандыктан иштегенге да, үй салганга да, дарылатканга да мүмкүнчүлүгүм жетпей жатат. Ошол себептен кайрымдуу элден кызымдын басып кетишине көмөк бериңиздер деп жардам сурайт элем.
М банк 0507382212:
О деньги 0507382212
Байланыш тел: 0507382212
