Кыргызстан «ИННОПРОМ» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышууда
Екатеринбург шаарында 7-июлда "ИННОПРОМ" эл аралык өнөр жай көргөзмөсү өз ишин баштады, ага КМШ, Азия жана Африканын 50дөн ашык мамлекети катышууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.
Бул жылы өнөктөш өлкө Сауд Аравиясы болуп саналат.
Көргөзмөнүн ишине экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы катышууда.
Кыргыз Республикасынын Улуттук павильону Свердлов облусунун жана жалпысынан Россия Федерациясынын кызыкдар өнөр жай, курулуш ишканалары жана ишкер чөйрөлөрү үчүн сунушталган өнөр жай, курулуш жана башка продукциялардын кеңири спектри менен көрсөтүлгөн.
17 кыргыз компаниясы үй буюмдарын, радиаторлорду, каптоочу таштарды, керамикалык плиталарды, ысытуучу лампаларды, айнек, самын жуучу буюмдарды, жасалгалоочу материалдарды, жүк ташуучу мотоциклдерди, желдетүү системаларын жана спорттук кийимдерди сунуштайт.
Көргөзмө 10-июлга чейин уланат.
