3 август

Азербейжан Борбор Азиядагы катышуусун күчтөндүрүүдө 

Акыркы жылдары Азербайжан инвестициялык, транспорттук, экономикалык жана гуманитардык дипломатия куралдарын колдонуу менен Борбор Азиядагы катышуусун бир кыйла күчөттү. Бул саясат Кыргызстанда эң айкын көрүнүп турат, ал акыркы жылдары Бакунун аймактагы негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп калды. 

2026-жылдын 30-31-июль күндөрү Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен барды. Президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Азербайжандын Мамлекеттер аралык кеңешинин үчүнчү отуруму болуп өттү. Тараптар бир катар эки тараптуу документтерге кол коюп, инвестиция, транспорт, энергетика, туризм, өнөр жай жана айыл чарба тармактарында кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча макулдашышты. 

Сапар учурунда мамлекет башчылары жогорку мамлекеттик сыйлыктар менен алмашышты. Садыр Жапаров Азербайжандын жогорку мамлекеттик сыйлыгы «Гейдар Алиев» ордени менен сыйланды. А Илхам Алиев Кыргызстандын жогорку мамлекеттик сыйлыгы I даражадагы «Манас» орденинин ээси болду. 

Сапардын негизги окуяларынын бирине 2026-жылдын 31-июлунда Ысык-Көлдүн жээгинде Азербайжан тарабынан курулган беш жылдыздуу «Baku Resort Issyk-Kul» мейманкана комплексинин ачылышы айланды. Салтанатка эки өлкөнүн президенттери катышты. Объект Кыргызстандын туризм тармагындагы эң ири азербайжандык инвестициялык долбоорлордун бири болуп калды.

Аны менен катар Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун кеңейтилүүдө. Аны түзүү чечими 2022-жылы кабыл алынган, ал эми 2024-жылы фонддун капиталы 25 миллиондон 100 миллион АКШ долларына чейин көбөйтүлдү. Фонд аркылуу өнөр жай, айыл чарба, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, курулуш, логистика, туризм, жашыл энергетика тармактарындагы долбоорлор, ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоо программалары каржыланат.

Бакунун активдүүлүгү Кыргызстан менен эле чектелбейт. Казакстанда Азербайжан Астана менен биргеликте Транскаспий эл аралык транспорттук каттамын (Ортоңку коридор) өнүктүрүп, Актау жана Баку портторунун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтип, ошондой эле Казакстандын мунайын Баку — Тбилиси — Жейхан мунай жолу аркылуу ташууну көбөйтүүдө. 

Өзбекстан менен биргеликте автомобиль өнөр жайы, текстиль өнөр жайы, логистика жана инвестициялык чөйрөдө, анын ичинде биргелешкен инвестициялык фонддун ишин камтыган долбоорлор ишке ашырылууда. 

Түркмөнстан менен деңиз аркылуу ташуу, транспорттук коридорлор, Каспий логистикасы жана энергетика тармактарында кызматташтык өнүгүүдө. 

Ошентип, мында жекече эки тараптуу демилгелер тууралуу эмес, Азербайжандын Борбор Азияда саясий, экономикалык, транспорттук жана гуманитардык катышуусун ырааттуу түрдө түзүп жатканы жөнүндөайтууга болот. Бул долбоорлордун көпчүлүгү Түркиянын активдүү колдоосу менен жана Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында ишке ашырылууда.

Аны менен бирге, айрым эксперттер Анкара менен Бакунун аймактагы саясатын Улуу Британиянын же британиялык атайын кызматтардын кызыкчылыктары аныктайт деген пикирди айтышат. Бирок мындай баалоолордун ишенимдүү далилдери жок жана эксперттик жана саясий талкуулардын предмети бойдон калууда. 

Ошол эле учурда, Борбор Азия геосаясий атаандаштыктын негизги аймактарынын бири болуп жатканын белгилей кетүү керек. Азербайжан жана Түркиядан тышкары, Россия, Кытай, Европа Биримдиги, АКШ жана Перс булуңундагы мамлекеттер аймактагы таасирин ырааттуу түрдө кеңейтип жатышат. Бул атаандаштыктын негизги куралдары инвестициялар, транспорттук коридорлор, энергетикалык долбоорлор, каржылык механизмдер жана гуманитардык кызматташтык болуп саналат. Ошол эле учурда, Борбор Азия мамлекеттери өз улуттук кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн ар кандай күч борборлору менен кызматташууга умтулуп, көп багыттуу тышкы саясатты карманып келишет.

Кайрат Телеушев
Кайрат Телеушев саясат таануучу, "Гуров жана өнөктөштөр - Борбордук Азия" PR-компаниясынын башкы директору