Кыргызстандагы эң арзан жана эң кымбат нандар кайда?
24-июлга карата Кыргызстанда тандыр нандын орточо баасы 1 килограммы үчүн 104,5 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматы күбөлөндүрөт.
Эң арзан тандыр нан Кара-Балтада сатылган – орточо 1 килограммы 82,1 сом болгон. Манас районунун Семетей айылында баа 86,2 сомду, Караколдо 89,9 сомду түзгөн.
Токтогулда тандыр нандын 1 килограммы орточо 96,4 сом, Чаекте – 96,8 сом, Ошто – 98,1 сом, Таласта – 100 сом болгон.
Эң жогорку баалар Балыкчыда – 130,3 сом, Нарында – 128,5 сом катталган. Баткенде тандыр нан 121,7 сомдон, Кара-Сууда – 120,5 сомдон, Ноокатта – 117,1 сомдон сатылган.
Бишкекте тандыр нандын орточо баасы 1 килограммы үчүн 105,9 сомду түзгөн.
Эң жогорку жана эң төмөнкү баанын айырмасы 48 сомдон ашкан. Ал эми июнь айындагы орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу республика боюнча тандыр нандын баасы дээрлик өзгөргөн жок.
