28 октябрь

Кыргызстан үчүн мүмкүнчүлүктөр терезесиби же тузакпы?

Финансы министрлиги айтып жаткан 2027-2028-жылдарга бюджеттин профицити жетиштүү түрдө реалдуу көрүнөт, бирок абайлап баа берүүнү талап кылат. Финминдин профицит боюнча болжолдоосу, мисалы, 2027-жылы ИДПнын 2,8 пайызы жана 2009-жылы ИДПнын 1,8 пайызы, бул социалдык-экономикалык өнүгүүнүн орто мөөнөттү божомолуна негизделген.

Бул өкмөттүн амбициясын жана экономикадагы оң тенденциялардын уланышына болгон күтүүнү чагылдырат. Бирок азыркы жылдардагы айрым оң факторлорду, мисалы, Улуттук банктын пайдасын көбөйтүү сыяктуу бир жолку ири түшүүлөр кирешелерди кыйла колдогонун эске алуу зарыл, алар пландаштырылган мезгилде кайталанбай калышы мүмкүн. Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунуку (ЕТӨФ) сыяктуу консервативдүү болжолдоолор да бар, алар 2027-жылы кирешелердин азайышын жана атүгүл азыраак дефицит болоорун айтып жатышат. Демек, болжолдоонун ишке ашышы түздөн-түз экономиканын өсүү темпинин сакталышына, фискалдык реформалардын натыйжалуулугуна жана тышкы факторлордун туруктуулугуна көз каранды.

Бюджеттин кирешесинин учурдагы өсүшү факторлордун комплекси менен шартталган. Салыктык башкарууну күчөтүү, ККМ-онлайнды, электрондук эсеп-фактураларды жана башка санариптик инструменттерди киргизүү көмүскө экономиканы кыскартып, салыктардын жыйналышын жогорулатты.

Өнөр жай (айрыкча тазартылган мунайзаттарын өндүрүү), товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү сыяктуу негизги тармактарда өсүш байкалууда. ИДПнын өсүшү салыктык түшүүлөрдү стимулдаштырат.

Айрым мезгилдерде ири салыктык эмес түшүүлөр, атап айтканда, Улуттук банктын пайдасын көтөрүү  олуттуу салым кошот.

Чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү жана бажы кызматындагы реформалар жыйымдардын көбөйүшүнө өбөлгө түзөт.

Профициттин узак мөөнөттүү келечекте туруктуулугу - бул негизги маселе. Бир жолку түшүүлөргө көз карандуулук сыяктуу тобокелдиктер бар. Эгерде профицит көбүнчө бир жолку ири которуулар менен камсыздалса, бул фискалдык тобокелдикти жаратат. Ошондой эле тышкы конъюнктура. Кыргызстандын экономикасы тышкы шокторго сезгич (Россиядагы, Казакстандагы кырдаал, чийки заттын дүйнөлүк баалары).

Мындан тышкары, "чыгаша оорусу" деген тобокелдик бар. Профициттин болушу каржылык тартипти начарлатып, чыгымдардын натыйжасыз көбөйүшүнө түрткү бериши мүмкүн.

Анын туруктуу болушу үчүн эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган реформаларды тереңдетүү; бир нече ири киреше булактарынан көз карандылыкты азайтуу жана жаңы секторлорду өнүктүрүү; катуу бюджеттик тартипти сактоо жана мамлекеттик инвестициялардын сапатын жогорулатуу зарыл.

Менимче, өкмөт конъюнктуралык факторлорго таянуу же жөн гана фискалдык кысуу эмес, структуралык экономикалык өсүштү камсыздай алганда гана профицит туруктуу болот.

Кошумча профицит учурдагы керектөөгө эмес, узак мөөнөттүү өнүгүүнү камсыз кыла турган стратегиялык максаттарга багытталышы керек. Ал эми №1 артыкчылык – профицитти тышкы жана ички карызды мөөнөтүнөн мурда төлөөгө же тейлөөгө багыттоо. Бул дароо каржылык туруктуулукту бекемдейт жана келечектеги тобокелдиктерди азайтат.

Ошондой эле инфраструктурага инвестиция салуу керек: бул далилденген экономикалык таасири бар ири, жогорку рентабелдүү инфраструктуралык долбоорлорду (энергетика, жолдор, ирригация) каржылоо.

Максаттуу инвестицияларды билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарына жумшоо керек, бул кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталышы керек, жөн гана айлык акыны көбөйтүүгө эмес.

Ошондой эле профициттин бир бөлүгүн, айрыкча салыктык эмес кирешелерден түшкөн бөлүгүн, келечектеги экономикалык шокторду жумшартуу же ири узак мөөнөттүү долбоорлорду каржылоо үчүн турукташтыруучу же суверендүү фондго салуу керек.

Кубан Чороев