Аламүдүн районунда 11 миң тоннадан ашуун капуста жыйналды
Быйыл Аламүдүн районунда жалпы 603 гектар жерге ар түрдүү капуста түрлөрү тигилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, орточо түшүмдүүлүк гектарына 18–19 тонна түзүүдө.
Бүгүнкү күндө 210 гектардан 3 780 тонна капуста жыйналып, кеч бышчу капустаны терүү иштери дагы жүрүп жатат. Жыйналган продукциялар ички рынокко сатууга чыгарылууда.
Алардын арасында А.Сыдыков айыл аймагынын дыйканы Темиров Намазбек да өз салымын кошуп, 5 гектар жерге ар түрдүү капуста сортторун өстүрүүдө. Ал төмөнкү сортторду айдаган:
«Бухарест» ак капустасы – түшүмдүүлүгү жогору жана сактоого чыдамкай;
«Билко» пекин капустасы – эрте бышат жана базарда суроо-талап жогору;
Брокколи (түстүү капуста) – пайдалуу жана экспортко багытталган;
Босай капустасы – суукка чыдамдуу, сапаты жана даамы менен айырмаланат.
Министрликтин мындай колдоосу дыйкандардын эмгегин баалоого, айыл чарба өндүрүшүн жогорулатууга жана жергиликтүү азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө өбөлгө болууда.
