30 август

Эң негизгиси өзгөчө балага жазууну эмес, өзүн-өзү тейлөөгө үйрөтүү

Мен Брнодогу эң ири адистештирилген окуу жайлардын биринде иштейм.

Чынында, ал жакка кирүү оңой эмес, ата-энелер кезек күтүп, окуучулар экзамен тапшырышат. Тандоонун башкы талаптарынын бири – бул балдар өзүн-өзү тейлей алабы же жокпу. Башкача айтканда, колду жуу, идиш-аяктарды туура колдоно билүү жана дааратканага өз алдынча баруу.

Жалпысынан мектепте 6-8 баладан турган 6 класс бар. Ар бир класска 3 атайын мугалим-дефектолог дайындалат, анткени айрым окуучуларга өзүнчө мугалим керек болуп калышы ыктымал.

Окуу күнү 2 блокко бөлүнөт: саат 8:00дөн 12:00гө чейин ар кимибиз өзүбүздүн классыбыз менен иштейбиз, ал эми түшкү тамактануудан кийин алмашып, башка класска өтөбүз. Бул бир эле убакта мугалимге да, балдарга да бир аз убакытка болсо да кырдаалда өзгөртүүгө көмөк көрсөтөт.

Класстар кантип түзүлгөн

Класстарда ар кандай курактагы жана ар кандай деңгээлдеги менталдык өзгөчөлүктөрү бар балдар бар.  Алар ар кандай оордук даражасындагы балдар. Бул балансты кармап туруу максатында көрүлгөн чаралардын бири. Дал мына ушундай учурлар үчүн 3 педагог керек: эгерде бала эмоционалдуу болсо, аны эки мугалим тынчтандырат, үчүнчүсү калган окуучулар коркуп калбашы үчүн, аларды класстан алып чыгат.

Окутуу процесси

Бул барыбыз үчүн кадыресе көрүнүшкө айланган типтүү билим берүү процесси эмес. Биз ар дайым эле жүгүртмөгө ылайык иштей бербейбиз,  эң оболу биринчи планда баланын эмоционалдык физикалык абалы турат. Эгерде бала каалабаса, аны эч ким мажбурлабайт.

Биздин максат балдарга математика же жазуунун негизги эрежелерин үйрөтүү эмес, башкысы – аларды өз алдынча болууга үйрөтүү. Окуучунун кашык менен өз алдынча тамактанышы, онго чейин санай алышы, өзү кийингени эле биз үчүн чоң жеңиш.

Бизди курчап турган айлана-чөйрөдөн коркпоого, ачык болууга, муктаждыктарын, каалоолорун ачык айтууга үйрөтсөк – бул да жеңиш.

Ошондуктан да негизги басым сүрөт тартууга, дене тарбияга жана ырга бөлүнөт.

Өзгөчө окуялар

Мектепте жыл сайын өтүүчү иш-чара – биз үчүн өзгөчө окуя. Иш-чараны биздин мектеп шаардын борборундагы ири актовый залда уюштурат. Ноябрдан тарта ар бир класс өз алдынча даярданып, Жаңы жылдын алдында 20-декабрда ата-энелерди чакырабыз.

Балдар өз өнөрлөрүн тартуулашат. Алар үчүн эң башкысы мыкты бийлөө эмес, жөн гана сахнага чыгуунун өзү чоң бакыт. Ошондой учурларда ата-энелер балдары менен сыймыктанып, алар эмнеге жөндөмдүү экенин түшүнүшөт.

Андан тышкары, биз ушундай иш-чараларды утурлай колдон ар кандай буюмдарды жасап сатабыз: самын, шам, кооз жасалгалар, сүрөт түшүрүлгөн футболкалар жана башкалар. Сатыктан түшкөн каражат балдардын муктаждыгына жумшалат.

Биз театрга да көп барабыз. Жылына жок дегенде 5-6 жолу экскурсияларды уюштуруп, балдар менен кафеде убакыт өткөрөбүз. Бул биз жакшы көргөн жагымдуу көз ирмемдердин бири.

Алтынай Кубатбекова
Алтынай Кубатбекова Мугалим-дефектолог