10 сентябрь

Кыргызстан көп мал баккан эмес, көп сапаттуу эт өндүргөн өлкөгө айланышы керек

Кыргызстанда бодо малдын саны өсүп жатканы менен эттин баасы арзандабай келет. Маселе малдын санында эмес, аны багуу системасында. 

Малдын саны өсүүдө, бирок эт арзандаган жок.  Анткени биз малдын санын негизги көрсөткүч катары карап келебиз. Чындыгында бир баш малдан канча эт алынары, анын канчалык тез салмак кошору жана багууга кеткен чыгым маанилүү.

Малдын саны көбөйдү, бирок тоют базасы, технология жана өндүрүштү уюштуруу жетиштүү деңгээлде өнүккөн жок. Малды көбөйтүү оңой, ал эми сапаттуу эт өндүрүү илимге жана технологияга таянат.

Мында жайыт дагы негизги көйгөйлөрдүн бири. Малдын саны жана түрү көбөйгөнү менен тоют базасы кеңейген жок. Мурда жайыттар малдын тоютка болгон муктаждыгынын 60 пайызга чейин камсыздаса, азыр бул көрсөткүч 45–50 пайызга түшкөн.

Демек, малды көбөйтүү менен катар анын азык базасын да күчөтүү зарыл.

Этти арзандатууга умтулсак, ал малдын санын чексиз көбөйтүү менен чечилбейт. Туруктуу өндүрүш түзүлүшү керек. Колдо бордоп семиртүү системасын өнүктүрүү зарыл.

Сапаттуу тоют, туура рацион жана заманбап технология эт өндүрүшүн көбөйтүп, рыноктогу бааны турукташтырууга жардам берет.

1970-жылдары бодо малды өнөр жайлык негизде бордоп семиртүү системасы түзүлүп, 200 миң башка чейин мал атайын комплекстерде багылган.

Ал кезде негизги басым технологияга жасалган. Тоют алдын ала даярдалып, рацион илимий негизде түзүлгөн. Туура шартта малдын суткалык салмак кошуусу 600 граммдан 1,2 килограммга чейин жеткен.

Азыр ири бордоп семиртүүчү комплекстерди куруу менен иш бүтпөйт. Сапаттуу тоют, суу, ветеринардык кызмат, адистер жана заманбап технология болушу шарт.

Өткөн тажрыйбадан комплекстердин сырткы көрүнүшүн эмес, анын негизин — илимий мамилени алуу керек.

Кыргызстанда ири эт өндүрүүчү өлкө болууга мүмкүнчүлүк бар. Бирок биринчи кезекте тоют базасын чыңдоо, чарбаларды ирилештирүү, кооперацияны өнүктүрүү жана илим менен өндүрүштүн байланышын күчөтүү зарыл.

Кыргызстандын келечеги малдын башын көбөйтүүдө эмес, ар бир баш малдан көбүрөөк жана сапаттуу продукция алууда. Биз көп мал баккан эмес, көп сапаттуу эт өндүргөн өлкөгө айланышыбыз керек.

Жамин Акималиев
Жамин Акималиев академик