6 август

Кыргызстан жеке ГЭСтери бар туруп, эмне үчүн электр энергиясын Россиядан сатып алат

Бир караганда бул түшүнүктүүдөй сезилет. Кыргызстанда дээрлик бардык электр энергиясы суу ресурстарынын эсебинен иштелип чыгат. 

Өлкө чындыгында электр энергиясын өндүрүүнүн 90 пайыздан ашыгын гидроэлектростанцияларынан алат. Таңкыстык айрыкча, кышында, Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли кескин төмөндөгөндө билинет. 

Расмий маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстан 2 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттогон, анын ичинде Россия Федерациясынан дагы. Бул жалпы керектөөнүн дээрлик 20 пайызын түзөт. Салыштыруу үчүн: ГЭСтердин жеке генерациясы 6,6 млрд кВт•саатты, ал эми жылуулук электр станцияларында болгону 1,1 млрд кВт•саатты түзгөн.

Дефицит эмне үчүн пайда болот? Түшүндүрмөсү абдан жөнөкөй. ГЭСтер жыл бою максималдуу кубаттуулукта иштей албайт, айрыкча кургакчылык мезгилинде. Ошол эле учурда жаңы объектилерди куруу чоң инвестицияларды жана узак мөөнөттү талап кылат. Ошондуктан электр энергиясын берүүнү үзгүлтүккө учуратпоо үчүн Кыргызстан аны Россиядан сатып алууга аргасыз. Жеткирүүлөр Казакстандын аймагы аркылуу ишке ашырылып, бул күз жана кыш айларында эң оор кырдаалды турукташтырууга мүмкүндүк берет.

Кошумча фактор – ички суроо-талаптын өсүшү. Аны ысык аба ырайы, калктын санынын көбөйүшү, ошондой эле экономиканын өнүгүшү курчутат. Өзүбүздүн кубаттуулуктар бул муктаждыктарды азыр жаба албай калды. Андан тышкары, эски инфраструктура жоготууларга алып келет. Электр энергияга эң көп керектелген айларда анын 45 пайызга чейинкиси эскилиги жеткен электр берүү линияларынан улам жөн эле коромжуга учурайт. 

Өлкөдө жаңы ири объектилер пайда болгондо абал өзгөрүшү мүмкүн. Мисалы, Камбарата ГЭС-1. Андан тышкары, жайында башка өлкөлөргө электр энергиясын жеткирүүнү жана кышында кайра импорттоону караган CASA-1000 эл аралык долбоорунун ишке кириши күтүлүүдө. Азырынча бул демилгелер аяктаганга чейин Кыргызстан кошуналардын жардамына таянууга аргасыз. Мындай кадам алсыздыктан эмес, энергетикалык тең салмактуулукту сактоо зарылчылыгынан улам келип чыгууда.

Мындай чара кризистик эмес, башкаруу чарасы. Ал маал-маалы менен өчүрүүлөрдөн качууга жана өтө маанилүү инфраструктуранын ишин колдоого мүмкүндүк берет. Азыркы учурда эң негизгиси – генерацияны көбөйтүү гана эмес, бүт системаны модернизациялоо. Анткени энергетика үчүн көлөм гана эмес, эффективдүү бөлүштүрүү жана ишенимдүү берүү маанилүү. Ошондо гана электр энергиясы жылдын кайсы мезгили болбосун жана аба ырайынын шарттарына карабастан, өлкөнүн ар бир жашоочусуна жеткиликтүү болот.

Кылыч Куталиев
Кылыч Куталиев Бизнес-ментор, iSistant (AI e-commerce кредиттөө платформасы) компаниясынын негиздөөчүсү