Кыргызстанда жыл аягына чейин 36 кайра иштетүү ишканасы ачылат
Кайра иштетүү өнөр жай тармагы мамлекеттин экономикалык жана социалдык маселелерин чечүүдө чоң салымын кошуп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев министрлик тарабынан уюштурулган"Агроөнөр жай тармагынын приоритеттүү секторлоруна инвестицияларды тартуу” боюнча форумунда билдирди.
“Жыл сайын кайра иштетүү өнөр жай тармагында жаңы ишканалар ишке берилип, жаңы жумушчу орундар түзүлүп жатат. Бүгүн, өлкөдө 11 миңден ашуун ар кандай көлөмдөгү кайра иштетүү ишканалары иштеп жатат. 2025-жылга экспорттук инфраструктура жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндөгү жаңы 63 ишкана пландаштырылган, анын ичинен – 27 ишкана ачылды, 36 ишкана жылдын аягына чейин ачылат”, - деп билдирди Бакыт Төрөбаев форумдун жүрүшүндө.
