17 февраль

Ушул жылдан тартып биз Wildberries жана Ozon сыяктуу гиганттар менен атаандашууну баштайбыз

Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө электрондук соода аянттарын ээлеп жатат. Taobao, Pinduoduo жана башка чоң маркетплейстердин атаандаштары болушу мүмкүн эместей сезилет. Бирок Кыргызстанда жергиликтүү ишкерлер да рынокто чоң оюнчуларга айланууга аракет кылышууда. Бул багытта аларга Кыргызстандын Кытайдагы Соода-Өнөр-жай палатасынын өкүлчүлүгү жардам берүүдө.

Азыр биз Кытайдагы эл аралык көргөзмөлөргө катышуу аркылуу ата мекендик өндүрүүчүлөрдү, ошондой эле алардын продукциясын жана кызматтарын Кытай рыногуна активдүү таанытып жатабыз. Кыргызстандан айыл чарба продукциясын импорттоого Кытай тараптан абдан чоң кызыгуу байкалууда.  Былтыр Сианда Кыргызстандын Соода үйү расмий ачылган. Азыр биз өндүрүүчүлөрүбүздүн дээрлик бардык эл аралык көргөзмөлөргө катышуусу үчүн шарттарды түзүп жатабыз.  Быйыл Гуанчжоудо айыл чарба продукциясын илгерилетүү үчүн павильон ачуу пландалууда.

Туризм секторунун өнүгүүсү да активдүү жүрүүдө. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, быйыл визалык режимди жөнөкөйлөштүрүштү, ошондуктан эми Кытайдан Кыргызстанга келген туристтердин агымы көбөйөт деп пландаштырылып жатат.

Учурда электрондук соода актуалдуу  болгондуктан, биз кытайлык өнөктөштөрүбүздүн бул жааттагы тажрыйбасын үйрөнүүгө активдүү умтулуп жатабыз. Өтө көп ишкерлерибиз кытайлык маркетплейстердин тажрыйбасын өздөштүрүүгө кызыгышууда. Азыркы этапта төлөм системаларын киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө, бул электрондук соода үчүн өтө маанилүү, анткени калктын 80 пайызы өлкөбүздө өтө популярдуу болгон Taobao, Pinduoduo сыяктуу электрондук аянттарды колдонушат. Бул жылы бизде көптөгөн электрондук аянтчалар ачылат деген ойдомун.

Кыргызстандагы рынок электрондук коммерцияга жана Кытайда бар болгон маркетплейстер менен кызматташууга бүгүнкү күндө толугу менен даяр. Азыркы учурда логистикалык жолдорду жана төлөм системасын чечүүгө абдан чоң кызыгуу жана даярдык бар. Ири корпорациялар анын үстүндө иштеп жатышат. Буйруса, бул жылы биз төлөм системасын чечүүдө чоң жетишкендикке жетебиз. Кытай тарап да Кыргызстандагы рынокто иштөөгө чоң кызыгуусун билдирүүдө. Менин оюмча, ушул жылдан тартып биз Wildberries жана Ozon сыяктуу гиганттар менен атаандашууну баштайбыз. Биздин жергиликтүү корпорациялар россиялык аталган ири оюнчулардай эле жыйынтыктарга жетишет жана биз да жардамыбызды беребиз. Келечекте, бул процесс башталып кетсе, дагы маалымдайбыз. Азырынча ири платформалар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Мэрим Кожокматова
Мэрим Кожокматова