Майыптуулугу бар жарандарга жана ардагерлерге турак жайды милдеттүү камсыздандырууда 50-100% жеңилдиктер каралган.
Камсыздандыруу боюнча маалыматтар азыр электрондук түрдө жеткиликтүү. Мобилдик тиркемелер, мисалы, Мбанк, О банк жана Мегапэй аркылуу камсыздандыруу полисин оңой сатып алса болот. Ал жакта компаниялардын тизмеси берилет, каалаганын тандап, иштөөгө болот.
Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынан тышкары, 15 жеке компания иштейт. Алардын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнүп турат, жылдык отчеттору жана капиталдык талаптары текшерилет. Милдеттүү камсыздандыруу үчүн компанияда 150 миллион сом капиталы болушу керек. Ыктыярдуу камсыздандыруу үчүн бул талап 30 миллион сом.
Майыптуулугу бар жарандарга жана ардагерлерге турак жайды милдеттүү камсыздандырууда 50-100% жеңилдиктер каралган. Эгер камсыздандыруу окуясы катталса, жеңилдикке карабай, компенсация толук көлөмдө төлөнөт.
2023-жылдын 1-декабрына чейин камсыздандыруу келишимдеринин саны боюнча Ош облусу алдыда – 74 761 келишим. Андан кийин Жалал-Абад – 53 895, Чүй – 35 515. Башка аймактарда да кызыгуу өсүүдө.
Бүгүнкү күндө биздин кызмат, камсыздандыруу компаниялары жана Камсыздандыруу ассоциациясы калкка маалымат жеткирүү, механизмдерди түшүндүрүү боюнча активдүү иштеп жатат. Бул иштин жыйынтыгында, былтыркыга салыштырмалуу быйыл келишим түзгөндөр көбөйдү. Камсыздандыруу – бул жарандарды коргогон мыйзам. Тарифтер азырынча ылдый бойдон калууда, анткени процесс этап-этабы менен ишке ашырылууда.
2021-жылы Кыргызстанда малды камсыздандыруу боюнча пилоттук долбоор башталган. Бул программа Нарын облусундагы Ак-Талаа, Нарын жана Жумгал райондорунда ийгиликтүү жүргүзүлүп бүттү.
Быйыл Ош жана Баткен облустарында ушул эле пилоттук долбоордун негизинде иш жүрүп жатат. Программа негизинен тоют маселесине байланыштуу жана кыш эрте түшкөн, мал узак убакыт бою кол караган аймактар үчүн ылайыктуу. Бул мал чарбадагы тобокелчиликтерди азайтууга жардам берүүчү маанилүү кадам.
