21 август

Эттин баасы жана экспортко тыюу салуу: убактылуу тыныгуубу же тармакка жасалган соккубу?

2025-жылдын 11-августунан тартып Кыргызстанда эттин баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу иштеп баштады. 

Экономика министрлиги чектик деңгээлдерди белгиледи: орточо эсеп менен килограммына 680–690 сом, айрым жерлерде 700 сомго чейин. Ошол эле учурда ички бааларды кармап туруу үчүн жаңы экспорттук квоталарды берүү токтотулду. Бул кадамдар инфляцияга каршы жана социалдык чара катары сунушталды.

Алгачкы жумаларда эле анын таасири байкалып баштады. Базарларда уй эти 630–680 сомдон, кой эти 650–690 сомдон сатылууда, Ош шаарында килограммы 700 сомго чейин жетти. Бирок негизгиси өзгөрүүсүз калды. Бааны рынок түзөт, ал эми рынок – бул фермердин чыгымдары. Тоют, логистика, ветеринария жана каржылоого жеткиликтүүлүк.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанда 115,4 миң тонна эт өндүрүлдү, бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 4 миң тоннага көп. Өлкө уй эти боюнча өзүн 95% камсыздайт, ал эми кой эти боюнча нормадан да ашык. 

Маселе тартыштыкта эмес, фермер килограммды канча баада сатыкка чыгара алат дегенде. 

Ошол эле учурда чыгымдар өсүүдө. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кургакчылык коркунучу жана тоюттун алдыда болчу тартыштыгы жөнүндө эскертет. Ошол эле учурда мамлекет ветеринардык дары-дармектерди сатып алат, бирок тоют, күйүүчү май, техника жана жумушчу күчү кымбаттап баратат. Административдик "тоңдуруу" кыска мөөнөттүү тыныгуу гана берет, бирок абалды өзгөртпөйт. Өздүк нарк ар кандай арзандатууну “жейт”. 

Экспорт маселеси өзгөчө курч турат. 2025-жылы тирүү малдын экспорту кескин кыскарды. Бул ички рынокту толтурду, бирок ошол эле учурда фермерлерди кирешеден жана инвестициядан ажыратты. 

Казакстандын тажрыйбасы тобокелдиктерди көрсөтөт. Ал жакта 2019–2020-жылдары ири мүйүздүү малды экспорттоого тыюу салгандан кийин малдын саны азайып, чыгымдар көбөйүп, керектөө баалары өсө баштаган. 

Катуу тыюу салуулар симптомду дарылайт, бирок тармактын негизин бузат.

Абал коррупциялык жаңжал менен курчуду. 2025-жылдын 20-августунда УКМК Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басарын, ошондой эле Ветеринардык кызматтын жетекчисин жана жетекчисинин орун басарын кармады. Алар эт жана мал экспорттук квоталарын бөлүштүрүүдө схема уюштурууга шектелишкен. Бул схема жаныбарларга жасалма актыларды түзүүнү, квоталарды 300 доллардан жана 5 миң сомдон сатууну, ошондой эле 40 000ден ашык малды мыйзамсыз Өзбекстанга чыгарып кетүүнү камтыган.

Министрликтен билдиришкендей, «тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн иштин чоо-жайын азырынча ачыкка чыгаруу мүмкүн эмес. Баары тергөөнүн жыйынтыгында белгилүү болот».

Бул окуя дыйкандардын негизги кооптонуусун тастыктады. Тыюу салуулар жана квоталар өндүрүүчүлөрдү колдоонун эмес, коррупциянын куралына айланууда. 

Абалды оңдоо үчүн убактылуу чектөөлөр эмес, системалуу чаралар керек. 

Ал үчүн азыркыдай 10 пайыздык эмес, 3-5 пайыздык арзан насыялар зарыл. Жеткиликтүү каржылоосуз мал чарбасы чыгашалуу болуп, инвестициялык жагымдуулугун жоготот.

Товарды фермерлерден түз рынокко жеткирүүнү уюштуруу маанилүү ролду ойноп, бааларды жасалма түрдө көтөргөн ортомчуларды жок кылууга мүмкүндүк берет. 

Муну менен катар тоютка, техникага жана ветеринардык дары-дармектерге дотациялар жана салыктык жеңилдиктер керек, алар продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө жардам берет.

Дагы бир маанилүү кадам - ички рынокко канча эт керектигин жана канча көлөмдө экспортко жөнөтүүгө болорун алдын ала аныктоого мүмкүндүк берген так пландаштыруу боло алат.

Акырында, кыянатчылыктарды жок кылуу жана коррупциялык схемалардын алдын алуу үчүн квоталарды бөлүштүрүү жана логистикага ачык көзөмөл керек. 

Жогоруда айтылгандардан улам бааларды тоңдуруу жана экспортко тыюу салуу кыска мөөнөттүү келечекте гана натыйжа бериши мүмкүн деп болжолдоого болот. Бирок фермерлерди колдоо, логистиканы модернизациялоо жана коррупцияга каршы күрөшүү болбосо, бул чаралар "пружинага" айланат. 

Натыйжада, өлкө туруктуу 700 сомдун ордуна баалардын жаңы секиригине, бүт баары качып жаткан нерсеге кабылуу коркунучуна кездешет.

Кылыч Куталиев
Кылыч Куталиев Бизнес-ментор, iSistant (AI e-commerce кредиттөө платформасы) компаниясынын негиздөөчүсү