Трамптын согушту токтотом деген убадасы соодалашууга айланды
Учурда бүткүл дүйнө Американын айланасында болуп жаткан окуяларга көз салууда. Анткени, ири оюнчу катары АКШ жетекчилигинин саясаты дээрлик бардык мамлекеттердин жашоосуна таасирин тийгизет.
АКШда жөөт элинин саясатка, банк системасына, финансы тармагында өтө чоң таасири бар. Демек, Израиль жакынкы чыгыш чөлкөмдө АКШнын көзөмөл жүргүзчү ишенимдүү мамлекети болот. Айрыкча радикал исламчылардын санын кыскартуу, баш ийдирүүнү максат кылган кичинекей зулум мамлекет экенин көрүп жатабыз. Эң негизгиси алар Иран мамлекетине тоскоолдук жаратып, аларга каршы террордук операцияларды, чабуулдары улантууну каалашат.
Иран – толук кандуу өнүккөн, көз карандысыз диний мамлекет. Алар кандай жагдай жаралса дагы улуттук саясатын жүргүзө берет. Ошондой эле Иран Израилдин агрессиясына, террордук чабуулдарына каршылык көрсөтөт жана аны талкалаганга кудурети жетет. Ирандын колунда ядролук куралдарды жарата турган мүмкүнчүлүгү бар. АКШ менен Израиль Иран ядролук куралдын ээси болушунан коркуп, түрдүү амал менен аларды алсыратуунун аракетин көрүп жатышат.
Америка Израиль менен бирдикте буга чейин эле колунан келген кордукту көрсөттү. Ирандын ядролук изилдөө мекемелерин бомбалашты. Белгилүү физиктерин, технологдорун, генералдарын өлтүрүштү. Колунан келишинче азгырышты. Бирок Иран өзүнүн улуттук кызыкчылыгынан баш тарткан жок. АКШ Израилдин кызыкчылыгын коргойт жана жан тартат.
Израилдин 200 ашык ядролук куралдары бар, Иранда технология бар. Ошон үчүн ушундай басым кылып, түрдүү амалдарды жасап жатышат. Жогоруда айткандай, АКШ менен Израиль Иран ядролук куралдын ээси болушунан коркот.
Согушту токтотом дегени шайлоого карата айтылган сөздөр болгон. Иш жүзүндөгү аракети айткан сөзүнө коошпой жатканына баарыбыз көрүп турабыз. Ошон үчүн согуштар уланып жатат. Трамптын согушту токтотуш үчүн соодалашкан амалдары көбөйүп кетти. Маселен, Трамп Украинаны орус федерациясына беребиз, бирок КНР, КНДР, Иран, менен карым-катнашын токтотуш керек деген талап коюп жатат.
