АКШ Иранды бомбаласа, анын кесепети бүтүндөй Түштүк Азия аймагына тиет
Акыркы кезде Иран менен АКШнын ортосундагы чыңалуу курчуп, согуш чыгып кетүү да коркунучу жаралууда. Бирок эки өлкө ядролук жана башка келишимдерге жетишпей, кырдаал согуштук жол менен чечилсе, анда анын кесепети Борбор Азия өлкөлөрү үчүн кандай болот? “Евразия Бүгүн” маалымат агенттиги бул суроого жооп алуу үчүн эксперттерге кайрылды:
АКШ жакынкы күндөрү Иранга сокку урат деген сөздөргө мен мындай деп айтат элем, мындай сөздөр көптөн бери дүйнөлүк маалымат булактарына чыгып жатат. Америка тарап да сокку уруу боюнча маалыматтарды таратып жатышат. Эки мамлекеттин ортосундагы чыңалуунун болушу жана кесепети Борбор Азия өлкөлөрү үчүн сөзсүз болт. Себеби Борбор Азия мамлекеттери менен Ирандын ортосундагы байланыштар соода, логистикалык, транзиттик жагынан караганда, экономикалык таасири тийиши мүмкүн. Себеби дегенде Түркмөнстан, Борбор Азиянын башка мамлекеттери соода жүгүртүүнү Ирандын порттору аркылуу жүргүзүп келет.
Андан тышкары экинчи маселе, бул эгерде ошондой окуя боло турган болсо, Ирандан көзөмөлгө алынбаган миграция болуп кетиши мүмкүн, Борбор Азия мамлекеттерине. Анын ичинде ар кандай террордук уюмдар да колдонуп кетиши мүмкүн деп эсептеймин. Ошол себептен Борбор Азиядагы ар бир мамлекеттин кызыкчылыгы ошол региондогу стабилдүүлүк өтө маанилүү. Себеби ошол эле учурда бул согуштун кесепеттери Түштүк Азия мамлекеттерине да тийиши мүмкүн. Себеби бул мамлекеттердин да Иран менен соода, экономикалык, маданий, гуманитардык карым-катнашы бекем.
Ошол себептен ар бир Борбор Азия мамлекети маселени тынчтык, дипломатиялык жол менен чечүү сунушун билдирет деп ойлоймун. Бул улуттук кызыкчылыктын негизинде келип чыгат. Албетте, бул маселе деле БУУнун Коопсуздук Кеңешинде каралышы керек. Себеби бул жагдай өтө орчундуу маселе болуп турбайбы.
Андан тышкары акыркы күндөрү айрым Борбор Азия мамлекеттеринин Трамптын чакыруусу менен АКШга барышты. Менимче алар деле Трамп менен жолугушууда өздөрүнүн позициясын билдирди деп ойлоймун.
Албетте, биз Кыргызстан дипломатиялык жолдор аркылуу бул маселени чечүүнүн зарылчылыгын билдиришибиз керек. Себеби биздин деле Иран менен логистикалык, экономикалык кызыкчылыктарыбыз бар. Акыркы кезде Тажикстандын Иран боюнча билдирүүсүн билем, андан тышкары деле Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин расмий эки тараптуу билдирүүлөрү болду окшойт.
