26 октябрь

Борбор Азия боюнча биргелешкен турлар аркылуу Кыргызстандын туристтик мезгилин узартууга болот

Мен борбор Азияны «бир саякат – бир нече өлкө» принциби менен жайылтуу идеясы Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү деп эсептейм. Азыркы учурда чөлкөмдүн бир нече өлкөсүн бир сапарында көрүүгө умтулган чет өлкөлүк туристтер көбөйүүдө. Ага себептердин бири  – Европадан, Австралиядан жана башка алыскы өлкөлөрдөн учуп келүүдө жол киренин кымбат болушу. Эгер адам жолго көп акча коротсо, анда бир сапарында мүмкүн болушунча көп нерсени көрүүгө кызыкдар болот.

Мында Борбор Азия өлкөлөрү бири-бири менен түз  атаандашпайт, тескерисинче, бири-бирин жакшы толукташат. Кыргызстан тоолору, көлдөрү, капчыгайлары жана көчмөн маданияты менен кызыктуу, Өзбекстан жана Түркмөнстан – тарыхый жана архитектуралык мурастары, Тажикстан – таптакыр башка, аскалуу тоо ландшафттары менен кызыктуу. Мунун шарапатында турист ар түрдүү каттам алып, ар кандай маданияттар, салттар жана туризм түрлөрү менен таанышат.

Кыргызстан үчүн мезгилдүүлүк маселеси өзгөчө маанилүү. Өзбекстанда жана Түркмөнстанда туристтик сезондун туу чокусу жазында жана күзүндө болот, ал эми бизде коноктордун агымы бир топ төмөн. Бул мезгилде Ысык-Көлдөгү мейманканалар жана аймактардагы конок үйлөрү дээрлик бош болуп калат. Эгер Улуу Жибек Жолу боюнча бириктирилген маршруттарды активдүү өнүктүрсөк, туристтердин бир бөлүгүн жазында жана күзүндө Кыргызстанга тарта алабыз. Бул мейманканалардын кошумча жүктөлүшүнө, гиддердин жана айдоочулардын, ресторандардын, сувенирлерди чыгаргандардын жана саткандардын иши үзгүлтүксүз уланышына өбөлгө түзөт.

Мындай каттамдарды Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан аркылуу түзүүгө болот. Мисалы, турист Алматыга учуп келип, андан кийин Кордай аркылуу Бишкекке барышы же Кеген аркылуу Караколду көздөй жөнөшү мүмкүн. Кыргызстандан кийин каттамды Ташкент  же Ош аркылуу Тажикстанга улантууга болот. Так схема сапардын узактыгына жана туристтин кызыкчылыктарына жараша түзүлөт.

Бирок биз жайкы туризм менен гана чектелбешибиз маанилүү. Кыргызстан жыл бою кызыктуу, бирок чет элдиктер бул тууралуу азырынча жетиштүү билишпейт. Өлкөбүз интернетте кандай чагылдырылып жатканын карасак, сүрөттөрдүн көбү жашыл жайлоолор, боз үйлөр, Ысык-Көл жана жайкы пейзаждар. Кышкы Кыргызстандын көрүнүшү аз чагылдырылган.

Кышында дагы толук кандуу экскурсиялык турларды уюштурса болот. Ооба, бул учурда айрым каттамдар, мисалы, Соң-Көл же Кел-Суу жеткиликтүү эмес, бирок Ысык-Көлдүн айланасында, Чоң-Кемин, Чолпон-Ата, капчыгайлар, көлдүн түштүк жээги, Нарын жана Таш-Рабатты кыдырууга мүмкүн. Туристтер маданият жана салттар менен таанышып, фольклордук программаларды көрүп, кийиз килемдерди жасоо боюнча мастер-класстарга катышып, улуттук ашкананы үйрөнүп, салттуу тамактарды өздөрү бышыра алышат.

Биз үчүн туристтердин санын көбөйтүү эле эмес, тармакты жыл бою туруктуу кылуу маанилүү. Жай айларында гана иштөөгө мүмкүнчүлүк алган гиддер менен айдоочулар кесибинде калуудан кыйналышат. Жазгы, күзгү жана кышкы турлар пайда болсо, адистер жылдын көпчүлүк бөлүгүндө киреше таап, квалификациясын жогорулатып, саякаттарга жакшы даярданып, унааларды оңдоп, автопаркты жаңырта алышат.

Ошондуктан Борбор Азияны бирдиктүү туристтик аймак катары жайылтуунун Кыргызстан үчүн негизги натыйжасы – туристтик сезонду бир топ узартуу мүмкүнчүлүгү. Биргелешкен маршруттар көбүрөөк конокторду алып келип, мейманканалардын толушун жогорулатып, бардык туристтик бизнестин ишин көбөйтүшү мүмкүн. Эгерде аймактын өлкөлөрү бири-бирине атаандаш болбостон, бири-бирин толуктап турса, баары утушка ээ болот.

Сергей Глуховеров
«Трэвел Экспертс» туристтик компаниясынын негиздөөчүсү, КАТОнун башкармалыгынын мүчөсү