Бишкек мэриясы коомдук транспортту пайдаланууга чакырат
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарына жана конокторуна күнүмдүк каттамдарда мүмкүн болушунча коомдук транспортту тандоону сунуштайт.
Бүгүнкү күндө коомдук транспорт жеке автоунаага караганда ыңгайлуу жана үнөмдүү альтернатива болуп саналат. Ал күйүүчү майга, техникалык тейлөөгө жана унаа токтотууга кеткен чыгымдарды азайтууга мүмкүнчүлүк берет.
Акыркы жылдары Бишкек шаарында автобустардын паркы жаңыланды. Заманбап муниципалдык автобустар жүргүнчүлөрдүн коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсү үчүн бардык зарыл шарттар менен камсыздалган. Ал эми транспорт тармагын санариптештирүүнүн алкагында жол кирени банк картасы, QR-код, «Тулпар» транспорттук картасы жана башка накталай эмес төлөм ыкмалары аркылуу төлөөгө болот.
Муниципалдык автобустар экологиялык жактан таза күйүүчү майдын түрлөрүндө иштеп, зыяндуу заттардын абага бөлүнүп чыгышын азайтууга жана борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртууга салым кошууда.
Жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылуу максатында шаарда коомдук транспорт үчүн атайын бөлүнгөн тилкелерди өнүктүрүү иштери уланууда. Бул автобустардын жол тыгындары көп болгон тилкелерден ылдам өтүшүнө шарт түзөт. Ошондой эле 60 мүнөттүн ичинде акысыз кайра отуруп жүрүү мүмкүнчүлүгү каралган. Мунун аркасында жүргүнчүлөр кошумча төлөмсүз бир нече каттамды пайдалана алышат.
Коомдук транспортту колдонуу жеке автоунааны пайдаланууга байланышкан чыгымдарды, анын ичинде күйүүчү майга, техникалык тейлөөгө жана унаа токтотууга кеткен каражатты үнөмдөөгө жардам берет.
Ар бир автобус менен жасалган сапар шаар көчөлөрүндөгү транспорттук жүктү азайтууга, жол тыгындарын кыскартууга, зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын төмөндөтүүгө жана борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртууга кошулган салым болуп саналат.
