15 август

GENIUS Act: стейблкоиндор жана криптоиндустрия үчүн жаңы эрежелер

АКШ президенти Дональд Трамп тарыхта биринчи жолу өлкөдө стейблкоиндерди жөнгө салуу боюнча федералдык мыйзамга кол койду, ал GENIUS Act деп аталат. Кол коюу аземи 18-июлда Ак үйдө өттү. Мамлекет башчысы бул кадамды "интернет пайда болгондон берки каржы технологияларындагы эң чоң революция" деп атап, мыйзам доллар менен камсыздалган стейблкоиндердин зор потенциалын ишке ашыруу үчүн так нормативдик базаны түзөрүн баса белгиледи.

GENIUS Act мыйзамына кол коюу Америка бул маселеге чекит койгонун билдирет: Дональд Трамптын келиши менен штаттар криптовалюта индустриясынын борборуна айланат жана Америка чындап эле крипто тармагынын өзөгү болуп калат.

АКШ жөнгө салууну стейблкоиндерден баштады. Стейблкоин деген эмне? Бул долларга байланган катуу, туруктуу монета, башкача айтканда, бардык туруктуу монеталар долларга "байланган". Биткоинди жөнгө салуу мүмкүн эмес. Көптөгөн адамдар криптоиндустрияда чоң акча табышат, болгондо да кирешенин көбүнө салык салынбайт — баары жашыруун түрдө болот. Ал эми мамлекетке салык керек, ошондуктан алар криптовалютадан акча тапкандарга салык салуу үчүн мыйзам киргизип жатышат. Бул жөнгө салууну каалаган банктарга жана бийликке тармакты ачык-айкын жана түшүнүктүү кылат. Эгер процессти токтотуу мүмкүн болбосо, аны жетектөө керек. Америка ушинтип чечти: токтотуу мүмкүн эмес, демек, салык алуу үчүн жөнгө салуу керек.

Стейблкоиндердин аркасында доллардын дүйнөлүк каржы экономикасына тийгизген таасири күчөйт, анткени бардык стейблкоиндер долларга байланган. Мунун эсебинен доллардын эл аралык таасири өсүүдө. Стейблкоиндер чек ара аркылуу которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет жана көптөгөн америкалык банктар өз позицияларын жоготуп жатканына тынчсызданып, өздөрүнүн стейблкоиндерин киргизүүнү каалашууда. Дүйнө криптобанктарга өтүп, таасир криптовалюталарга карай жылып баратат.

Кыргызстан дагы бул багытта жылып жатат. Бизде өзүбүздүн стейблкоин жөнүндө мыйзам иштелип жатат. Менимче, бул экономикага жакшы таасир этет. Чанпэн Чжао криптовалюта жаатында биздин Президенттин расмий кеңешчиси болуп саналат. Биздин саясат заманбап талаптарга жооп берет жана бул экономикага да, жалпы өлкөгө да оң таасирин тийгизет.

Эл аралык бизнес менен алектенген адамдар акча которууда кыйынчылыктарга туш болушат. Алардын көбү стейблкоиндерди, мисалы USDTди колдонуп жатышат. Банк системасынын ыңгайсыздыгынан жана Россияга каршы санкциялардан улам (биздин ишкерлер Россия жана Кытай менен активдүү соода кылышат) алар которууларды USDT аркылуу жүргүзүшөт. Түшүнгөндөр буга чейин эле ушул жакка багыт алышкан. Өнүгүү азырынча тездик менен болбосо да, жүрүп жатат. Бул тоноочу комиссияларсыз жана жөнгө салуучулардын кысымысыз ишке ашкан ыңгайлуу которуулар. Ошондуктан, адамдар санкцияларды четтеп өтүп, стейблкоинге келип жатышат.

Бизде криптобанктар жөнүндө мыйзам киргизилип, криптобиржа ачылды. Банк системасы инерттүү бойдон калууда. Эгерде банктар болуп жаткан окуяларга көңүл бурбаса жана аракет кыла баштабаса, алар жок болуп кетиши мүмкүн. ChatGPTден 2030-жылга чейинки банктардын келечеги жөнүндө сурап көрсөңүз, баары криптога өтөөрү айтылат. Яндекс.Таксинин мисалын караңыз — мурда көп такси фирмалары бар болчу, азыр бир монополия калды. Же MБАНК — тиркеме аркылуу адамдарга кызматтарга толук мүмкүнчүлүк берген необанк. Бул Кыргызстандагы эң кичинекей банктардын бири болчу, бирок биринчилерден болуп санарип форматка өтүп, өстү.

Кыргызстан сөзсүз түрдө криптовалюталарды жөнгө салышы керек. БАЭнин, Дубайдын, АКШнын тажрыйбасы бар. Президентибиз мыкты адистердин бири Чанпэн Чжаону кеңешчиси болууга чакырды, анын шарапаты менен бул тармакта сапаттуу мыйзамдар пайда болот.

Келечектүү криптовалюталарды капиталдаштыруу кандай бааланып жатканын эң ири платформа болгон CoinMarketCap сайтынан байкоого болот. Тобокели эң аз болгон алдыңкы ондуктагы криптовалюталарды тандоо – ишенимдүү. Аны менен 3–5 жылдын ичинде капиталды эки эсеге көбөйтүүгө мүмкүн. Тобокелдүүрөөк долбоорлорду деле тандоого болот, бирок конкреттүү криптовалютанын маңызын жана анын пайдасын түшүнүү керек. Ким тобокелчиликтен корксо, лидерлерге инвестиция салсын, ошондо сөзсүз киреше табат.

Таласбек Акылбеков