Улуттук банк валюта рыногуна $81,5 млн сатты
Кыргызстандын Улуттук банкы 15-сентябрда ички валюта рыногуна жалпысынан 81,5 млн доллар сатты.
Финансылык жөнгө салуучу органдын расмий сайтында маалымдалгандай, бул сумманын 53 млн доллары бүтүм түзүлгөн күнгө карата эсептешүү менен, ал эми 28,5 млн доллары башка күнгө карата эсептешүү менен сатылган.
Бул 2025-жылдын башынан бери жөнгө салуучу органдын төртүнчү валюталык интервенциясы. Буга чейин Улуттук банк улуттук валютанын курсун турукташтыруу максатында бир нече жолу доллар саткан.
