МСК эскертет: 2026-жылдын 1-сентябрына чейин мүлк салыгын төлөө керек
Сүрөт ачык булактардан алынды
4 август

МСК эскертет: 2026-жылдын 1-сентябрына чейин мүлк салыгын төлөө керек

Мамлекеттик салык кызматы жарандарга мүлк салыгын өз убагында төлөө зарылдыгын эскертет.

2026-жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төмөнкү салыктарды төлөө зарыл:

— ишкердик жүргүзүүдө пайдаланылбаган турак үйлөр жана батирлер үчүн мүлк салыгы;

— үй жанындагы, короо алдындагы жана бакча-чарба жер тилкелери үчүн жер салыгы.

2026-жылы төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы тууралуу маалымат салык төлөөчүнүн кабинетинде жайгаштырылган. Ошондой эле төлөм кодун же QR-кодду түзүп, салыкты онлайн төлөөгө болот.

Белгилей кетсек, салыкты өз убагында төлөбөгөн учурда карыздын суммасына мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн 0,09 % өлчөмүндө туум эсептелет.