12 март

Тегерандын алсырашынан ким утат? 

Ирандын айланасындагы кырдаал күн сайын курчуп баратат. Тегерандын алсырашынан ким пайда табат деген суроо туулат. 

Кыска мөөнөттө кырдаалдан эң көп пайданы Израиль көрүшү мүмкүн. Тель-Авивде Иран жана анын союздаш түзүмдөрү канчалык алсыз болсо, Израилдин коопсуздугуна ошончолук аз коркунуч туулат деп эсептешет. 

Бирок дагы бир маанилүү оюнчу бар – Түркия. Анкара аскердик жана саясий потенциалын активдүү түрдө күчөтүп жатат. Түркия НАТОдогу экинчи чоң армияга ээ, болжол менен 450 миң аскер кызматкери бар жана өзүнүн аскердик-өнөр жай комплексин активдүү өнүктүрүүдө. 

Акыркы жылдары Түркия Сирияда, Иракта, Ливияда жана Түштүк Кавказда аскердик катышуусун кеңейтти. Эгерде Ирандын таасири азайса, Анкара Жакынкы Чыгыштагы саясий жана экономикалык таасирин күчөтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөргө ээ болот.

Эгерде Иран олуттуу түрдө алсырайт деп болжолдосок, анда аймактык системанын чокусунда эң күчтүү эки күч борбору – Израиль жана Түркия калышы мүмкүн. 

Израиль аймактагы технологиялык жактан эң өнүккөн армияга жана эксперттердин баамында, Жакынкы Чыгыштагы жалгыз өзөктүк арсеналга ээ. Анын аскердик бюджети жылына 24 миллиард доллардан ашат. 

Түркия болсо ири куралдуу күчтөргө жана тез өсүп жаткан коргонуу секторуна ээ. 

Мындай кырдаалда дал ушул эки өлкө Жакынкы Чыгыштагы күчтөрдүн мындан аркы конфигурациясын аныкташы мүмкүн. 

Ошондуктан, азыркы кризис жөн гана локалдык конфликт эмес, аймактагы таасирдин масштабдуу кайра бөлүштүрүлүшүнүн башталышы болуп саналат. 

Ушул жерден болуп жаткан окуялар Борбор Азия өлкөлөрүнө кандай таасирин тийгизет деген суроо туулат. Борбор Азияга түздөн-түз аскердик таасир этүү ыктымалдыгы аз. Бирок кесепеттери абдан сезилерлик болот.

Биринчи фактор энергетикага байланыштуу. Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк мунай соодасынын 20 пайызы өтөт. Бул аймактагы ар кандай олуттуу чыңалуу дүйнөлүк энергетикалык баалардын өсүшүнө алып келет. Кыргызстан үчүн бул күйүүчү майдын кымбатташын, транспорттук чыгымдардын көбөйүшүн жана көптөгөн товарлардын баасынын өсүшүн билдирет. 

Экинчи фактор - логистика. Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Иран Перс булуңунун портторуна, биринчи кезекте Бендер-Аббас жана Чабахар портторуна маанилүү жол бойдон калууда. Эгерде Ирандын айланасында абал туруксуз болуп кетсе, анда жүк агымынын бир бөлүгү Каспий, Кавказ жана Түркия аркылуу альтернативдүү каттамдарга өтүшү мүмкүн. Бул "Ортоңку коридор" деп аталат. Мындай кырдаалда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу дагы тездеши мүмкүн.

Үчүнчү фактор коопсуздукка тиешелүү. Адатта Жакынкы Чыгыштагы ири конфликттер радикалдуу диний кыймылдардын жана пропаганданын күчөшү менен коштолот. Ошондуктан, Борбор Азия өлкөлөрүнүн атайын кызматтары мындай процесстердин аймакка тийгизчү таасирин кылдаттык менен көзөмөлдөөгө аргасыз болушат. 

Төртүнчү фактор геосаясатка байланыштуу. Эгерде Ирандын таасири азайса, аймактагы бош калган мейкиндикти башка оюнчулар ээлейт. Биринчи кезекте Түркия, ал Борбор Азияда экономикалык, билим берүү жана аскердик-саясий долбоорлорду активдүү өнүктүрүүдө. 

Бешинчи аспект - маданий. Мисалы, Тажикстан үчүн Иран перс маданий салтынын маанилүү борбору болуп саналат. Тажик тили перс тилинин бир формасы. Ирандын алсырашы анын гуманитардык таасиринин кыскарышына жана бул тармакта башка мамлекеттердин активдүүлүгүнүн күчөшүнө алып келиши мүмкүн.

Борбор Азия үчүн бул конфликт согуштук аракеттер эмес, экономика жана аймактык күчтөрдүн тең салмактуулугунун өзгөрүшү аркылуу сезилет. Күйүүчү майдын кымбатташы, соода жолдорунун кайра курулушу жана тышкы таасирдин күчөшү аймак үчүн негизги кесепеттерге айланышы ыктымал. 

Иран 92 миллиондон ашык калкы бар ири мамлекет бойдон калууда жана алдыңкы энергетикалык державалардын катарына кирет. Өлкө дүйнөдөгү такталган жаратылыш газынын жана мунай запастарынын көлөмү боюнча үчүнчү орунда турат, ошол эле учурда өнүккөн ракеталык программага ээ. Бирок бүгүнкү күндө ал олуттуу тышкы кысымга кабылууда. 

Тегеран өз позициясын сактап кала алабы же жокпу, бул Жакынкы Чыгыштагы күчтөрдүн келечектеги тең салмактуулугу гана эмес, Евразиянын геосаясий картасы кандай өзгөрөт жана Азия менен Европанын ортосундагы соода кандай жолдор менен жүрөт, көп жагынан ошого да байланыштуу болот. Ошол эле учурда, узак мөөнөттүү келечекте Иран тышкы кысымга ыңгайлашып, экономикалык жана саясий байланыштарын кайра кура алса, бул кырдаалдан күчтүү позициялар менен чыга аларын да жокко чыгарууга болбойт.

Кайрат Телеушев
Кайрат Телеушев саясат таануучу, "Гуров жана өнөктөштөр - Борбордук Азия" PR-компаниясынын башкы директору