15 сентябрь

Кыргызстан менен Россиянын өнөктөштүгүн көп жылдык кызматташуу гана эмес, геосаясий кырдаал да аныктайт

Беш жылдан азыраак убакытта  биз акыркы 30 жылдан бери байкап жүргөн дүйнөдөгү жаңы геосаясий үлгүнү калыптандыруу процессин түп тамырынан өзгөрткөн эки окуя орун алды. 

 Тактап айтканда, Советтер Союзунун урашынан кийинки жана буга чейин дээрлик жарым кылым, Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынан бери иштеген эл аралык мамилелердин эки полярлуу системасын. 

Өткөн кылымдын 90-жылдарынан тартып, дүйнө бир заматта ири капиталисттик айылга айланганда, биз жаңы процесстин талаасы -глобалдаштырууда өзүбүздүн эгемендүүлүгүбүздү курдук. 

Бирок 2020-жылы глобалдаштыруу процессине терс таасирин тийгизген коронавирус пандемиясы башталып, калыптанып калган логистикалык байланыштарды, жеткирүү чынжырчасын үзүп, дүйнөнүн экономикалык кырдаалын толугу менен өзгөрттү. 

Акыркы жылдардын дүйнөнү өзгөрткөн экинчи окуясы – Россиянын Украинага кирүүсү жана аны коштогон Батыштын экономикалык санкциялары, ошондой эле айрым Азия өлкөлөрүнүн Россия Федерациясына болгон мамилеси. Ал эми Кремлди изоляциялоого багытталган санкциялык чаралар уланууда. 

Бул эки тарыхый окуя коңшу өлкөлөрдүн, аймактык уюмдардын ролун, деги эле мамлекеттердин бири биринен көз каранды экенин актуалдаштырды. 

Мындай геосаясий кырдаалдын фонунда Кыргызстан менен Россиянын көп жылдык стратегиялык өнөктөштүгү бар. Аны экономикалык, аскердик, социалдык-маданий мүнөздөгү аймактык уюмдарга биргелешкен катышуусу бекемдеп келатат. Биз биринчи кезекте ЕАЭБ жана ЖККУ тууралуу айтып жатабыз. 

Андан тышкары, бизде ЕАЭБ жана ЖККУ аянтчаларында көтөрүлгөн миграция, коопсуздук боюнча жалпы маселелери бар. 

Бул факторлор сөзсүз түрдө биздин өлкөлөрдүн дагы да тыгыз байланышын шарттоочу бутактарды аныктайт, биргелешкен долбоорлорду кеңейтет.

Бакытбек Жумагулов
Бакытбек Жумагулов Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору, саясат талдоочу