Парламент улуттук аң-сезимдин, акыл-эстин ар-намыстын күзгүсү
Парламенттик шайлоо күздө өтөрү тар чөйрөдө айтыла баштады. Эл болгондон кийин татыктуу талапкерлер чыкпай койбойт. Алардын мандат алышы шайлоочулардын тандоо дараметинде жана аткаруу бийлигинин билимдүү, чыныгы намыстуу (куру дымактуу же популист эмес) депутаттар келишине канчалык кызыкдар экендигине жараша болот деп ойлойм.
Парламент улуттук аң-сезимдин, акыл-эстин ар-намыстын күзгүсү. Эгер Жогорку Кеңештин деңгээли жогору же төмөн болуп калса, демек, биздин активдүү катмардын орточо ай-кюсу (IQ - интеллектуалдык коэффициенти, башкача айтканда, акыл эстүүлүк даражасы) ошол абалда экенин көрүшүбүз керек...
Шайлоодо татыктуулар өтүп келиши үчүн ар бир талапкер жөнүндө эң орчундуу маалыматтарды элге кеңири жеткириш керек. Мурун эң алгылыктуу жолдорунун бири – атаандаштарды теледебатка алып чыгуу. Ачык талкууда кимиси канчалык билимдүү, сабаттуу, намыстуу экенин көрүнүп калат.
Парламенттин деңгээли жогору болушуна аткаруу бийлиги да кызыгышы керек. Анткени кнопка басуу менен кошоматтан башкага жарабаган "өкүлдөр" бүтүндөй мамлекеттин кадырына доо кетирет, алардын алган айлыгы да арам болот.
