Кыргызстандагы дрондор
Дрон – биринчи кезекте аралыктан башкарууга же учууну алдын ала берилген алгоритм менен ишке ашыруу мүмкүн болгон учкучсуз учуучу аппарат (БПЛА). «Дрон» термини «drone» англис сөзүнөн келип чыккан, мааниси – эркек аары. Учурда дүйнө жүзүндө дрон өндүрүү мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыттарынын бири болуп калды. Дүйнөнүн алдыңкы державаларынын дээрлик баары бүгүнкү күндө дрон өндүрүшүнө ээлик кылышат. Акыркы аскердик кагылышуулар экономиканын бул тармагын жаңы деңгээлге чыгарып, дрондор кеңири жана активдүү колдонулуучу негизги куралга айланды. Борбор Азия мындан четте калган жок, чөлкөмдөгү мамлекеттер дүйнөлүк таймашка активдүү кошулушту. Бирок эгерде мамлекеттик деңгээлде дрон өндүрүү согуштук мүнөзгө ээ болсо, а жарандык максаттар үчүн чөлкөм дрондорду батыштан жана Кытайдан активдүү ташып келүүдө. Чакан материалда Кыргызстандагы дрондордун абалын, ошондой эле бул багытты өнүктүрүүнүн келечегин талдоого аракет жасалат.
Кыргызстандын учурда жарандык маанидеги дрондорду өндүрбөйт. Кыргызстанда бүгүнкү күндө аскердик максаттагы дрондордун өндүрүшү бар, атамекендик өндүрүштөгү моделдер жакында эле ЖККУ тарабынан уюштурулган «Рубеж – 2025» аскердик машыгуулардын жүрүшүндө көрсөтүлдү. Аскердик машыгуулар 2025-жылдын 13-сентябрынан 20-сентябрына чейин Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында өтүп, анда Кыргызстандын аскери аскердик дрондордун көргөзмөсүн уюштурду.
Полигондо төмөнкүлөр көрсөтүлдү:
• Жакшыртылган кыймылдуулук, байланыш жана коргоо мүнөздөмөлөрүнө ээ болгон модернизацияланган МТ-ЛБ;
• Ар кандай модификациядагы сокку уруучу-чалгындоочу учкучсуз аппараттар, анын ичинде көп роторлуу аппараттар жана учак тибиндеги учкучсуз аппарат;
• Татаал шарттарда согуштук аракеттерди жүргүзүүгө арналган, күчөтүлгөн коргоого жана заманбап байланыш каражаттарына ээ ILBIRS Titan FS жана ILBIRS Hornet S бронемашиналары.
Аталган моделдер мамлекет тарабынан чыгарылат, Кыргызстандын жеке бизнеси учурда дрондорду өз алдынча өңдүрүү жаатында эч кандай аракет жасаган жок.
Бирок Кыргызстандагы жеке компаниялар тарабынан дрондорду өндүрүү тууралуу жаңылыктар медиа айдыңында кээде пайда болуп калат. Мисалы, 2024-жылы Нарын облусунда жарандык дрондорду өндүрүү башталаары тууралуу маалымат жарыяланган. Анда президенттин Нарын облусундагы өкүлү 2024-жылдын 2-апрелинде Кытай-Кыргызстан бизнес форумунун алкагында Кытайдын Zhongtian Zhicontrol Technology Holding Co., Ltd компаниясы менен келишимге кол койгону, анын алкагында Нарын облусунда дрондорду өндүрүү ишканасы ачылары айтылган. Маалыматтарда өндүрүштү ачуу үчүн 11 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылары кабарланган, бирок ошол айтылган нерсе башталдыбы же жокпу, азырынча белгисиз.
Ошол эле учурда Кыргызстанда дрондорго суроо-талап абдан жогору, бүгүнкү күндө өлкөгө ташылып келинген дрондордун саны боюнча ачык маалымат жок. Бирок дрондорду сатыкка чыгарган интернет сайттарды талдоо аркылуу Кыргызстанда колдонулган дрондорду чыгарган негизги өлкөлөр Кытай Эл Республикасы, Америка Кошмо Штаттары, Түркия Республикасы, Россия Федерациясы, аз санда Вьетнам, Таиланд ж.б. экенин аныктоого болот.
Учурда дрондор жергиликтүү видеоблогерлер, жеке жана мамлекеттик телеканалдар, жеке видеороликтерди даярдоо студиялары тарабынан видео контент жасоодо кеңири колдонулууда.
Ошондой эле дрондор коопсуздук тармагында, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо үчүн, ошондой эле айыл чарбасында эгиндерди иштетүү жана талааларды көзөмөлдөө үчүн кеңири колдонулат. Мындан тышкары, учкучсуз аппараттар мамлекеттик чек араны кайтаруу, электр өткөргүч линияларын текшерүү жана курулушта, ошондой эле башка өнөр жай жана коммерциялык максаттарда пайдаланылат.
Дрондорду ар кандай тармактарда колдонуу:
Транспорт жана коопсуздук:
Жол эрежелерин көзөмөлдөө: Жол полициясы өлкөнүн ири трассаларында, анын ичинде Бишкек-Ош жана Бишкек-Нарын-Торугарт жолдорунда жол эрежелерин бузууларды, мисалы, каршы тилкеге чыгуу жана рулда телефон колдонуу сыяктуу көрүнүштөрдү аныктоо үчүн дрондорду колдонот.
Чек араны кайтаруу: Чек араны кайтаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана мыйзам бузуучуларды аныктоо үчүн учкучсуз аппараттар колдонулат.
Айыл чарбасы: Талааларды иштетүү: Дрондор талааларды чачуу, эгиндерди зыянкечтерден коргоо жана башка айыл чарба иштери үчүн колдонулат, бул чоң аянттарды иштетүүгө жана натыйжалуулукту жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Чек араны кайтаруу: Мамлекеттик чек араны кайтаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана мыйзам бузуучуларды аныктоо үчүн учкучсуз учуучу аппараттар колдонулат.
Айыл чарбасы:
Талааларды иштетүү: Дрондор талааларды чачуу, эгиндерди зыянкечтерден тазалоо жана башка айыл чарба иштери үчүн колдонулат, бул чоң аянттарды иштетүүгө жана натыйжалуулукту жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Өнөр жай:
Инфраструктураны текшерүү: Учкучсуз учуучу аппараттар электр берүү линияларын (ЭБЛ) жана башка өнөр жай курулмаларын көзөмөлдөө үчүн колдонулат.
Курулуш: Дрондор курулуш аянтчаларын жана инфраструктуралык объектилерди көзөмөлдөө үчүн колдонулат.
Кыргыз Республикасынын аймагында дрондордун учуусун жөнгө салуучу негизги ченемдик укуктук акт болуп 2015-жылдын 6-августунда кабыл алынган – Кыргыз Республикасынын Аба кодекси эсептелет, анын 2019-жылдын 11-январындагы редакциясы учурда күчүндө. Аба кодекси дрондордун ээлеринен Жарандык авиация агенттигинен уруксат алууну талап кылат. Себеби дрон учкучсуз учуучу аппараттын аныктамасына кирет. Дронду учуруу күндүз гана жана 100 метрге чейинки бийиктикте, ошондой эле аэродромдордун жанында (учуу-конуу тилкесинен 3 миң метрден кем эмес аралыкта) жана тыюу салынган зоналарда учууга тыюу салууну милдеттүү түрдө сактоо менен гана мүмкүн.
Учурда Кыргыз Республикасынын аймагында түнкүсүн дрондордун учуусуна тыюу салынган. Ошол эле учурда кодексте катталган дрондорго карата талаптар (салмагы, көлөмү, техникалык багыты ж.б.), ошондой эле мамлекеттик авиадиспетчердик кызматтар тарабынан учуу процесси кандайча көзөмөлдөнөөрү так жазылган эмес. Мыйзамдагы бул боштуктар азырынча карала элек жана баштапкы абалында турат. Жакынкы аралыкта бул багыттагы мыйзамдарга кандайдыр бир өзгөртүүлөр киргизилиши күтүлбөйт.
