Эмгек министрлиги: Эмгек инспекторлору кызматкерлердин пайдасына 4,4 млн сомдон ашык эмгек акыны өндүрүп беришти
Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында эмгек инспекторлору кызматкерлердин пайдасына төлөнбөй калган эмгек акынын 4 миллион 408 миң 972 сомун өндүрүп беришти.
Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде өндүрүлгөн сумма 7 миллион 199 миң 869 сомду түзгөн.
Натыйжада көрсөткүч 2 миллион 790 миң 896 сомго, же 38,8 пайызга азайды.
Мындан тышкары, өндүрүштүк жаракаттан келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөнгөн компенсациялардын көлөмү да кыскарды.
2026-жылдын алты айында кызматкерлерге 11 миллион 380 миң 435 сом өлчөмүндө компенсация төлөнгөн.
Ал эми 2025-жылдын ушул эле мезгилинде бул сумма 58 миллион 826 миң 346 сомду түзгөн. Натыйжада компенсациялардын көлөмү 80,7 пайызга төмөндөгөн.
