Иран, Израиль жана дүйнөлүк державалар: Жакынкы Чыгышта жаңы кризис кантип пайда болууда
Ирандын айланасындагы абал күн сайын курчуп баратат. Сириядагы ирандык объектилерге сокку уруу, Ливандагы кырдаалдын курчушу, Ормуз кысыгындагы кемелер менен болгон окуялар жана өзөктүк программанын айланасындагы тынымсыз талаш-тартыштар Жакынкы Чыгыш кайрадан ири кризиске жакындап келе жатканын көрсөтүп турат.
Мен болуп жаткан окуяларды "жабырлануучу же агрессор" деген моралдык схема эмес, эл аралык саясаттын логикасы аркылуу кароону сунуштайт элем.
Эл аралык мамилелерде мамлекеттер биринчи кезекте өз кызыкчылыктарына таянып иш алып барышат. Бул моделди Моргентау жана Миршаймер сыяктуу саясий реализмдин классиктери сүрөттөп беришкен. Бирдиктүү улуттук бийлик жок дүйнөдө ар бир мамлекет өз позициясын бекемдөөгө умтулат, анткени коопсуздукка эч ким кепилдик бере албайт. Эгерде Жакынкы Чыгышты ушул көз караш менен карасак, анда Иранды тышкы кысымдын объектиси катары гана кабыл алууга болбой турганы айкын болот. Кеп ондогон жылдар бою өзүнүн таасир этүү системасын түзүп келе жаткан мамлекет жөнүндө болуп жатат.
Бул конфигурацияда башка ири державалар да маанилүү роль ойнойт. Россия Жакынкы Чыгышта өзүнүн аскердик жана саясий катышуусун сактап калууга умтулат жана Ирандын союздашы бойдон калууда.
Кытай Иран мунайынын туруктуу жеткирүүлөрүнө жана "Бир алкак – бир жол" демилгесинин алкагында инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүүгө кызыкдар, Тегеран менен кызматташууну стратегиялык деп эсептейт.
Ошол эле учурда Германия, Франция жана Улуу Британия сыяктуу ири европалык мамлекеттер Дональд Трамптын катаал саясатын эске алууга аргасыз.
Эгерде биз Ирандын стратегиясы жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда ал конкреттүү фактыларда жакшы көрүнүп турат. 2003-жылы Саддам Хусейн кулатылгандан кийин Иран Ирактагы позициясын кыйла күчөтүп, шиит саясий партияларын жана куралдуу түзүмдөрдү колдогон.
Сирияда согуштун алгачкы жылдарынан тартып Тегеран Башар Асаддын негизги союздашы болуп калды. Ирандын каржылык колдоосу жана аскердик кеңешчилери болбосо, Сириянын жетекчилиги алда канча оор абалда калмак.
Андан тышкары, Иран ондогон жылдар бою Ливандын "Хезболласын" колдоп келет. Тегеран ошондой эле Газа секторундагы ХАМАС менен кызматташып, Йемендеги хуситтер кыймылына колдоо көрсөтүүдө.
Аналитикалык изилдөөлөрдө бул союздаштар тармагы "каршылык көрсөтүү огу" деп аталат. Бул Иран жеке таасирин кеңейтип, өз аймагынан тышкары жерлерде атаандаштарын ооздуктоочу союздаш күчтөрдүн системасы.
Бирок Жакынкы Чыгыш бир нече ири державалардын: Ирандын, Израилдин, Түркиянын жана Сауд Арабиясынын кызыкчылыктары кагылышкан аймак бойдон калууда. Кошмо Штаттар дагы аймакта олуттуу аскердик катышуусун сактап турат. Жакынкы Чыгыштын кеминде 19 жеринде ондогон туруктуу жана убактылуу базалар, ошондой эле 40 миңге жакын аскер кызматкери жайгашкан. Алардын сегизи Бахрейнде, Египетте, Иракта, Иорданияда, Кувейтте, Катарда, Сауд Арабиясында жана Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан туруктуу базалар.
Мындай системада күчтөрдүн тең салмактуулугунун логикасы иштейт. Бир өлкө күчөгөндө, башка мамлекеттер муну коркунуч катары кабыл алып, анын мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө аракет кылышат. Израиль Ирандын өзөктүк программасын өтө коркунуч катары карайт. МАГАТЭнин маалыматы боюнча, Иран 60%га чейин байытылган 120 килограммдан ашык уранды топтоду, бул өлкөнү өзөктүк курал жасоо босогосуна жакындатууда.
