Сындан башы чыкпаган айыл чарба: аны өнүктүрүү үчүн бир гана жол бар
Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан бери өлкөнүн айыл чарба тармагына тынымсыз сын айтылып келүүдө. Анын көп себеби бар.
Негизгиси – Талгарбеков жүргүзгөн алгачкы жер реформасы туура эмес аткарылган.
Жердин менчикке өтүүсү өтө туура болгон. Бирок бул жерде эки орчундуу ката кетирилген.
Биринчиси айдоо жерлердин 25 пайызы мамлекеттин эсебинде калып кеткен. Дал ушул жерлерди пайдалануунун, ижарага берүүнүн айланасында коррупциялык көрүнүштөр тамырлап, отоо чөп сыяктуу тармакка зыян келтирүүдө.
Экинчиси, колхоз-совхоз системасын, ири чарбаларды таркатууну кесипкөйлүк менен жүргүзүү зарыл болчу. Кантип? Мен ошол учурда эле сунуштагам – совхоз аттуунун баарын жоюп, колхоздорго айландыруу керек. Совхоздордон айырмаланып колхоздор менчик кооперативдер эле. Кооперативдерди башкаруунун ыкмаларын замандаштырып, айылдагы негизги өндүрүш каражаттарын талап-тоноп, бөлүшүп, талкалап салуу аракеттерин алдын алыш керек болчу.
Жер тартыштык көйгөйү дүйнө жүзүндө илгертеден бар. Дал ушул көйгөйдүн өзү бардык согуштардын себепчиси болуп келгендиги сыр эмес.
Бизде да жер тартыш - маңдайыбызга жазган 1 250 000 гектар айыл чарба жербизди чоюп чоңойто албайбыз.
Өндүрүштү өнүктүрүүнүн эки жолу бар – экстенсив жана интенсив.
Биздин айыл чарба өндүрүшүнө карата экстенсив жолу – бул айдоо жерлеринин аянтын кеңейтүү. Бирок өйдө жакта айтып кеттик – жерибизди чоюп чоңойто албайбыз. Демек, 614 миң кунарсыз жерди эсепке албаганда, экстенсив ыкмасы менен өнүгүү мүмкүн эмес.
Ошондо бизде бир гана жол бар - айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнү интенсив жолго жетелеп, “ара төрөлгөн” жер реформасын аягына чыгаруу актуалдуу.
Интенсив – бул өзүнчө чоң тема. Кыргызстанга айыл чарба продукциялары көбүнчө сырттан киргизилет. Бизде өзүбүздү, ички рынокту камсыздоого эмне жетишпейт?
Элди азык-түлүк менен камсыздоо, азык-түлүк коопсуздугу, эттин баасын көзөмөлдөө, экспортко тыйуу салуу, антимонополиялык коррупциялашкан мекемеге шылтап актануу, жетишпеген продукцияны сырттан ташып келүү сыяктуу дооматчыл, большевиктердин ураан-багытына окшогон ыкмалардын баары тең жарабай турганы белгилүү болду. Нанды "нана" деп, тили чыга элек баланын акылы менен айыл чарба тармагын өнүктүрүү таптакыр мүмкүн эмес экендигин турмуш өзү көрсөттү.
Тилекке каршы, айыл чарба тармагын башкарууга бир да реформатор, новатор, кесипкөй жетекчи тартыла элек.
Эркин базар экономикасынын кучагында жашап жатабыз. Тактап айтканда айыл тургундары, фермерлер кимдир бирөөнү азык-түлүк менен камсыздоого милдеттүү эмес.
Фермерлер, айылдагы ар бир үй-бүлө рентабелдүүлүгү жогору болгон өсүмдүктөрдү өстүрүп, берекелүү киреше табууну көздөп иш тутуусу шарт. Кирешеси жок үй-бүлөнүн келечеги ички жана сырткы миграцияга барып такалышын башыбыздан кечирип келе жатабыз. Анан кантип айыл тургундары элдин башка катмарын арзан эт менен камсыз кылып турушу керек?
Өзбекстанга тирүү малды экспорт кылууга тыйуу салынган күндүн эртеси эле этин баасы өсө баштаган. Ошондогу эттин баасы 350 сом болчу, мына азыр 700 сомго көтөрүлдү. Эттин баасын эч ким көзөмөлдөп арзандата албайт.
Мал баккан фермерлерге мамлекет эркиндик берип, шарт түзүп берсе, өзүбүздө өндүрүлгөн эттин жалпы көлөмү көбөйсө эттин баасы салыштырмалуу туруктуу болоору анык.
Жыйынтык – бизге элди туура жолго жетелей билген кесипкөй жетекчилер керек.
Бизде 50... 100 гектар болгон кенен талааларыбыз деле өтө аз. Арасынан жол өтөт, арык өтөт, сай өтөт дегендей. Айдоо жерлерибиздин өзү негизинен майда-майда. Алар менчиктештирилип кеткен. Элибиз менчик жерди натыйжалуу пайдаланууну өздөштүрүп, тың оокат жасоону үйрөнүп калды.
Болду, аларга тийбегиле, бай болгурлар деген киши жок.
Биз куру жомокторду токуй бериштин ордуна айыл чарбасына тиешелүү жаңы технологияларды өздөштүрүү, жаңылануу жолуна түшкөнүбүз оң.
Органикалык айыл чарба өндүрүшүнө өтүүнүн өзү жөн эле мода эмес – бул замандын талабы.
Ошондуктан фермерлерибиздин органик өндүрүмдөрдү өстүрүүгө өтүшүн колдоп, органик дыйканчылыктагы атаандаштыктын күчөшүн шарттап, шамалга каршы жүрүш жасаганыбыз дурус.
Таза азык-түлүк дарылап, "зордоп" өстүрүлгөн өндүрүмгө салыштыра келгенде эки эсе кымбат болсо таң калбашыбыз керек.
